«Ак шумкарлар» күткөн жеңиш

Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин жеңишке кубанып жаткан чагы. 

10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти.

«Ак шумкарлар» оюн алдында. 

Мьянманын курама командасы.

Кыргызстан менен Мьянманын курама командаларынын оюнун көрүш үчүн 13 миңден ашык көрүүчү келген. 

Биринчи эки голду оюндун онунчу мүнөтүнө чейин эле Эдгард Бернхардт киргизди.

Үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров тепти. 

«Ак шумкарлардын» күйөрманы.

Виталий Люкс майданга оюндун экинчи бөлүгүндө чыкты.

Күйөрмандар беттешке өзгөчө даярдыкта келишкен. Айрымдары беттерине сүрөт тартып, кээ бири ыр ырдап, стадионду көрккө бөлөштү. 

Стадиондон «ак шумкарлардын» эң кичинекей күйөрмандарын көрүүгө болот. 

Эдгард Бернхардттын пенальти тээп жаткан учуру. Ал оюндун акыркы мүнөтүндө пенальтиден гол киргизип, бир оюнда үч гол киргизген футболчу болду. 

Күйөрмандардын кубанычында чек жок. 

18 жаштагы Гүлжигит Алыкулов - Кыргызстандын курама командасындагы жаш оюнчулардын бири. Бүгүнкү беттеште ал бир гол киргизди. 

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат.

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасын 7:0 эсеби менен утуп, тандоо оюндарында алгачкы үч упайга ээ болушту.