ӨКМди өрттө өксүткөн техника

Алмалуу коругунда чыккан өрт. Талас. 7-август, 2018-жыл

Бүгүн, 9-август таңга жуук Бишкектеги Ош базарынын жанында жайгашкан мурдагы эт комбинатынын имаратында өрт чыгып, беш миң чарчы метрди каптады. Өрт өчүрүүчүлөр аны кечке жуук гана өчүрүп бүттү. Ал эми Таластын Манас районунун аймагында корукту каптаган тилсиз жоо 11 күн дегенде араң басылды. Өрткө туруштук берүүгө кыргыз өкмөтүнүн өрт өчүрүү кызматы даярбы жана анын мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү?

9-августта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан эт-консерва комбинатында өрт чыкты. Ага эсептеги техника жана 30 өрт өчүргүч тартылды, бирок өрттү өчүрүү бир күн кечке созулду.

Ушул жылдын жаз айларында да ушул эт комбинатына жанаша жайгашкан Ош базарынын айрым бөлүктөрүндө өрт чыгып, баасы миллиондогон товар күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өрттү өчүрүү жана алдын алуу боюнча башкармалыгынын кызматкери Аманбай Курманалиев Бишкек шаары боюнча бир эле өрт өчүргүч автокран бар экенин айтты.

Бишкек. 9-август

- Азыр эми чындыгында шаарыбыз өсүп, өнүгүп жатат. Автоунаалар көбөйгөн. Өрткө чакырылган учурда көбүнчө автоунаалардын тыгынында калып калган учурлар болуп калат. Убакыттан уттуруп коебуз. Ал эми бийик салынып жаткан кабаттуу үйлөргө бизде бир эле автокраныбыз бар. Азыркы учурда бизде 20 кабаттуу үйлөр салына баштады. Чынын айтканда, биздин техника ага жетпейт.

Ошентип тиешелүү кызматтын өкүлдөрү өз техникасынын чама-чаркын моюнуна алып жаткан кезде баш калаадагы көп батирлүү үйлөр жайнап курулуп жатат.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкы инспектору Жумгал Асановдун айтымында, мындай имараттарды курууга бир нече мамлекеттик мекемелер уруксат жазып берет.

Өрт чыккан эт комбинаты, Бишкек. 9-август.

- Үй кургандар биринчи ирет Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгына келет. Алар Санэпидемстанцияга, өрт өчүргүчтөргө, “Чыгыш электрге” "өзүңөрдүн тармагыңар боюнча талаптарды жазып бергиле" деп кагаз жиберет. Андан кийин уруксат кагазы берилет. Анда талаптардын баары камтылган болот. Кийин үйдүн долбоорун чийген адам талаптардын баарын камтып, даяр долбоорду текшерүүгө жөнөтөт. Эгер талаптардын баары камтылса, анан барып Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгы курууга уруксат берет.

Жумгал Асанов көбүнчө өрт коопсуздугуна базарлардагы ишкерлер кайдыгер мамиле кылып жатканын кошумчалап, өрт чыккан учурда базардын ичине техника кире албай турганын кошумчалады.

Айрым эксперттердин айтымында, Кыргызстанда өрт коопсуздугу сакталбаганына байланыштуу кылмыш иштери кеч козголот. Ал эми коопсуздук талаптарына жооп бербеген имараттарды курууга уруксат бергендер жазасыз калууда. Курулуп жаткан имараттар боюнча маселенин өзү да чечилбеген бойдон калет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги эт комбинатында өрт чыкты

Былтыр Кыргызстанда төрт миңге жакын өрт катталып, анда 50 киши каза тапкан. Алардын басымдуу бөлүгү турак жайларда орун алган. Ар бир төртүнчү окуяга электр шаймандарын туура эмес пайдалануу себеп болот.

Чоң өрттү өчүрүүгө ӨКМдин техникалык каражаттары жетишсиз экенин Таластын тоолуу аймагында чыккан өрттү өчүрүү убагында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов да моюнуна алган:

- Тоолуу аймактарга чыга турган машинелерибиз, тик учагыбыз да жок. Күйгөндө суу жакын болсо атайын жабдыктарды колдонобуз, жок болсо кол менен ташып өчүрөбүз.

Таластын Манас районундагы Жайылган айылынын талааларын каптаган өрт 11 күн дегенде, 7-август күнү кечке жуук өчкөн. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 233 өрт өчүргүчтөн тышкары жергиликтүү эл да көмөктөшкөн.

Талас: Алмалууну жалмаган өрт

Өткөн жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы күрөш агенттигине тик учак жана башка керектүү жабдууларды алууга аракет көрүлүп, Кытайдан техника сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы буга чейин кабарланган. Бирок анын жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз.

2016-жылы 13-августта Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү кыйынчылык жараткан. Өрт бийик тоодо болгондуктан, ага адам жетпей, 120 гектардан ашык кургак чөп жана бадалдар күйүп кеткен. Натыйжада Казакстандан МИ-26 тик учагы жардамга чакырылып, бир чети жаан жаап, тогуз күндөн кийин гана өчүрүлгөн.

2014-жылы жайында Жумгал районундагы Каныш капчыгайында өрт чыгып, бир нече күн бою жалбырттап турган. Аны өчүрүүгө чыккан Чаек айылынын эки тургуну каза болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.