Нарындагы ээнсирген эски имараттар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын шаарында союз мезгилинен калган өндүрүштүк беш ири жай бар. Убагында кызыкдар тараптардын кызыкчылыгына кызмат кылып, менчиктештирилип кеткен бул жайлар бүгүн мамлекетке да, элге де, жеке ишкерлерге да кызмат кылууга кудурети жок, таландыда калды. Жергиликтүү бийлик бул ишканаларды кайра иштетүү үчүн менчик ээлерине инвестор тапканга колдоо көрсөтүп жатабыз деген менен муз ордунан жыла элек.