Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды
«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды. Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов кызматташтарына бул үчүн ыраазычылык билдирди. Демилгечи депутаттардын дагы бири Жанарбек Акаев депутаттарды 2-3-окуудан кароону кечиктирбей, 22-октябрда кароону өтүндү.
Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн беш млн. сомдон бир млн. сомго азайтуу сунушталган.
Шайлоодо №2 форма менен добуш берүү өтө орой түрдө мыйзам бузуу менен коштолгонун көпчүлүк партиялар билдиришкен. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис келип чыккан. БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Кыргызстанда бийлик толук алмашкан. 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз каалоосу менен тапшырып, анын милдетин парламент өкмөт башчы кылып шайлаган Садыр Жапаров жетектеп калган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн өтүп жаткан жыйынында Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт деген чечим кабыл алынды.
Бул чечимди комиссия мүчөлөрү колдоп, токтом кабыл алынды. Анын алкагында бүгүндөн баштап шайлоо процесси башталды.
Бирок 4-октябрдагы шайлоодо чырга себеп болгон босого чек, күрөөнүн суммасы жана №2 форма боюнча маселе толук чечиле элек.
Парламент шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча долбоорду 21-октябрда жалпы жыйында карайт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Шайлоого коюлган талаптар жаңырды
20-октябрда Бишкекте жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү өткөргөн жыйында «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов азырынча босого чек боюнча эл өкүлдөрү бир пикирде эмес экенин билдирди:
«Парламентте «жок дегенде беш пайыз» деген талкуу бар. Биз үч деп турабыз, азырынча. Үч деген мыйзамды биринчи окууда комитеттен араң өткөрдүк. Эртең пленардык жыйын болот. Андан өткөрүп, анан экинчи, үчүнчү окуудан тез арада өткөрүп берсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) күтүп жатат».
Сулайманов баш болгон бир катар депутаттар шайлоо босогосун азыркы жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүүдөн тышкары беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү сунуш кылып жатышат. Алардын сунушу 16-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети биринчи окуудан өткөн.
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев парламентти шайлоо мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдоп берүүгө чакырды. Текебаев экс-президент Сооронбай Жээнбековду «бийликти шайлоодо мыйзамсыз ээлеп алууга аракет кылды» деп айыптап, андан кийинки окуялар баарына сабак болушу керек экенин айтты:
«Октябрдагы парламенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков кол алдындагы бир нече партиясы менен бийликти мыйзамсыз жана башка жолдор менен ээлеп алууга аракет кылды. Ошондой көрүнүш кайталанбашы үчүн эркин шайлоону камсыз кылышыбыз керек».
Дагы караңыз
«Жарандык көзөмөл комитети»: Шайлоо жараксыз болуп калышына БШК жооптуу эмесУкук коргоочу Динара Ошурахунова парламентте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө каршы болгондор бар экенин билдирип, бардык саясий күчтөдү эл өкүлдөрүнөн жоопкерчиликтүү болууну талап кылууга чакырды.
«Азыр биз атап жаткан үч партиянын өкүлдөрү парламентте отурат. Алардын баарын парламенттин жетекчилери. Алар өзгөртүүлөргө тоскоол болууга аракет кылып жатышат», - деди ал.
Ошондой эле жыйында 4-октябрда өткөн шайлоодо алдыга чыккан «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларын кайра шайлоого катыштырбоо тууралуу талаптар айтылды. Жарандык активист Мирбек Асангариев бул талаптарды ишке ашыруунун жолдорун издөөнү сунуш кылды:
«Биз бир нерсени унутуп жатабыз. 6-октябрда болгон окуяга ким күнөөлүү? Макул, үч партияны шайлоого алып барбай эле коёлу. Алардын мүчөлөрү башка партия менен бара берет. Ошондуктан аларды шайлоого катыштырбай турган жолдорун издейли».
Дагы караңыз
Үгүткө корогон миллиондор жана укуктук талашЮрист Аяз Баетов шайлоо мыйзамдары кандай өзгөртүлсө да мыйзамдардан жылчык табылып, эреже бузуу жоюлбай турганын айтты. Ал БШКда саясий эрк болбой жатканын сындады:
«Шайлоону БШК көзөмөлдөйт. Көзөмөлдөө үчүн эрк болушу керек. Силер айтып жатасыңар, шайлоодогу системалуу маселени БШК чече албайт деп. Анда ким чечет? Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүбү? Мен сунуш кылам - силер өз позицияңарда катуу турушуңар керек. Кайсы бир мыйзам бузуу боюнча тергөөчүнүн чечимин күтпөшүңөр керек. Мыйзам бузулган учурда укук коргоо органдарынын чечимин күтүп отургандын логикасын түшүнбөйм».
Төрайым Нуржан Шайлдабекова 4-октябрдагы шайлоодон кийин окуяларга БШКнын моралдык жоопкерчилиги бар экенин айтып, бирок шайлоонун таза өтүшүндө жалгыз Боршайкомдун ролу жетишсиз экенин белгиледи:
«Мисалы, №2 форма көп нааразылык жаратты. 2017-жылкы шайлоодо да 315 миң жаран шайлоо дарегин өзгөртүп, партиялар киришкенин көргөнбүз. Ошондо биометрикалык идентификацияны киргизип, даректи негизсиз алмаштырууга тоскоолдук болот го деп ойлогонбуз. Андай болгон жок, себеби ресурсу бар партиялар кичиавтобус менен ташып келип, бул тоскоолдукту оңой эле жеңип коюшту. Ошондуктан бул жерде биздин жарандар менен иштөө маанилүү болот деп ойлойм. Жарандар «Жок, биз андайга барбайбыз» десе жакшы жыйынтык болмок. Бирок мен эч убакта жарандарды күнөөлөгүм келбейт. Баарыбыз чогуу иштешибиз керек. Абдан чоң сабак болду».
20-октябрда «Жарандык көзөмөл комитети» уюму экс-президент Роза Отунбаева баш болгон саясатчылар, БШКнын жетекчилиги, депутаттар жана ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү менен шайлоо мыйзамдарын талкуулашты.
Дагы караңыз
БШК: Парламенттик шайлоо мөөнөтү мыйзамдар өзгөртүлүп, уюштуруу иши чечилгенде аныкталатЖарандык коом шайлоо мыйзамын талкуулады (видео)Шайлоонун жаңы эрежелери боюнча сунуш парламентте каралмай болду4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис келип чыккан. Тополоңдон кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет.