Бишкекте шайлоо маселеси талкууланган жыйын өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, белгилүү коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер, укук коргоочулар катышты.
Жыйында 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылышына алып келген себептер жана жагдайлар, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштар талкууланды.
Шайлоонун ыплас өтүшүнө себеп болгон негизги жагдай катары №2 форманын өтө көп колдонулушу, атаандаштык шартын түзүүгө жети пайыздык шайлоо босогосу жана беш миллиондук күрөө тоскоолдук болгону айтылды.
Жыйынды толугу менен видеодон көрө аласыз
Буга чейин шайлоо боюнча оюн эрежелерин жеңилдетүүнү караган жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде биринчи окуудан өтүп, кийинки окууга жөнөтүлдү.
Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайызга, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн. Бул демилге анда партиялардын ирилешүүсүнө алып келет деп айтылган.
Бир-эки жылдан берки катуу талаш-тартыштардан улам ал босого чек кайра быйыл кайра 7% түшүрүлгөн. Бир катар депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып, ага ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда кол койгон.
Ошо эле учурда босого чекти 5% түшүрүү тууралуу депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев сунуштаган мыйзам долбоору көңүл сыртында калып кеткен.
Маселенин баары 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгынан кийин чыкты. Башкача айтканда, анда жарышка катышкан 16 партиянын төртөө гана босого чекти басып өткөн. Ал массалык нааразылыктарга жана элдик толкундоого алып келип, 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат менен парламенттин имараты – Ак үй талкаланды. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды, өлкө саясий кризиске кептелди.
Андан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоо жана президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн караган парламент жыйындарында да аталган темалар кызуу кеп болуп жатты.
Ал тургай 14-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков менен депутат Алтынбек Сулайманов ушул маселеге байланыштуу чырдаша кеткен.
Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы кезексиз жыйынында «Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев да шайлоо босогосу боюнча эрежени өзгөртүш керек экенин белгилеп, үч пайыздык чекти колдогон. Шайлоодо «Биримдик» партиясынан чыккан депутат Төрөбай Зулпукаров болсо мурда чекти 11% көтөрүүнү жактаганын, бирок оюнан кайтып, ал да 3% ыктап жатканын билдирген.
17-октябрда Бишкекте жарандык активисттер жана эл өкүлдөрү катышкан эки жыйын өттү. Ага катышкандар да шайлоодо күрөөнү азайтууну, №2 форма боюнча катталуу тартибин жоюуну, босого чекти төмөндөтүүнү талап кылышты. Алар босогону 3% эмес, 1 пайызга чейин түшүрүү зарылдыгын белгилешкен.
Борбордук шайлоо комиссиясы 17-октябрда билдирүү таратып, Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалганга чейин парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун жана күрөөнү түшүрүү, №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү кыска мөөнөттө карап чыгууну сунуш кылды.
БШК ошондой эле парламенттик шайлоодон кийин добуш берүүнүн жыйынтыгын 2020-жылдын ичинде чыгарып жетишүү үчүн шайлоону 20-декабрга белгилөө сунушун билдирди. Так күндү парламент бекитиши керек.
Айтмакчы, реформачы жаштардын өкүлдөрү партиялык тизменин ичинен эле артыкчылык берүү (преференциялык добуш берүү) ыкмасы менен депутаттыкка талапкерлерди иргөө ыкмасын да сунушташкан, бирок бул сунуш, люстрация сунушу сыяктуу эле, алдыдагы Кыргызстандын Жогорку Кеңешин кайра шайлоо жүрүмү үчүн талкууга алынбай тургандай көрүнөт. Бирок азыркы өткөөл маал - Кыргызстанда окуялар космостук ылдамдык менен өнүгүп жаткан учур.