Тойканалар айып төлөп, Токтогулда суу азайды

Токтогул суу сактагычы.

«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Кыргызстанда жарыктын авариялык өчүшү көп катталууда

Кыргызстанда акыркы жети айда электр энергиясында 3 137 жолу авариялык өчүрүү болду.

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов 17-августтагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл авариялык өчүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 348ге көп.

«Авариялардын негизги себеби – жабдуулардын жарактан чыгышы, аба ырайы. 2020-жылы 71 от казан оңдолду. Негизи, биз анын 69ун гана оңдойбуз деп пландап жатканбыз», - деди Эмил Осмонбетов.

Токтогул суу сактагычы.

Өткөн айда Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен. Уюм электр энергиясы жана суу коңшу өлкөлөргө сатылгандан улам ушундай кырдаал түзүлгөнүн билдирген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов 17-августтагы басма сөз жыйынында билдиргендей, бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 миллиард куб метрге аз.

Анын айтымында, акыркы жети ай ичинде электр жарыгын иштеп чыгуу тогуз миллиард киловатт/саатты түзүп, былтыркыдан 102,8 киловатт/саатка аз болду.

Өкмөт июль айында 2020-жылдын октябрына чейин Токтогул суу сактагычында суу аз топтолот деген божомол бар экенин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул суу сактагычында аба ырайына байланыштуу суу аз топтолуп калганын айткан.

Ош облусу

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө башчы болуп дайындалган Байыш Юсуповго чапан жаап, калпак кийгизишүүдө. 17-август, 2020-жыл.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө жети жылдан бери биринчи орун басар болуп иштеп келген Байыш Юсупов 17-августта өкмөт башчынын буйругу менен облус жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейинки губернатор Узарбек Жылкыбаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн 10 күн мурда кызматтан кеткен.

Баткен облусу

Коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) айрым аймактарда залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатат. Министрликтин «Фейсбуктагы» баракчасында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан тартылган сүрөттөр жарыяланды.

Ош шаарынын тургундарына сууга түшүү коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. ӨКМдин маалыматына караганда, Куткаруу кызматынын адистери ар аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү Ош шаарын аралап өткөн каналдардын жана Ак-Буура дарыясынын жээгине эс алып киринүүгө келген жарандарга коопсуздук эрежелерин айтып берип жатышат. Министрлик мындай иштер өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлүп жатканын маалымдап, жарандарды этият болууга чакырды. ӨКМдин маалыматына караганда август айында сууга чөгүп кеткен беш кишинин сөөгү табылбай жатат.

Чүй облусу

Чүй райондук «Тез жардам» кызматында 17 киши эмгектенет. Карамагында үч автоунаа болгону менен адистердин жетишпегенине байланыштуу бир эле бригада кызматта. Алар райондогу 31 айылдын 58 миң калкын тейлеши керек. 6 миң сом айлыкка иштеген ак халатчандар түзүлгөн шартка нааразы болуп, «Тез жардамдагы» кыйынчылыктарды ачык айтып чыгышты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүй районунда «Тез жардам» жетишпейт

Бишкек

Санитардык талаптарды бузуп той өткөргөн ресторандардын бири.

Бишкекте санитардык талаптарды бузгандарга 46 миң сом айып салынды

Шаардык бийлик берген маалымат боюнча, «Кайнар», «Палацио», «Сары Өзөн» ресторандары, «Абстракт» кафеси, Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Народный» супермаркети, «Даамдуу» тез тамактануу жайы боюнча 12 протокол түзүлдү. Баш-аягы 90дой чарба субъектиси текшерилди.

Санитардык-экологиялык инспекция санитардык эрежелерди сактабагандарга ушул күнгө чейин 1 миллион 477 сом айып салды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте карантиндик чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, жапырт иш-чараларга тыюу салынган. Бул талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынары белгиленген.

Мындай чектөөлөргө карабай, айыппул төлөп, той-топур, куран окутуу уюштурулуп жатканын Интернеттеги социалдык тармактардагы билдирүүлөр көрсөтүп жатат.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб буга чейин тойлордо, тажияларда инфекция жайылып жатканын эскерткен.

Ысык-Көл

Жарандык активист, тарыхчы Назикбек Кыдырмышев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаевге «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылып, коронавирус илдетин дарылоого тартылган дарыгерлер иш мөөнөтү аяктагандан кийин эки жумалык обсервацияга алынбай жатканын айтты. Ал мындай көрүнүш илдеттин жайылышына өбөлгө түзүп жатканын белгиледи. Бул видеого Балбак Түлөбаев пикир жазып, тактап жооп берерин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​