ЕАЭБ кыйналган Кыргызстанга эмне берет?
Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов Беларустун борбору Минск шаарында өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жыйынына катышып жатканын өкмөттөн кабарлашты.
Дүйнөдө коронавирус пандемиясы күч алган март айынан бери Кыргызстан мүчө болгон эл аралык жана аймактык уюмдардын жыйындары видео байланыш аркылуу гана өтүп жаткан. Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттери жана өкмөт башчылары дал ушундай онлайн форматта бир нече жыйын өткөргөн.
Бул ирет пандемиянын олуттуулугун четке кагып, карантин киргизүүдөн баш тарткан Беларус өкмөтүнүн демилгеси менен ЕАЭБдин премьер-министрлери Минскиге келип, көзмө-көз жолугуп жатышат.
Дагы караңыз «Пандемия ЕАЭБдеги ажырымды күчөттү»Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, жыйында регионалдык экономикалык уюмга байланыштуу бир нече маселе талкууланат.
“Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери бар. Ошондой эле тараптардын ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, бирликтин финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темаларды талкуулоосу пландалган. Кеңештин алкагында өкмөт башчынын бир нече жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө”.
Премьер-министр катары алгачкы жолу четке чыгып жаткан Кубатбек Боронов кайсы өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрө турганын өкмөт тактаган эмес. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө коронавирус пандемиясына байланыштуу абал талкууланып, кайсы бир чечим кабыл алынабы деген суроо алдын-ала айтылган жок.
Буга чейин жыйынга кожоюндук кылып жаткан Беларустун премьер-министри Роман Головченко кеңеште “учурдагы соода-экономикалык мамиледе орун алган маселелер караларын жана абдан маанилүү чечимдер” кабыл алынарын гана билдирген.
Учурда дүйнө жүзүндө башкы маселелердин бири - коронавирус пандемиясы менен күрөш болуп турат.
Айрыкча, соңку мезгилде пандемияга байланыштуу абал уюмдун мүчөлөрү - Казакстан менен Кыргызстанда курч.
Мындан улам эксперттер Минскиге жыйынга барган премьер-министр Кубатбек Боронов экономикалык өнөктөштөр менен дал ушул коронавирус кризисинин кесепетин азайтуу боюнча сүйлөшүүлөргө көңүл бурушу керек экенин белгилешкен болчу.
Экономика илимдеринин доктору Акасбек Абдурашитов пандемия маалында Евразия экономикалык биримдиги өзүнө жүктөлгөн үмүттү жана милдеттерди актай алган жок деген пикирде.
“ЕАЭБ интеграциялык биримдиктин талабына жооп бере алган жок. Канчалаган жакшы келишимдерге биримдиктин алкагында кол коюлган, бирок иш жүзүндө ал аткарылбай жатат. Тигил жактан жакшынакай кол коюшканы менен чек арага келгенде казак туугандар жүк ташыган машинелерди өткөрбөй коюп, бир нече чакырымга созулган кезек пайда болду. Негизи, биримдиктин күчтүүлүгү эмнеде болушу керек? Дал ушундай кризистик, пандемиялык шартта өзүн көрсөтүп, керектүү чечимдерди кабыл алып, абалды жеңилдетүүгө салым кошо алганында болуш керек да”.
Дал ушундай жагдай боюнча азыр сүйлөшүү зарылдыгын Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев да белгилеген:
“ЕАЭБ жөн эле экономикалык биримдик катары эмес, өнөктөш мамлекет болгон соң сөзсүз түрдө бири-бирине жардам бериши керек. Бул уюмдун өзүнүн фонду бар, банкы бар. Мына ушул жакта топтолгон каражаттан кыйналып жаткан өлкөлөргө жардам бериши керек. Азыр абал Казакстан менен Кыргызстанда курч. Казакстанда өзүнүн каражаты бар экен. Ал эми Кыргызстан финансылык жактан жардам алышы керек. Ушул маселени көтөрүү зарыл. Орусия Италияга деле жардам жөнөтпөдүбү. Ошол сыяктуу дарыгер, медициналык жабдык, дары-дармектен жардам берип, элди сактап калууга аракет кылыш керек”.
Дагы караңыз ЕАЭБдин келечеги күмөн экени көрүндүБоронов коронавируска бирге каршы турууга чакырды
Кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, Минскидеги жыйындын жүрүшүндө Кубатбек Боронов пандемияга каршы күрөш темасын көтөргөн. Анда Боронов инфекциянын таралышына биргеликте гана каршы туруу мүмкүн экенин айтып, медицина тармагында өз ара көмөктөшүүгө чакырган:
"Медицина кызматкерлери COVID-19 коронавирус инфекциясынын жана башка оорулардын эпидемиологиясы, клиникасы, дартты аныктоо жана алдын-алуу маселелери боюнча интеграциялык биримдикке мүчө-мамлекеттердеги кесиптештеринин колдоосуна муктаж болуп турат. Жугуштуу оорулардын жайылышына жооп кайтаруунун макулдашылган алгоритмин жөнгө салган сунуштамаларды иштеп чыгуу – бири-бирибизди колдоонун кошумча каражаты болуп калат”, -деп билдирген Боронов.
Ошондой эле кыргыз премьери азыркы кризис шартында ЕАЭБ өлкөлөрүндө соода жүгүртүү басаңдаганын эске алып, бир нече тармакта экономиканы сактап калуу үчүн чечим кабыл алууну сунуштаган. Кыргыз тараптын пикири боюнча, өнөктөш өлкөлөр калкты азык-түлүк менен камсыздаган, чакан жана орто ишкерликти сактаган, ЕАЭБ ички рыногунда товарлардын жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн шарттаган кадамдарга барышы керек.
Минкидеги жыйындын жүрүшүндө Кубатбек Боронов Беларустун президенти Александр Лукашенко, премьер-министри Роман Головченко жана Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушууларды өткөрдү. Анда эки тараптуу кызматташтык боюнча сөз жүргөн.
Ал эми Мишустин менен жолугушууда учурдагы пандемиялык кырдаалдан чыгууда биргелешкен аракеттер тууралуу сүйлөшүп, Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнүндө да сөз болгону жарыяланды. Орусиядан кандай гуманитардык жардам келери азырынча белгисиз.
Бирок өкмөттүк делегация Минскиге барган учак менен Беларустан 5,4 тонна дары-дармек Кыргызстанга алып келингени кабарланды. Бул дары-дармек жеке ишканаларга таандык, өкмөт өз учагын берип ташып келүүгө көмөк көрсөткөн.
Акыркы күндөрү дары-дармек жетишсиздиги байкалып жаткан Кыргызстанда бул маселени убактылуу болсо да чечүүгө огожо болору айтылууда.
ЕАЭБ үмүттү актабай жатабы?
Коронавирус пандемиясы дүйнөлүк саясат, экономикалык байланыштар жаатындагы көп маселелерди кайрадан карап чыгууга түрткү болорун эксперттер айтып келишет.
Мунун ичинде постсоветтик чөлкөмдөгү өлкөлөр түзгөн Евразия экономикалык биримдигинин келечеги боюнча да талкуулар башталган.
Эң ириде, ЕАЭБ кризистик маалда уюмдун абалды жеңилдетүү боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алууга жөндөмсүз болгону кыргыз парламентинде айтылып, айрым депутаттар уюмдан чыгуу демилгесин көтөрүшкөн. Буга пандемия шартында ЕАЭБ алкагында өнөктөш болгон Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында орун алган “соода кризиси”, уюмдун бул маселени чечүүгө көмөкчү боло албаганы себеп болгон.
Мындан сырткары коронавирустун кесепетинен улам кыйынчылыкка кептелген Кыргызстанга гуманитардык жардам стратегиялык өнөктөш саналган ЕАЭБ өлкөлөрүнө караганда эл аралык уюмдар менен башка өлкөлөрдөн көбүрөөк келип жатат.
Буга чейин ЕАЭБди түзгөн өлкөлөр мүчө Евразия өнүктүрүү жана туруктуулук фондунан жыл аягына чейин Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 100 миллион доллар насыя алынарын кабарлаган болчу.
Анын үстүнө акыркы абалдан улам Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кыскарып кетти. Тактап айтканда, 2020-жылдын алгачкы төрт айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 764 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 8,1 пайызга төмөндөгөн.
ЕАЭБдин кезектеги жыйыны алдында уюмдун аткаруучу органы болгон Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын сунушун талкуулады. Анда кыргыз тарап уюмга мүчө мамлекеттердин өнүгүү деңгээлин бирдей алып кетүү үчүн институт түзүүнү сунуш кылган. Экономикалык комиссия сунушту кабыл алып, маселени карап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзгөн.
Дагы караңыз Коронавирус ЕАЭБдин биримдигин сынадыЕвразия экономикалык комиссиясынын макроэкономика жана интеграция министри, жумушчу топтун башчысы Сергей Глазьев биримдикте өнүктүрүү боюнча орган бар экенин белгилеп, жаңы институттун ролун аныктоо керектигин айткан.
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирет. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын алуу максатында уюшулган. Акыркы жылдары кыргыз тарап иш жүзүндө кыйынчылыктар көп экенин айтып келет.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.