Европадагы героин Кыргызстанга көө жапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан бараткан, 670 килограмм ооган героини бар жүк ташуучу машине Германияда кармалганы кабарланууда.

Бул жалаң эле Германиянын эмес, дегеле Европа Биримдигинин соңку жаңы тарыхында эң чоң көлөмдө кармалган оор баңгизат болуп калды. Жүк Кыргызстандан чыкканы менен жүк ташуучу машине грузин номери менен жүргөнү жана анын айдоочусу түрк жараны экендиги тууралуу маалыматтар чыкты. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул факты тууралуу такталган, расмий маалыматка ээ эмес экенин, жакын арада бул окуянын жагдайлары аныктала турганын жарыялады.

Жүк Кыргызстандан чыкканбы?

Эл аралык маалымат агенттиктери 31-майдан 1-июнга караган түнү немис бажычылары Германия менен Польшанын чек арасында Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу машине кармалганын жазып чыгышты. Текшерүү учурунда анын ичинен 670 килограмм героин - оор баңгизат табылган. Маалыматка караганда, бул жүк бал жана шириндиктер катары катары документтештирилип, тууралаштырылган. Баңгизат ар бири 1,3 килограммдан турган 532 таңгакка салынып, ар биринин сыртында «Халва» деген этикетка болгон. Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу машиненин айдоочусу - 63 жаштагы түрк жараны кармалып, тергөөдө машиненин ичинде эмне жүк бар экенин билбегенин айткан. Айдоочу кармалып, эң негизги шектүү катары камакка алынган. Жүк ташуучу машине грузин мамлекеттик номери менен болгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев учурда бул тууралуу маалыматтар дипломатиялык каналдар аркылуу такталып жатканын билдирди:

ИИМ.

«Биз ал маалыматты сураштырып, тактап жатабыз. Бирок расмий маалымат ала элекпиз. Ыкчам кызматтар болсо «бул жагдай боюнча кийин маалымат беребиз» дешти. Ошондуктан бизде азыр маалымат жок. Маалымат келип түшкөндөн кийин териштирүү башталат. Ал жүк кимге таандык болгону жана кандайча Германияга жиберилгени иликтенет».

Бирок көп өтпөй министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова Германияда Кыргызстандан бараткан автоунаадан жарым тоннадан ашык баңгизат кармалышына байланыштуу Бишкектеги «Элит Шоко» кондитердик фирмасынын ээси Аида Жолдошева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылганын "Азаттыкка" маалымдады.

Интернетке жарыяланган маалыматтарга ылайык, кармалган жүктүн документтерде өндүрүүчү катары Кыргызстандагы «Элит Шоко» жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтүлгөн. Жүк Белгияга багытталганы кабарланган.

Немис-поляк чек ара тилкесинде аталган көлөмдө кармалган оор баңгизаттын орточо базар баасы 45-50 млн. долларга барабар экени көрсөтүлгөн. Немис басылмалары кармалган баңгизаттын партиясы Германиянын эле эмес, Европанын соңку тарыхындагы эң чоң көлөмдөгү героин экенин жазып чыгышты. Түспөлүнө караганда жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча кармалган баңгизат ооган героини экени тастыкталган.

Чек арадан эркин өткөн баңгизат

Кыргызстандан жүк жүктөгөн бул машине ага чейин кыргыз-казак, казак-орус, орус-беларус, беларус-поляк чек араларынан тоскоолдуксуз өтүп барып, Германияга кирип келатканда кармалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ири өлчөмдөгү оор баңгизат Кыргызстандан жүктөлгөнү аныкталса, анда бул окуя эл аралык коомчулуктун көңүлүн бура турган терс көрүнүш болорун айтты:

Тазабек Икрамов.

«Албетте, бул терс көрүнүш болду. Буга чейин деле «наркотрафик Кыргызстан аркылуу өтөт» деп айтылып келсе, эми ошол иш жүзүндө ырасталып жаткандай. Бул окуя сыртка экспортко товар чыгарган ишкерлерге аябай жаман таасир тийгизет. Текшерүү күчөшү мүмкүн. Ал жүк Кыргызстанда жүктөлгөнү ырастала турган болсо, анда бул биздин мамлекеттин бетине чиркөө болот. Анан дагы ошол жүк ташуучу машиненин Казакстандын, Орусиянын, Беларустун чек араларынан ээн-эркин өтүп кеткени кызык. Ошончо чек арадан өтүп барып, анан Германиядан кармалганы таң калыштуу».

Ошол эле кезде Европадагы бир катар интернет-басылмалар бул Грузияда каттоого алынган жүк ташуучу машиненин айдоочусу Түркиянын жараны экенин жазып чыгышты. Айдоочунун тергөөгө берген баштапкы көрсөтмөсү боюнча оор баңгизаттар менен кармалганга чейин анын жүк ташуучу машинеси Кыргызстанда иштеп жүргөн. 670 килограмм героин жүктөгөн машине Кыргызстандан чыкканы тууралуу маалымат каяктан алынганы белгисиз. Бирок эл аралык маалымат агенттиктери жана интернет-басылмалар жүк Кыргызстанда жүктөлгөнүн кабарлашууда. Ал эми Кыргызстандан жүктөлгөн товардын арасында 670 килограмм героин бар экенин немис бажычыларына Голландиянын полициясы кабарлаган. Парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев башында бул жүктүн Кыргызстанга таандык экенин тактоо милдети турганын билдирди:

Исхак Масалиев.

«Ошол эле кезде башка бир интернет-басылмаларда айдоочу түрк жараны экенин жана товар да Түркиянын товары катары катталганын жазып жатышпайбы. Андай болсо ал жүккө Кыргызстандын кандай тиешеси бар? Жүк Түркиядан бара турган болсо анда биздин кандай катышыбыз болушу мүмкүн?»

Ооган героини Ооганстандын жашыруун плантацияларында өндүрүлгөн оор баңгизаттардын катарына кирет. Борбор Азиядагы баңгизат таратуу коркунучу негизинен Ооганстандан келет. Баңгизат Кыргызстанга Баткен облусу жана Ош облусунун Чоң-Алай райондору аркылуу кире турганы көрсөтүлгөн. Эске сала кетсек, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында ири өлчөмдөгү, башкача айтканда жарым тоннадан ашуун героин кармалган учур болгон эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.