Кыргызстандын карызы көбөйдү

АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга жакындап калды. Жыл башында карыз 4,5 миллиард доллардын тегерегинде болчу.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу өкмөт быйыл сырттан ири суммада насыя алган жана анын көбү али кошула элек. Серепчилер кризистен улам өлкө 2020-жылы чет элдик институттардын алдында бир топ карызга батарын эскертишкен.

Карыздын соңку эсеби

Август айы башталып калганы менен мамлекеттик карыздын июлга карата эсеби чыга элек. Буга ири каражаттардын көлөмүн эсептөөдөгү кылдаттык себеп болот жана көрсөткүчтөр адатта кечигип жарыяланып турат.

Демек, Финансы министрлиги соңку эсеп катары 30-июнь күнкү мамлекеттик карыздын көлөмүн жаңы жарыялады. Министрликтин өкүлү Сабыр Байдалиев «Азаттыкка» буларды билдирди:

Финансы министрлиги.

«2020-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз Республикасынын жалпы мамлекеттик карызы төрт млрд. 773,92 млн. долларды же 362 млрд. 764,15 млн. сомду түздү. Мунун 86% тышкы карыз – төрт млрд. 106,72 млн. доллар же улуттук эквивалент менен 312 млрд. 64,01 млн. сом. Ошондой эле 14% ички карыз – 667,21 млн. доллар же 50 млрд. 700,14 млн. сом болот».

Кеп болгон күндөн бир ай мурда, 31-майда мамлекеттик карыз төрт млрд. 758,55 млн. доллар (351 млрд. 27,58 млн. сом) болчу. 2019-жылдын аягында, 31-декабрда болсо бул көрсөткүч төрт млрд. 587,26 млн. долларды (319 474,64 млн. сом) түзгөн эле.

Башкача айтканда карыздын көлөмүнө жарым жылда 200 млн. доллар кошулуп, жалпысынан беш миллиард долларга жакындап калганын байкадык.

Сумма көбөйүп жатканын жана аны төлөөдө түйшүк болорун кыргыз бийлиги деле түшүнүп тургансыйт. Өзгөчө быйылкы пандемия убагында жылда мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалуучу 15-20 млрд. сомду чыгаруу кыйынга турду.

Ошондон улам президент жана өкмөт карызды жоюу же төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Анын ичинде Кытай тарап менен, Париж клубунун мүчөлөрү – Германия, Франция, Дания, Корея, Жапония менен, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду менен тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жемишин берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-июлда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосундагы» маегинде мамлекет насыя алуу саясатын өзгөрткөнүн айтты:

Сооронбай Жээнбеков.

«Буга чейин алынган карыздарды, биз – мамлекет, төлөшүбүз керек. Мына буга чейин беш жыл, 10 жыл мурун, 15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди. Кээ бир беш жылдык мөөнөт менен алынган оор насыялардын төлөө мөөнөтү да келип калды. Мөөнөтүн узартуу боюнча тынбай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал эми азыр биз насыя саясатын өзгөрттүк. Беш жылдык кыска мөөнөттүү насыя алганды токтотуп жатабыз. Дүйнөдө жүгүртүүдө акча көп. Бирок биз тышкы карыздын жүгүн мындан ары жеңилдетишибиз керек. Ошондуктан алсак да жеңилдетилген насыяларды, айрыкча гранттарды издеп жатабыз. Ал боюнча иштеп жатабыз».

Карыз үстүнө карыз

Деген менен өкмөт быйыл коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин дефицитин жабууга чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алып жатат. Мунун басымдуу бөлүгү насыя жана жарымынан көбү ушул күнгө дейре кыргыз бийлигинин колуна тийди.

Азырынча өкмөт жана Финансы министрлиги мунун канчасы жалпы аласага кошулуп санала баштаганын тактай элек. Эгер ал кошула элек болсо, анда келерки жылдын башына барып мамлекеттик карыз беш млрд. доллардан ашары көрүнүп калды. Муну жыл башында эксперттер да эскертишкен.

Экономист Сейдалы Мырзакматов азыркы шартта кыргыз өкмөтүндө карыз алуудан башка арга жок деп эсептейт.

Доллар жана сом.

«Дүйнөдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөр баары бир карыз алат, - дейт ал. - Карыз деген мындай да, 10 жыл мурда сен бирөөдөн 100 доллар алсаң, ал убакта бул акчага эки кой алмаксың. Азыр болсо ал акчага бир эле кой келип калды. Ошондуктан чет өлкөлөрдөн, Азия өнүктүрүү банкынан, Дүйнөлүк банктан жана башка институттардан акча алуудан коркпошубуз керек. Алардын пайызы биздикине окшоп 12-20% эмес да, алар 1-2% менен беришет. Болгону карызды алгандан кийин аны максаттуу пайдаланыш керек. Тагыраагы аны экономикага киргизип, акчанын массасын арбытыш керек. Кыргызстандын экономикасы үчүн бир эле кыйынчылык ошол - кандай болбосун акча таап, экономиканы жандантыш керек».

Бирок ошол эле кезде тышкы карызды алууга байланыштуу Кыргызстанда талаш пикирлер арбын. Көбүнчө адистер коңшу Кытай мамлекетинен насыя катары жардам алууга каршы чыгышат.

Ага карабай бул өлкөдөн алынган насыя чоң сумманы түзүп келатат. Соңку эсептеги төрт млрд. 106,72 млн. доллар тышкы карыздын бир млрд. 775,13 млн. доллары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкына туура келет.

Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүнов өкмөттө коррупциялык кооптуу жагдайлар турганда карыз алуу туура эмес деген пикирин билдирди:

Доллар жана юань. Иллюстрациялык сүрөт.

«Маселенин баары ошол насыяны иштетүүдө болуп жатпайбы. Ал каякка кетип жатат? Биринчиден, ал бюджетти толтурууга эле жумшалып жатат. Башкача айтканда, жеп-ичип эле отуруп калып жатабыз. Ал келген каражаттар инвестиция катары жумшалган жок. АКШ сыяктуу өлкөлөрдө карызы көп деп айтып жатышпайбы, ооба, көп, бирок аларда алынган насыянын баары инвестиция болуп кирет.

Экинчиден, бизде ошо бюджетти толтурууга же кайсы бир тармакка жумшалса да, ошол акча толук иштетилбей жатат. Ортодо коррупция болуп, чоң суммалар «желип» кетип жатат. Насыялар толук тонолуп кетүүдө. Анан убагы келгенде, төлөй албай калабыз, анан ага эмнени беребиз? Биз мамлекетти күрөөгө коюп алдык да. Маселен, Кытай эң катаал шарт менен берет. Башкалар менен келишсе да болот, а бирок Кытай акчаны төлөй албай калсак же кен байлыгыбызды иштетүүгө алат, же жерибизди алат. Чек арадан бир-эки чакырым кылып, бери жылып, буфердик аймак катары кирип келе берет. Башкача айтканда, биздин азыркы насыя саясатыбыз өзүбүздүн эгемендигибизге коркунуч жаратат. Ушундай шартта карыз алгандан көрө ачка отурганыбыз жакшы. Мен миллиондоп насыя алууга таптакыр каршымын».

Расмий маалыматтарга ылайык, мамлекеттик карыздарды төлөөнүн көлөмү 2023-жылдан баштап көбөйө баштайт. 2027-жылдары Кыргызстан бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Бирок бюджети эки миллиарддан араң ашкан өлкөнүн бюджетинин чама-чаркы ал кезде кандай болору азырынча белгисиз.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери, тагыраагы 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 млрд. 193 млн. доллар грант жана насыя алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​