Данисте 28-июнь, 2016

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” радиосунун “Данисте” көрсөтүүсү ар шейшембиде Кыргызстандыктардын жана чет жердеги журтташтарыбыздын жашоосу, тагдыры, көйгөйү, ийгилиги тууралуу ведобаяндарды, кызыктуу кубулуштар, окуялар тууралуу тасмаларды сунуштап келет. Бул жолку “Данистеге” кирген баяндар: Ысык-Атадагы кайрылмандардын турмушу, айыккыз дарт менен ооруган балдар үчүн хоспис, 74 жылдан кийин белгисиз делген таластык аскердин сөөгү мекенине келди, пиццасы жана сушиси менен Москваны багынткан Самат, Кочкор районундагы күйгөн суу тууралуу айтып беребиз. Данисте ТВнын радиоверсиясын Сабыр Абдумомунов сунуш кылат.