Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик уюшма кылмыштуу топторду ооздуктоого убада берген. Бирок кыска убакыт аралыгында эле анын натыйжалуулугунан күмөн санаткан бир катар окуялар да болуп өттү.
«Коля кыргыз» торго түштү
Кримчөйрөдө «Коля кыргыз» деген каймана ат менен таанымал Камчыбек Көлбаев 22-октябрда камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Мыйзамдагы ууру» атыккан кримтөбөл «уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу» ишинин негизинде камалганын билдирди.
Дагы караңыз Күч түзүмдөрүнүн күмөн жараткан күрөшүОктябрь окуяларынан кийин Камчыбек Ташиев атайын кызматка төрага болуп жаңы дайындалганда Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартыларын эскерткен:
«Камчы Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла».
Бирок аны колго түшүрүү учуру «шөкөттөлүп» тартылган видеодон улам айрыкча социалдык тармактарга Көлбаевдин кармалышы тууралуу түрдүү күмөн-күдүк ой жаратты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Октябрь айынын аягында Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев басма сөз жыйынында Кыргызстанда криминалитет өзүн эркин сезип калганын айтып чыккан. Мурдагы чекист Көлбаевдин кармалышын театрлашкан шоу катары баалаган.
46 жаштагы Көлбаев мындан туура сегиз жыл илгери «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айып менен үч жылга соттолгон. Ал 2014-жылы 8-июнда эркиндикке чыккан.
АКШ Көлбаев камалган жылы аны дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.
«Каралардын» карааны
Соңку парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда соцтармактарда «Көлбаев Бишкекте бир нече машиненин коштоосунда жүрөт, мамлекеттик резиденция тарапка өтүүгө аракет кылды» деген мазмундагы сүрөт жана видеолор жарыяланган.
Дагы караңыз Кыргыз саясаты жана кылмыш дүйнөсүнүн изиКоопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктагы» соңку маегинде октябрь окуяларында криминал бийликти колго алууга аракет кылганы жөнүндө маалыматы болгонун билдирген.
«Мен айтып жаттым. «Аянтта кылмыштуу топтун мүчөлөрү жүрөт» деп. Уюшкан кылмыштуу топтун «Дөө Чыңгыз» деген лидери таасирин көрсөткүсү келип жатканын айттым. Бирок мен координацияда турганда Камчы Көлбаев киришпей калды. Анткени биз алардын жолун буудук. Бирок алардын атынан башка топтор иштейбиз деп аракет кылды. Алар бийликке умтулду», - деген эле Суваналиев.
Генерал Суваналиев парламенттик шайлоого байланышкан башаламандыктан кийин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарынын кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч кызматтарын координациялоону колуна алган.
Өткөн айдын башында №47 абактын спорт аянтчасында Көлбаев менен башка ондогон соттолуучу жайыл дасторкондо отурганы тартылган видео жарыяланып кетти. Анда бул көрүнүш түрмөдө «мыйзамдагы ууруну» «сый-урмат» менен тосуп алуу каадасы деген сөздөр тарады.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) муну дароо четке какты. Мекеме «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата абакта кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлгөн, андан кийин соттолуучуларга тамак берилип, куран окулду» деп маалымат таратты.
Былтыр жыл жаңырганда Көлбаевге байланыштуу дагы бир чуулгандуу видео тараган. Тасмадан түрмөлөрдүн биринде фейерверк атылып, жаңы жыл майрамы белгиленип жатканын, анда жаза өтөп жаткандардын бири Камчы Көлбаевдин өмүрүн тилеп бата бергенин көрүүгө болот. ЖАМК анда «бул видео мурун тартылган, ал түрмөнүн жетекчилери иштен алынган» деп комментарий берген.
Жыл аяктап бара жатканда Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенттигине кайрадан шайланды. Бул да коомдо талаш-тартышка жем таштады.
«Караларга» каршы мыйзам
Кыргыз мыйзамдарына ылайык, уюшка кылмыш топторго байланыштуу Жазык кодексинин 248-249-беренелери, тактап айтканда, «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу», ошондой эле «Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренелери колдонулат. Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асанов билдиргендей, «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу» беренеси менен соңку эки жылда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 10 факт катталган.
Дагы караңыз УКМК кримтөбөл Досоновго издөө жарыялады«Алардын ичинен экөө тергөө маалында өндүрүштөн кыскартылган, - деди ал. - Калган жети иш сотко жөнөтүлгөн, ал эми бирөө азыр тергелип жатат. Ал эми ушуга туташ эле «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» деген экинчи берене бар. Жазык кодексинин 249-беренеси менен белгиленген. Бул берене боюнча 2019-2020-жылдар аралыгында жалпы төрт факт катталган. Алардын бири тергөө маалында кыскартылып, калгандары тергелип жатат».
«Женгого» тартылган желе
Атайын кызмат 30-ноябрда кылмыш дүйнөсүндө «Женго» деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновго издөө жарыялады. Ал «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катышы бар» деп айып коюлганы белгилүү болду.
Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «2015-жылы Досоновдун жарандык никедеги аялы аралашкан жерге байланышкан чыр боюнча иш прокуратуранын өтүнүчү менен тергелип жатат» деп маалымат берген. Адвокат бул ишти саясат менен байланыштырган:
«Мунун иши «2015-жылы анын жарандык никедеги аялы жер тилкесин алып, тилке чийинден чыгып кетиптир» деген шылтоо менен иш козголгон экен. Бирок бул жарандык тартипте карала турган маселени эмнегедир кылмыш ишине айландырып, азыр жоопкерчиликке тартабыз деген максат менен жүрүшөт».
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы жактоочунун жер тилкеси боюнча айткандарын ырастаган.
Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун туруктуу мүчөсү деп эсептелген, «положенец» деген макам алып жүргөн, кылмыш чөйрөсүндө «Женго» деген каймана ат менен белгилүү Кадыр Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы, уюшкан кылмыштуу топторго каршы кызуу күрөш жүрүп жаткан кезде издөө жарыяланган. Бир жылдан кийин, 2012-жылы күзүндө Тажикстанда колго түшүп, Кыргызстанга алынып келген. Ага карактоо, баңгизат соодасы, адам уурдоо сыяктуу оор айыптар коюлганы менен Ош шаардык соту Досоновду актаган.
Милиция Досоновго 2013-жылы кайрадан издөө жарыялаган. Бирок 2014-жылдын башында Ош шаарынын мэрин шайлоого эки күн калганда капысынан пайда болгон жана анда Ош облустук соту аны үй камагына чыгарган. Анын күтүүсүз келиши, «УКМКнын кызматкерлери коштоп келди» деген маалыматтар коомчулукта күдүк ойлорду жараткан. Досоновго үчүнчү жолу 2015-жылы издөө жарыяланган жана көп өтпөй эле колго түшкөн. Ага «милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген» деген айып коюлган.
2017-жылы Жогорку сот Досоновду актаган. Анын так президенттик шайлоонун алдында акталышы коомчулукта күдүк ойлорду жараткан. Шоноевдин атасы бул өкүмгө сот системасынын коррупцияга батышы катары баа берген.
Айрым маалымат каражаттары Досонов акталгандан кийин Ошто чоң той бергенин, ага аттуу-баштуу аткаминерлер да катышканын жазган. Ошондо кримчөйрөдөгү «таажы» талашка байланыштуу чуулгандуу жагдайларда анын аты кайра атала баштаган. Ошол убакта «Азаттыктын» күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактары «Досонов «мыйзамдагы ууру» деген макам алышы мүмкүн» деп маалымат беришкен.
Дагы караңыз Ошто Кылычбек Саркарбаев камалдыЖакында эле атайын кызмат сотко чейинки териштирүүнүн алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунан эки адам чыкканын билдирди жана алардын видеокөрсөтмөсүн жарыялады.
Саркарбаевдин «санаасы»
Ушул айдын башында Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармалды жана кийинчерээк кызматынан бошотулду.
Атайын кызмат анын кылмыш дүйнөсүнө жакындыгы да аныкталып жатканын кабарлаган.
УКМКнын маалыматына ылайык, Саркарбаев 2006-жылы «Талап-тоноо» деген берене менен бир жылга шарттуу кесилген. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов ал кылмыш ишин жаап-жашыруу максатында паспортундагы «Сулайманов» деген фамилиясын «Саркарбаев» кылып өзгөрткөнүн айткан:
«Бул фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, документ жасаткан жана Ош шаарынын спорт комитетинин жетекчиси болуп жумушка кирген. Бул фактынын негизинде учурда Саркарбаев кармалып, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди».
Саркарбаев өзү буга чейинки маектеринде фамилиясын өзгөртүүнүн себебин техникалык катачылыктар менен негиздеген жана мыйзам бузуу тууралуу дооматтарды четке каккан.
УКМК Кылычбек Саркарбаевдин Кадыр Досонов менен жакын байланышы бар экенин, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бир катар чатактарына катышканын маалымдаган.
Саркарбаевдин аты акыркы жылдары бир топ чуулгандуу иштерде аталып келди.
Ош облустук милициясы Саркарбаев былтыр күзүндө Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун атканы жөнүндө маалымат тараткан. Андан көп өтпөй Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан эле. Бирок ушул жылдын башында Рахманберди уулу Саркарбаев менен Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов ур-токмокко алганын айтып, ошол учурдагы президентке видео кайрылуу жиберген.
Дагы караңыз Оштун мэрин жандаган спортчу кызматка келди33 жаштагы Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып жаткан. Чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы былтыр жыл аягында «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарган жана бул талкууга түшкөн. Ал өзүн эрежесиз эр уруштун чебери катары көрсөтүп келет. Акыркы жылдары өзү жеке спорт зал ачып, бир топ жаштарды спорттун эрежесиз мушташ түрү боюнча машыктырып жүргөн.
«Чачтын» чатагы
Ноябрь айында УКМК Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы атайын операциядан кийин кримчөйрөдө «Чач» деген каймана аты менен таанымал, Эрнис Мурзахмедовду камакка алган. Атайын кызмат анын кылмыш иштерине катышы иликтенип жатат деп билдирген. Анын аты Орусияда кыргызстандык мигранттарды талап-тоноо иштеринде аталган.
Ушул айда атайын кызмат Эрнис Мурзахмедовдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп шек саналган беш киши кармалганын билдирди.
Ага ылайык, алардын октябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы атышууга тиешеси бар же жок экени иликтенип жатат.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, 2020-жылдын он айында уюшма кылмыштуу топтордун 146 субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалып, кылмыш жообуна тартылып жатат. Алардын арасында киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, адам уурдоо, опуза-талап, каракчылык, алдамчылык жана башка кылмыштар боюнча кармалгандар бар. Кармалгандардын ичинен тогуз киши кримчөйрөдө «смотрящий» өңдүү жогорку статус алып жүрөт.
Милициянын маалыматы ылайык, октябрь окуяларынан кийин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган 26 жаран ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалды.
Премьр-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков «Азаттыктагы» маегинде бизнеске «каралар» кысым көрсөтүп жатканы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды:
«Ушул тапта ишкерликти бутага алып, басым көрсөтүп жатканы тууралуу маалыматыбыз жок. Биз ишкердикти жана инвестицияны коргош үчүн колдо болгон аракеттин баарын көрдүк. Өзүңүздөргө маалым болгондой, жакында мыйзамсыз иштерди жасоону көздөгөн таасирдүү криминалдык лидерлер кармалды. Балким жер-жерлерде майда чыр-чатак болушу мүмкүн, бирок ал тууралуу маалымат чыгары менен өкмөт жана укук коргоо органдары ыкчам түрдө чара көрүүгө аракеттенип жатат».
Дагы караңыз Депутаттар: "каралар" баш көтөрө баштадыШайлоо өңдүү саясий иш-чараларда «каралардын» кызматын, күчүн да пайдалаганга аракет жасалат деген сөздөр чыгат. Буга чейинки шайлоолордо уюшкан кылмыштуу топтордун аралашып келгени маалым.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимовдун пикиринде, «каралар» ооздуктала элек.
«Дүйнө жүзүндө криминал бар. Өнүккөн укмуш мамлекеттерде да бар. Коррупция да бар. Бирок ал жакта ооздукталган, мамлекет баш көтөртпөйт. Бизде болсо «каралар» башкарууга алынбай калды. Бизде, мисалы, эч нерсеге карабай баары эле депутат болуп келип жатат», - деди ал.
Кыргыз милициясы өлкөдө кримчөйрөнүн лөгү атыккан Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев жана Максат Абакиров түзгөн төрт негизги уюшкан кылмыштуу топ бар экенин билдирип жүргөн. Бирок кийинчерээк кандайдыр бир себептерден улам кылмыш дүйнөсүндө «Водолаз» деген каймана ат менен таанылган Максат Абакировдун аты аталбай, үч эле ири топ бар экени айтылып калды. Абакиров октябрь айында коронавирустан каза тапканы белгилүү болду.