Бийлик системага эмес, элге таянышы керек

Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдардын бирин сунуштайбыз. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан баштап токтотулган.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Айзирек Темирбекова​ жиберген сунуш.

Ар бир өлкө өз шартына жараша коррупция менен күрөшүүдө түрдүү жолдорду тандайт. Мисалы, Кытайдын мыйзамдарында катаал жазалоо же болбосо өлүм жазасы каралган. Бирок буга карабай өлкөдөгү коррупциянын кулач жайганы - бул ыкманын коррупцияны жоюуда жардам бербей жатканынын далили. Ал эми жемкорлук жок деп эсептелген Скандинавия өлкөлөрү атайын органдарсыз эле коррупцияны жеңе алган. Кыргызстандын шартында карай турган болсок, бул өлкөлөрдүн ыкмасы биздин өлкөдө жыйынтык берээри күмөн. Ал эми үчүнчү ыкма - коррупция менен күрөштө атайын органдардын модели. Мындай моделге Сингапур менен Гонконгду мисал келтирсе болот. Сингапурдун өрнөгү анчалык демократиялык жол менен болбосо да катуу көзөмөл аркылуу коррупцияга каршы оң жыйынтык чыгарса болорун далилдей алган. Бирок бул органдын отчет берүү жана коомдук көзөмөл жагынын каралбаганы Кыргызстандын шартына кыйынчылыктарды жана тобокелчиликтерди жаратат.

Дагы караңыз Санариптештирүү гана жегичтерге бөгөт коёт

Гонконг модели

«Transparency International» уюмунун коррупция боюнча 2018-жылдагы рейтингин карай турган болсок, Гонконг тизмеден 14-орун алып, дүйнөдөгү коррупциясыз 15 мамлекеттин катарына кирген. Ал эми Кыргызстан 132-орунду ээлеп, коррупциялашкан мамлекеттердин катарын толуктаган. Бирок Гонконг 1965-1970-жылдарда коррупцияга малынган өлкөлөрдүн катарында болгон. Айдоочулук күбөлүгүн алуудан баштап ооруканада дарыланууга чейинки маселелер жалаң пара менен чечилчү. Паралап иш бүтүрүү кадыресе көрүнүшкө айланган. Айлык акынын аздыгына карабай полиция менен аткаминерлердин арасында мультимиллионерлер пайда болгон. Мындай коррупциялашкан кырдаалдан чыгуу максатында 1974-жылы Гонконгдун башкы прокурору бир катар мыйзамдар менен кошо өз алдынча бир органдын түзүлүшүн сунуш кылган. Башкы прокурордун сунуштары 3 мыйзамдын негизинде ишке ашкан. Алар - коррупциянын алдын алуу мыйзамы, Коррупцияга каршы күрөш боюнча өз алдынча комиссияны түзүү (ICAC) мыйзамы, коррупция жана мыйзамсыз кылмыштар мыйзамы. 1974-жылдын 15-февралында түзүлгөн ICAC боюнча мыйзамда бул органдын эки негизги милдети болгон. Биринчиси - коррупциянын тамырын кыркуу, экинчиси - элдин бийликке болгон ишенимин кайтаруу. Гонконг мыйзамдарына байлыгынын булагын көрсөтө албаган жетекчилерге паракорчулукка шектүү катары иш козгоо боюнча беренелер киргизилген. ICAC түзүлгөндө жалпысынан 379 кызматкери болгон жана таза, жаш, ишенимдүү кадрларды кызматка алууга басым жасалган. Кызматкерлердин үчтөн эки бөлүгү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана элдин арасынан тандалган. Бул орган түзүлгөндөн кийин коррупцияга каршы күрөштө олуттуу жылыштар болгон. ICAC элдин жана бизнес-сектордун ишенимине ээ болуп, коррупция боюнча билдирүүлөр көбөйгөн. Алгачкы бир жылда эле 300гө жакын жогорку кызматтагы аткаминер кармалган. Алардын арасында Гонконг полициясынын башчысы да болгон. Ал Лондонго качып кеткенине карабай кармап келип жазага тартышкан.

Дагы караңыз Үч досуңду түрмөгө отургузуудан башта...

ICACтын ийгилигинин негизги 7 себеби:

  1. Өз алдынчалык. Өз бюджетинин болушу жана комиссиянын ишине, сурактарга эч кимдин таасир эте албаганы;
  2. Жогорку айлык акы жана ишенимдүү, кесипкөй кадрлар. 2001-жылдагы бюджети 100 млн. АКШ долларын карайм же ИДӨнүн 5%. 1300 кызматкер иштейт, баары келишимдик негизде;
  3. Үч багыттагы күрөш: коомчулук менен байланыш + операция + коррупциянын алдын алуу;
  4. Коомдук көзөмөл жана отчет берүү жоопкерчилиги. Органдын ишине коомдук уюмдар, бизнес сектор жана калктын билимдүү катмары тарабынан байкоо жүргүзүлөт;
  5. Ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшү. Текшерүүнүн башка, суракка алуунун башка бөлүмдөр тарабынан жүргүзүлүшү;
  6. Коомчулуктун күчтүү колдоосу;
  7. Коомчулук менен тыгыз байланыш жана ЖМКга ачык болушу.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча өз алдынча комиссиянын (ICAC) түзүмү

  • Операция бөлүмү: Мамлекеттик органдардагы жана жеке сектордогу коррупция боюнча текшерүүлөрдү жана сурак иштерин жүргүзөт. Бул бөлүм бюджеттин дээрлик 75% колдонот.
  • Коомчулук менен байланыш бөлүмү: Телепрограммалар, роликтер, семинарлар жана афишалар менен элди коррупцияга каршы күрөшкө үгүттөйт жана окутат. Интернетте жана социалдык желелерде да эл менен жакындан иш алып барат. Мунун жардамында коомчулуктун колдоосун камсыз кылат. Бюджеттин дээрлик 18% колдонот.
  • Коррупцияны алдын алуу бөлүмү: Коррупциянын себептерин изилдеп, бизнес секторго семинарларды өткөрөт. Коррупциянын ыктымалдуулугун азайтыш үчүн мамлекттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Бюджеттин дээрлик 7% колдонот. Сайты: https://www.icac.org.hk/en/home/index.html
Дагы караңыз Немистер өз мекенин тонобойт

Жогоруда аты аталган бөлүмдөрдөн тышкары дагы 3 кеңеш берүүчү (байкоочу) комитет иштейт. Алар - коррупциянын алдын алуу, коомчулук менен байланыш жана операцияларды көзөмөлдөө комитеттери. Бул комитеттердин негизги милдети - ICACтын ишин көзөмөлдөө. Комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгү эл арасынан тандалат. Булардын ичинен эң маанилүүсү операцияларды көзөмөлдөө комитети болуп эсептелет. Жылда 8 жолу чогулган бул комитеттин мүчөлөрү жыл ичинде жүргүзүлгөн сурактарды талдап өз баасын берет. Мыйзамга ылайык бул комитеттин рапортусуз эч бир иш аягына чыгарыла албайт.

Эмне үчүн Гонконг модели?

Анткени Гонконг коррупцияны жеңүүдө чириген системага же анын ичиндеги аткаминерлерге эмес, таза, булганбаган жарандарга таянган. Анын жыйынтыгында жемкорлукка бөгөт коюп, элдин бийликке болгон ишенимин кайтара алган. Кыргыз бийлиги да паракорчулукту ооздуктоодо эски системага эмес, калкка, жигердүү, билимдүү жарандарга таянышы керек. Мына ошондо гана жемкорлук менен күрөш ийгиликтүү жыйынтыкталат. Коррупцияга каршы күрөштө элдин колдоосуна ээ болмоюн жана коомчулук менен бирге аракет кылмайын бийликтин коррупция менен күрөшүү аракетинен эч качан майнап чыкпайт. Албетте, ICACтын моделин кандай болсо ошол бойдон кабыл алуу да болбойт. Кыргызстан өз шарттарына жараша муну жакшылап талдап, карап чыгышы керек. Бирок ICACтын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындык, өз алдынчалык, коомдук көзөмөл, кызматкерлердин эл ичинен алынышы жана өз бюджетинин болушу Кыргызстанга өрнөк боло алат. Аталган принциптерди негиз тутуп, жемкорлукка каршы күрөш жүргүзүлсө Гонконгдун ийгилигин Кыргызстан да кайталай алат. Бирок бул тажрыйбаны колдонуп, паракорлукка чечкиндүү күрөш баштоо же баштабоо бийлик башындагылардын саясий эркинен көз каранды.

Айзирек Темирбекова

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​