«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Рысбек Кубанычбеков жиберген сунуш.
Мен коррупциясыз, өнүккөн өлкөдө жашагым келет. Бул жашоону мен эле эмес, ар бир кыргызстандык, жүрөгү мекен деп соккон жарандарыбыз каалайт деп ойлойм. Коррупция тилекке каршы биздин да мамлекетте кулачын кеңири жайды. Бирок бул паракорлукту жок кылып, кан буугандай токтотуп салуу ар бирибиздин колубуздан келе турган иш экенине ишенип коюңуз.
Эгерде сен дүйнөнү өзгөртүүнү кааласаң, өзүңдөн башта демекчи, ар бир инсан паракорлукка каршы өзүнөн башташ керек деп ойлоймун. Бул жерде бир гана өлкө башчысы же бийлик бутактары паракорлукка каршы болуп, эл ага көнбөсө, колдобосо - анда бул ишке ашпай турган реформа, эч кандай майнап чыкпайт.
Коррупцияга эн биринчи кезекте сиз, мен каршы турушубуз абзел. Бүгүн же эртең эмес, азыртан баштай турган иш. Мисалы, мен КТМУда окуйм. Кудайга шүгүр, бизде башка кээ бир университеттерге салыштырмалуу коррупция жок.
Бирок башка ЖОЖдордо окуган досторум башында сессия, модуль үчүн мынча акча короттук десе таң калып жүрчүмүн, «кантип эле ушундай болсун» дегенсип. «Телефонго акырын билгизбей тартып, Интернетке чыгарып жибербейсиңерби» десем, «аны өзүбүз сунуш кылдык» деп артка кетенчиктеп турушчу. Башында бул сөздөрдү угуу өөн учураса, азыр көнүп деле калганбыз. Эч камырабай туруп «Канча короттуң?» деп каткырып күлөбүз. Кайдыгерликтен улам ушундай акыбалга жеттик деп ойлойм. Эң жөнөкөй эле айыл жергелеринде да суу берген мураптан баштап чөп отогон дыйкандардын арасында да бул көрүнүштөр кездешип турат. Демек, коррупциялык иштерге биздин өлкө белчесинен баткан. Бирок аз калды, буюрса паракорлукту түп-тамырынан бери жок кылабыз. Коррупцияны жок кылуу биздин колдон келет.
Сингапур мамлекетинин куруучусу Ли Куан Ю бизге өрнөк болчу кишилердин сап башында турат. Анын жасап кеткен эмгектери бүткүл дүйнөгө маалым. Анын «эгерде сиз коррупцияны жеңем десеңиз, досторуңузду же туугандарыңызды түрмөгө камоого даяр болуңуз» деген сөзү биздин ураан болушу керек деп эсептейм. Айрыкча президенттин урааны болушу керек.
Менин бөлүмүм туризм болгондугуна байланыштуу, жайкы каникулда 40 күндүк практикамды бүтүрүшүм керек болуп калды. Бирок бул каникулда убактым болбогондуктан практикамды бүтүргөнгө жетишпей калдым. Ар түркүн ойлор келди. «Мейманканаларга барып стажировка кылып убара болбой эле акча менен бүтүрсөмбү» дедим. Кантип? Турагенттиктерге же мейманканага барып акча сунуш кылсам, алар кол коюп берсе иш ошону менен бүтмөк. Бирок буга абийирим да, эрким да жол бербеди. Кийинки жай мезгилинде ак эмгегим менен бүтүрүүнү чечтим.
Өнүгөр өлкө өнүккөн өлкөлөлөрдөн өрнөк издейт демекчи, Европанын эң алдыңкы мамлекеттерине көз жүгүртүп көрдүм. Ушул жайкы каникулумда Германияда болуп келдим. Ал жак бир калыпка түшүп, ошол жол менен алдыга кетип баратыптыр. Аэропорттон түшөрүм менен чемодандарды сүйрөп паспорттук текшерүүгө келгенде эле байкайсың, тартиптин катуулугун. Текшерүүдөн чыккандан кийин метрого отуруп көздөгөн тарабыңа жөнөйсүң. Ошондо Бишкектеги мээ кайнаткан ысыкта маршруткада өткөргөн күндөрүңдү эстейсиң. Бирок мунусуна да шүгүр. Германия дегенде эле эли убакытка так экенин эстейбиз. Чынында ошондой экен. Убакытка так немистер акчага да так келишкенин көрдүм. Мисалы, сиз дүкөндөн бир нерсе сатып алсаңыз, бир тыйын болсо да кайтарып беришет.
Тейлөөнүн сапаты да жогору, бир нерсеге акча төлөгөн соң сөзсүз түрдө дүмүрчөк (чек) чыгарып беришет. Ушул жерден төлөнгөн акча сол чөнтөккө эмес, түз өлкө казынасына кетип жатканына түшүнөсүң. Бирок ушул иштер немистердин колунан келип жатса, эмнеге биздин колдон келбейт деп арданасызбы? Мен албетте келет деп айтар элем.
Бул үчүн аракетти эртең эмес, азыртадан баштоо керек. Финляндия - азыркы учурда эң өнүккөн мамлекеттердин бири. Алар да убагында биздей болуп каатчылыкты башынан өткөргөн. Бирок араларынан Снелманга окшогон китепкөйлөр чыккан. Элди китеп окууга үндөй баштаган. Китеп окуу адамдардын аң-сезимин кеңейтип, дүйнөгө болгон көз карашын гана өзгөртпөстөн, бардык көйгөйлүү суроолоруна да жооп таап берет. Элдин өзгөрүшү - коомдун өзгөрүшү. Коом өзгөрсө, мамлекетке түздөн-түз таасир эте баштайт. Азыр биздин да өлкөдө элди китеп окууга чакырган акциялар өтүп, 2020-жылга карата КМШдагы эң көп китеп окуган өлкөгө айлануу пландары бар. Китеп окуганды адатка айландырып алсак, көп мүшкүлдөн арылар элек деген сөз да бекеринен айтылбаса керек. Коррупцияны жоюунун бирден-бир себеби - китепти көп окуу.
Ошол эле маалда баланы курсактагы кезинен тарбиялап баштоо керек. Жаш бөбөктөрүбүзгө кичинесинен адал менен арамды айырмалай билүүнү түшүндүрүү маанилүү. Аларга туура тарбия берүү боюнча жаш ата-энелерге консультация өтүп, кеп-кеңеш айтып турган оң. Интернет өнүккөн мезгилде «Ютубдан» же «Инстаграм» аркылуу жаш ата-энелер арасында туура тарбия жөнүндө жарыштарды уюштуруп туруу абзел.
Айлык акы маселесин чечип берүү зарыл. Кээ бирлерден «Эмнеге акча аласыңар?» десе: «Айлык акыбыз жетпейт» дешет. Бүл үчүн албетте, экономикабыздын деңгээли жогору болушу керек. Тилекке каршы, бизде ушул көйгөй чечилбей жатат. Бирок билимге көбүрөөк инвестиция кылсак, бүл көйгөйлөрдөн батыраак арылабыз. Алсак, Жапония Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин экономикасы абдан алсырап кеткен, бирок алар бул маселени билимге инвестиция кылуу жолу менен чечкен.
Коррупцияга барган адамдарды кылмышынын деңгээлине жараша катуу жазалоо зарыл. Бүл жагынан кытайлардан үлгү алсак болот. Паракорлордун, уурулардын орду түрмөдө экенин байма-бай эскертип туруш керек.
Рысбек Кубанычбеков
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.