Ар бир мекемеде УКМКнын тыңчысы керек

Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Бакытбек Кайриллаев жиберген сунуш.

Эгемен өлкөбүздө эркин элибиздин ишенип, жакшылык үмүт кылган, бийликтин коррупция баткагынан кутулушу үчүн менин жеке пикирим.

Биринчиден мамлекеттик кадр тандоодогу коюлган талаптар жана эрежелер көздөн өткөзүлүшү зарыл. «Эшигин көрүп төрүнө өт» деген макал баарыбызга маалым. Ою жеке бизнесинде болгон адамды мамлекеттик ишке такыр жолотпош керек. Себеби мамлекеттик иш - бул жеке ишкердиктен миң эсе ардактуу иш. Анткени мамлекеттик иш - элге кызмат кылуу, элге жол көрсөтүү, элдин аң-сезимин замандан артта калтырбай алып жүрүү менен бирге элдин көйгөйлөрүн алдын-ала чечүү, элди ички жана тышкы душмандардан коргоо. Ушундай ыйык ишке негедир байларды же байлардын балдарын, тааныштарын ылайык жана жетиштүү көрүп, чын жүрөктөн элге кызмат кыла турган, намыстуу кыз-жигиттерди эл ичинен издеген эч ким көрүнбөйт. Башкача айтканда жеке бизнеси бар же кайсы бир коммерциялык топко жакындыгы бар адамдардын баары мамлекеттик кызматтарга мындан ары алынбашы керек жана буга чейин алынган болсо - кызматынан кетиши зарыл! Мамлекеттик ишке, жок дегенде казынабызга түздөн-түз чоң таасир тийгизген орундарга, аманатка кыянат кылбай турган, жөнөкөй, ыймандуу адамдар турууга тийиш. Мамлекеттик ишке эң мыктылар гана тандалып алынып, айлык акысы да эң жогорку болушу керек. Жана ошондой эле аларга «Бул кызмат үчүн берилген айлык сиздин оюңузча жетиштүүбү? Ушул кызмат үчүн өнүккөн чет өлкөлүктөрдүн ыкмаларын биздин өлкөдө да ишке киргизүүгө болобу?» деген сыяктуу суроолор менен кызматкерлерге ай сайын сурамжылоо жүргүзүп, аларды эки тараптан колдоого алган туура.

Дагы караңыз Тууганчылык үчүн «туйлаган» коррупция

Экинчиден бардык шайлоолордо талапкерлер кылдаттык менен иргелиши керек. Себеби 30 жылдык өлкө тарыхы көрсөткөндөй ишкерлер, олигархтар шайлоо алдында бекер концерттерди берип, аш-той өткөрүп, уялбастан тизме түзүп акча таратканы менен шайлангандан кийин болгон ою өз байлыгын көбөйтүүдөн башка нерсе болушу мүмкүн эмес экен. Эң жөнөкөй логика менен караганда шайлангандан кийин байга жеш оңой да. Себеби ал «сен коррупцияга малындың! Эл үмүтүн унуттуң!» деген сынды укканда актанып, мактанып чыгат, «мен мурда эле бай болчумун, жеген жокмун» деп.

Ошондуктан орунга ылайыктуулардын арасынан эң жөнөкөйлөрдүн гана талапкерлигине уруксат берилсе, алардын ичинен кимиси шайланса да, чын жүрөктөн бар күчү менен эч кимден коркпой элге кызмат кылат. Чындыгында жөнөкөй адам аманатка күйүмдүүрөөк, кызматка тырышчаак болот. Себеби анын ойлогон бизнеси жок, жоготуудан корко турган эч нерсеси жок, ошондой эле арамдан жей түрган болсо тез эле билинет. Азыркы күндөрдө жаңылыктардан көрүп, таң калбай койбойбуз. «Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп эле мультимилионер болүп кетиптир, заңгыраган үйлөрдү салыптыр» деп угабыз. Ушулар ушунчалык болгуча алдын-ала тымызын текшерип, чара көрүш керек болсо чара көрүп, элдин да, бийдин да басар кадамын алдын-ала билген акылдуу, мекенчилдер иштеши керек, айрыкча улуттук коопсуздук иштеринде.

Дагы караңыз Коррупцияга каршы өз алдынча кызмат керек

Үчүнчүдөн мамлекеттик иштерде эң акылдуулар болушу зарыл. Казына үчүн майлуу-сүттүү жерлер баарыбызга маалым. Айрыкча ошол майлуу-сүттүү кызматтагыларды ниети бузуктардан жана пара сунуш кылган, өтүнгөн же зордук менен пара берип үстөмдүк кылууга аракеттенгендерден коргоп туруучу органдар жана ишин текшергендер өтө зирек болушу керек. Жечүлөр жеп, тоюп, өзүнөн кетип, асман тирегидей көкөлөп, эл арасында ушак сөз болуп, аны журналисттер эфирден кайра-кайра көрсөткөндөн кийин гана аргасыздан козголгон жалкоо, коркок, эрксиз жана арамкорлорго кул болгон органдардын ордуна Кудайдын кулу, элдин кулуну, жүзү жарык, курсагы ач болсо да арам оокатка тамагы жабык, өзү да жебеген, башкага да жедирбеген, абийирдүү кыз-жигиттер өтө кылдаттык менен тандалып, мамлекеттик бардык мекемелерде атайын укуктуу болуп, жашыруун УКМКнын агенти катары иштеши керек. Себеби канчалык ишеничтүү, ыймандуу, жада калса 5 убак намаз окуган бирөөгө мамлекеттик орун аманат катары тапшырылса да, аны сөзсүз жашыруун текшериш керек.

Жалпысынан караганда коррупция - бүл ач көз адамдын оорусу, жаман адаты. Демек мамлекеттик иштерге кадрларды кызматка алаарда «кимдин адамы» дебестен, жогоруда айтылган жаман адаттар анда барбы-жокпу, ошого карап тандалып, алынгандан кийин да тынбай көзөмөлдөп аткарган ишине жана баскан кадамына баштан-аяк каралып, анан кызматтан жогоруласа коррупция дартынан толугу менен кутулуп өнүгө баштайбыз. Эл 50 жылда өзгөрөт демекчи, биздин да туура жана жакшы жакка өзгөрө турган учурубуз келди.

Бакытбек Кайриллаев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​