Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Коррупцияга каршы өз алдынча кызмат керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Уларбек Касымбек уулу жиберген сунуш.

Коррупция - бул көптөгөн дөөлөттүү мамлекеттерди экономикалык жактан кедейликке алып келип, алардын калкын өнүгүүдөгү кризис сазына отургузган өтө чоң апаат. Бул кечээ же бүгүн жаралып, кыйын күчтүү көйгөйгө айланган маселе эмес.

1991-жыл. Дүйнө өзүнүн тарыхында дагы бир чоң экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан учур. Бир кездери кылымдарга жашайт деген үмүт менен курулган Советтер Союзу урап, такыр талкаланып жок болду. Экономикалык гиганттын ордуна майдаланган, кризиске кабылган чакан экономика жаралды. Бийлик алмашып, эгемендик алганга карабастан ошол эле сазга баткан советтик кадрлар. Жемкорлук ушул жылдары чынында болуп көрбөгөндөй күчүнө кирди. Жаш республиканын жаңы түптөлүп келе жаткан экономикасы толугу менен ачык эле таланып-тонолду. Бийликтин муну ооздуктоо боюнча көргөн чаралары элди канаатандырган жок. Натыйжада 2005- жана 2010-жылдагы массалык башаламандыктар болуп өттү. Анткени жер-жерлердеги жемкорлуктун чегинен ашып кеткендиги элдин болгон сабыры менен чыдамын түгөттү. Бул жылдары өлкөнүн бюджети бийликтеги жеке адамдардын капчыгына эле айланып калгандай элес калтырды.

Учурда бул кырдаал оң тарапка өзгөргөн жайы жок. Өлкөдө масштабдуу бардык тармактар санариптешип жатканына карабастан, элдин эсебинен топтолгон бюджеттин каражатына жан багып жаткан кабинеттеги мителер азайганы эч кимди ишендирбейт калды. Мамлекеттик деңгээлдеги аракеттер бар. Бирок көбү эле ийгиликсиз жана келечеги жок долбоор болуп калууда.

Коррупцияны кантип жойгонго болот? Бул темада жаш экениме карабастан көп ойлондум, көптөгөн жемкорлук менен күрөшүүдөгү авторитеттүү флагман өлкөлөрдүн тарыхы менен таанышып чыктым. Бирок окумуштуулардын бири айткандай, «эч качан бир жерде кабыл алынган теорема экинчи жерде күтүлгөндөй пайда, жыйынтык бербейт». Андыктан ошол таанышкан маалыматтардын негизинде бир канча талдоо жүргүздүм. Аталган талаптар заманбап Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүнүн мыйзам базасынан алынды. Алар - Германия, Франция, Канада, Кытай, АКШ, Испания ж.б. Ошолордун жыйынтыгында өлкөдөгү жемкорлуктун алдын алыш үчүн төмөндөгү пункттар аткарылышы керек деп эсептейм:

1. Коррупция тууралуу маалымат ала турган мамлекеттик атайын бирдиктүү кайрылуу номерлери ишке киргизилсин. Бул кызмат атайын 24 саат бою акысыз чалууга ыңгайлашкан бирдиктүү терезе катары болсун. Ага коомчулук жөн гана кылмыш жөнүндө кабарлаш үчүн эмес, маалымат алуу жана кырдаалдан кантип чыгуу жөнүндө суроого да жооп алгыдай мүмкүнчүлүк жаралсын.

2. Мамлекеттик мекеме-ишканалардын бардык бөлмөлөрүнө бирдиктүү онлайн видео көзөмөл жабдыктары орнотулсун.

3. Жемкорлукка байланыштуу айыпталган, камалган адамдар мамлекеттик кызматка орношуу укугунан толук ажыратылсын жана алардын ар кандай деңгээлдеги ырайым мунапысын (амнистияларды) алуу укугу жокко чыгарылсын.

4. Бала бакча, мектеп, лицей, коллеж, университет, ж.б. ушул сыяктуу билим берүү мекемелеринде коррупцияга жол бербөө тууралуу кенен маалыматтарды камтыган атайын сабактар киргизилсин.

5. «Коррупция - бул мекенге кыянатчылык» деген мамлекеттик идеология иштелип чыгып, бардык коомго жана кызмат адамдарына кеңири таркап сиңгендей болсун. Мекеме-ишканаларда, телеканалдарда идеология кеңири түрдө үгүттөлсүн.

6. Бардык мамлекеттик органдардын кызматтык этика эрежелери терең талданып, антикоррупциялык негиздер менен реформалансын. Бул багытта атайын кодекс иштелип чыксын. Реформа калк менен болгон атайын жолугушууларда, онлайн түрдө макулдашылсын.

7. Коррупциялык кырдаалдарда кандай аракет кылуу тууралуу атайын эрежелер иштелип чыгып, коомго, мамлекеттик кызматкерлерге телеканалдар жана радиостанциялар аркылуу кеңири жайылтылсын.

8. «Жемкорлук процессинде» катышкан тараптардын жоопкерчилиги бирдей каралсын. Берүүчү да, алуучу да бирдей түрдө жазалансын.

9. Коррупцияга каршы күрөш кызматы УКМКнын карамагынан чыгарылып, мамлекеттик өз алдынча орган болуп кайра түзүлсүн. Бул кызмат түз президентке баш ийип, Жогорку Кеңеш алдында аткарган иши тууралуу отчёт берсин. Өкмөткө баш ийчү функциялары жокко чыгарылсын.

10. Антикоррупциялык мыйзам ченемдери реформалансын. Реформа онлайн жана аймактардагы жашоочулар менен бирге талкууланып, жактырылсын.

11. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси жыл сайын мамлекеттик эмес телеканалдын түз эфиринен отчётун окуп угузсун, калктын суроолоруна түз байланыш аркылуу жооп берсин.

12. Коррупция менен күрөшүүнүн улуттук стратегиясы мамлекеттик телеканалдардан жана Интернеттеги социалдык тармактардан жаштарга түшүнүктүү, анимациялык түрдө берилсин.

13. Мамлекеттик кыматкерлердин атайын аттестациясына коррупциялык ар кандай кырдаалдардан чыгып кетүү тууралуу тапшырмалар кошулсун. Аларды иш учурунда да симуляциялык (атайылап текшерүү максатында ойдон чыгарылган сценарий менен текшерүү) жактан кайталап текшерип көргөн иш-чаралар өтсүн.

14. Мамлекеттик тейлөөдөгү ар кандай кагаз иштери ыкчам түрдө кескин азайтылсын же электрондоштурулсун.

Меимче жок дегенде ушул талаптар аткарылып калса коомчулуктун коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөшкө болгон ишеничи көтөрүлмөк. Бул өз учурунда дүйнөлүк уюмдардагы аброюбузду бекемдеп, жемкорлук менен күрөшүүдөгү эфективдүү мамлекеттердин алдыңкы ондугуна же жыйырмалыгына кирүүгө көмөктөшмөк.

Уларбек Касымбек уулу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG