Өзүбүз өзгөрмөйүнчө коррупция токтобойт

Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Мират Алчикенов жиберген экинчи сунуш. Сынакка келген макалалар менен бул жерден тааныша аласыз.

Ар бир инсандын бул жарык дүйнөгө келиши албетте жараткандан. Негизи эле жаратылыш мыйзамына ылайык ар бир жандык алдын ала программаланган айлампа менен жашайт.

Биздин азыркы кейпибиз эненин курсагында түйүлдүк пайда болгондон баштап паракорчулуктун торуна илине баштайт. Баштапкы кадам кош бойлуу эне медициналык уюмдарга кайрылганда башталат.

Андан соң төрөт жайына барып, жарык дүйнөгө келишинде да туш болот. Там-туң басып калганда бала бакчага барса, ал жерден да паракорчулук тосуп алат. Эптеп чоңойгондон кийин мектепке барышы керек. Ата-эне баласы жакшы окуп, эл керегине жараган эр-азамат болсун деп тааныш издеп, дагы бир жолу сол чөнтөктөрдү жылытат.

Билим уясынан учуп ЖОЖго тапшырганда коррупция менен кадимкидей эле достошот. Сессияларда, экзамендерде, дипломдук ишти жактоо учурунда жандап жүрбөсө, баадан куржалак калышы мүмкүн.

Беш жыл жаныңда жүрүп "курбуңа" айланган коррупция ишке кирип жатканда дагы кол сунат. Жумуш учурунда өйдө-ылдый болгондо да өзүн эске салып, айрым учурларда маселе чечип, сенден кол үзбөйт. Ошентип жүрүп ардактуу эс алууга чыгарда ал "досту" дагы ортого салып төлөмү өйдөөрөк баар акыга (пенсияга) чыгабыз.

Тирүүлүктүн оокаты бүтпөс болуп, өзүң аз келгенсип коррупция деген балээ сенин балдарыңа да иш кыла баштайт. Ошентип жүрүп акыркы сапарга узаган кезде да эки чарчы метр жерге пара берип жетесиң.

Дагы караңыз Коррупция сөз менен эмес, иш менен жоюлат

Жашоодо ар кандай кырдаалга кабылганда, тууган-туушкан мамилесинде, чек арада, милицияга туш болгондо, зарыл ишти тездетиш керек болсо баягы "дос" кумарадагы жиндей болуп кызматка даяр.

Терең ойлонуп, жашоого сары эсеп салып көрсөң азыркы реалдуулук ушундай. Коррупция бир адамды баштан аяк жандап өтүп кеткендей.

Ушул паркорчулук менен өмүр бою жандос болбош үчүн эмне кылуу керек? Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө бут тосуп жаткан илдет менен кантип күрөшөбүз?

Биринчи кадам

Тарбияны үйдөн баштап мектептен улаш керек. Билимдүү, маданияттуу жаштарды өстүрсөк, келечектеги коом бизге караганда жаркын өмүр сүрөт. Башкасын айтпай эле бир мисалга токтоло кетейин. Мектепте, орто жана жогорку окуу жайларында орус жана англис тилин окутушат, бирок дипломду колуна алган бүтүрүүчүлөрдүн токсон пайызы "my name is, I live in, I have a father and a mother" дегенден ары бара алышпайт.

Билим десе эле сабактын саатын көбөйтпөй, сапатын күчөтсөк оң жыйынтык берет.

Экинчи кадам

Жакшы жашоону айтып сүрөттөп бер десең эле чоңдордон баштап катардагы жарандарга чейин Европаны мактап калышат. Ошол Батыштагыдай жашоону бизде кылса эмнеге болбосун, албетте болот. Ар бир жаран өзгөрүүнү, мыйзамдарды сыйлоону өзүнөн башташы абзел.

Үчүнчү кадам

Кечээ жакында эле парламент жыйынында бюджет каралды. Аны дагы чукул кабыл алышты. Быйылкы жылдын бюджети дагы толбой калчудай болуп турат. Азыр казына толтуруунун бир булагы катары туристерди айтып жатышат. Мен көбүнчө көңүл бургум келип жатканы аңчылык туризми.

Элитабыз ЖМКдан бапылдап сүйлөгөнү менен добуш берүүгө келгенде "мактаган кыз тойдо абаны булгагандай" болду окшойт.

Андан көрө ошол аңчылыкка тыюу салынып, жан-жаныбарлар асман тиреген тоолордо эркин оттоп, айыл-кыштактардын жана шаарлардын чет жакасында жайылып жүрсө, туристтердин агымы алда канча көбөймөк. Өлкөбүздүн биосферасына дагы чоң салым болмок.

Төртүнчү кадам

Көмүскө экономика дагы биздин мамлекетке кедергисин тийгизип жатат. Анын өсүп-өнүгүшүнө паракорчулук зор салым кошуп жатат. Эгерде бардыгы ачык болуп, мамлекетке төлөнчү салык толук чогулса, бюджеттин бардык жыртыктарын бүтөп, мамлекетти өнүктүрүүгө да каражат ашып калмак.

Бешинчи кадам

Азыр айылга барсаң, көчөдө жаштар жок. Айылда кары-картаңдар, паспорт ала элек балдар жана Орусияга барып "кара тизмеге" түшкөндөр эле калды. Өтө тыңдары алыскы АКШ, Европа өлкөлөрүндө, аракети барлары Орусияга жок эле дегендери Бишкек, Ош шаарларына жер которуп кетишти.

Дагы караңыз Жарандык коом коррупция менен цензурага каршы

Коррупцияны кан буугандай токтотуп, элет жерин өнүктүрүү үчүн биринчи максат болуш керек. Айылдарда жумуш орундары, татыктуу айлык маянасы жана шаардагыдай инфраструктура болсо, эл шаарга качпайт эле. Кыргызстан өтө сонун жерде жайгашкан. Айыл жеринен өндүрүлгөн продукцияны жакынкы кошуналардын чоң базарларына алып чыгып сатып деле каражат тапса болот.

Алтынчы

Коррупция менен күрөшүүгө эл сөзсүз жардам бериши керек. Себеби, күч органдарынын санын көбөйткөн күндө да ар бир адамдын артынан бирден милиция кызматкерин байлап коё албайсың. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар болуп жатса көрмөксөн болбой каршы турганга ар бир жаран өз салымын кошкону оң. Акыркы мезгилде "балкондо чоңойгондор" да Ак үйдүн алдына колуна кагаз кармап, "биздин үнүбүздү уккула" деп чыга баштаганына баарыбыз күбө болдук. Бул көрүнүш коомдун активдешип жатканынын белгиси.

Жетинчи

Дагы бир маселе - депутаттар жана бийликтегилер жер-жерлерге барып, элдин көйгөйүн кулак төшөп угуп, жеринен чечкенге аракет кылышы керек. Эгерде жеринде чечилбеген маселелер менен элеттегилер борборго келген болсо, анда 2005 жана 2010-жылдарда болгон окуялар кайталанып кетиши мүмкүн. Тарых барактарынан сабак алчу деле мезгил келди окшойт.

"Азаттык" радиосунун "Бажыдагы миллиондор" аттуу журналистик иликтөөсүнөн кийин айрым ЖМКлар ушул теманын айланасында репортаж аркасынан репортаж даярдап, каршы чыгып жатышат.

Ошол эле жарандык коом дагы бийликтен жемкорлукту токтотууну талап кыла баштады. Эгер ар бир жараныбыз сергек болуп, укугун билсе бул жаман адаттан акырындап кутулабыз деп ойлойм.

Сен коррупция каракчысын сыздаткан,

Көз жаш төгүп элдин баарын ыйлаткан.

Карапайым калктын ичип канынан,

Жалаң кана элитаны жыргаткан.

Кызмат кылып аткаминер чоңдорго,

Азабың тийди курулушка, жолдорго.

Атың өчкүр коррупция сени каргайбыз,

Кеткин, кеткин экинчи бизге жолобо.

Кайда барба укуругуң үзүлсүн,

Сага каршы системалар түзүлсүн.

Түбүң менен чыгып кеткин бул жерден,

Сен жандаган паракорлор түңүлсүн.

Ак үйдөн да, Көк үйдөн да чыгып кет,

Өзүң менен шериктериң алып кет.

Кайтарылгыс жолго түшүп багытың,

Келип калчу эшигиңди жабып кет.

Келечектин үмүт чырагын жанып кет.

Мират Алчикенов

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​