Дүйнөдө да, Кыргызстанда да карантин шартында иштеп жаткан дарыгерлер коронавирус коркунучуна биринчи туш келген кызматкерлер болууда. Кыргызстандык дарыгерлер беткап сыяктуу бир жолу колдончу медициналык каражаттар тартыш экенин белгилешүүдө. Маселен, Ош шаарындагы оорукананын атын атагысы келбеген дарыгери өздүк коопсуздук экинчи орунда калганын айтты:
«Ооруканада дарыгерлердин жеке коопсуздугу камсыз болгон эмес. Бүгүнкү күнү обсервацияда 24 дарыгер иштеп жатабыз. Ал жерде коронавирус илдетине кабылган бейтаптар да бар. Бул жайда дарыгерлерге беткаптар жетишсиз болууда. Тамак-аш, идиш-аяк да жетишпейт».
Дагы караңыз Камчыбеков: Адегенде дарыгерлерди сакташ керекОш шаарынын атын атагысы келбеген дагы бир дарыгери медициналык кызматкерлер вирус жугузуп алуу коркунучу барган сайын курчуп баратканын айтты:
«Кудай сактасын деп эле иштеп жатабыз. Анткени биз карантиндеги адамдардын саламаттыгын текшерип, кайра үй-бүлөбүзгө барабыз. Балким вирусту үйгө алып барып жатабыз? Ага эч ким кепил боло албайт да».
Дарыгерлердин коопсуздугу социалдык тармактарда да кызуу талкууга алынып жатат. Бирок учурдагы абалды ачык айтып чыккан медициналык кызматкерлер бирин-серин. Көпчүлүгү алардын саламаттыгына кабатыр болгон дарыгерлердин жакындары.
Дагы караңыз Абдраманов: Биздин медицина бул кырдаалга даяр эмес болчуОшондой эле коопсуздук үчүн медиктер өз каражатына беткап, халат жана бир жолу колдонуучу мээлей сатып алууга мажбур болуп жатканы да талкууга түштү. Бул тууралуу медиа экперт Елена Баялинова буларга токтолду:
«Кыргызстанда коронавирус аныкталган биринчи жумада эле медициналык кызматкерлер даттана баштады. Аларга медициналык каражаттар жетишпей жатат. Коопсуздугу сакталган жок. Дарыгерлердин өмүрү тобокелде».
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Кыргызстандагы вирус коркунучу канчалык күч алган сайын өздүк гигиенаны сактоочу шаймандардын тартыштыгы жаралып жатканын билдирди:
«Колдон келген мүмкүнчүлүктү колдонуп жатабыз. Беткапты ар бир эки саат сайын алмаштырып туруш керек да. Бирок биздин запас түгөнүп баратат. Айрыкча өлкөнүн түштүк аймагында тартыштык күч».
Дагы караңыз «Пандемия адамзаттын тагдырын өзгөртөт»Саламаттык сактоо боюнча медиа эксперт Бермет Барыктабасова кыргыз медицинасында бул көрүнүш жаңылык эмес деп эсептейт. Анын айтымында, медиктер буга чейин эле жумуштун кызыкчылыгы жана өздөрүнүн коопсуздугу үчүн мындай нерселерди сатып алууга акчаны өз чөнтөгүнөн чыгарып келишкен.
«Саламаттык сактоо системасында медиктер дайыма даярдыкта турушу керек. Бирок ушундай кырдаал жаралганда медиктердин акыбалы кандай экени билинди», - деди ал.
Кыргызстанда коронавирус жугузган алгачкы адам 18-мартта катталды. Ал эми өлкөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 42 адамга жетти.
Дагы караңыз «Жалдыраган бейтаптарды унута албайм»Штаб тараткан маалыматка караганда, мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын-ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдеринен шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам (68 эркек, 74 аял) ооруканага жаткырылды.
Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки эки бала бар, алты жаштагы бир балада, 14 жаштагы бир өспүрүмдө коронавирус инфекциясы аныкталды. Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.