Дача СУ: жабыркагандарга кенемте төлөнө элек
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дача СУ айылындагы учак кырсыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине чогулган каражат 95 миллион сомго чукулдады. Өкмөт бул акчанын бардыгын Дача СУдагы жабыркаган үй-бүлөлөргө компенсация катары берет. Бирок учак кырсыктагандан бери бир жарым ай өтсө да, жергиликтүү тургун азыркыга чейин мамлекеттен компенсация ала электигин айтууда. Ал эми өкмөт азыркыга чейин атайын комиссия компенсация боюнча бүтүмдү чыгара электиги маалым болду.