Муз мухитинен ысык салам

Түпкүлүктүү элдер фестивалынан көрүнүш. Янранай айылы, Чаун району, Чукотка. Бул жакта азыр 5-6 кыргыз жараны жашайт.

Орусиянын Сибирь аймагы алтын, мунай, газ жана башка кендерге бай, бирок түпкүлүктүү элдер алардын үзүрүн көрбөй келишет. Ошол эле убакта бул элдердин арасынан чыккан адистер жокко эсе болгондуктан кемтикти четтен, анын ичинде Кыргызстандан келген мигранттар толтурат. Алардын айрымдары менен Орусиянын эң түндүгүндөгү Певек шаарында Жаңыл Жусупжан учурашты.

Орусиянын Түндүк уюл же Заполярье аймагындагы эвенк, эскимос, чукча элдери өз жеринде азчылыкты түзүп, ошондой эле билим деңгээли жана экономикалык даремети жагынан элдин артында калган. Натыйжада бул аймактарды чет элдик адистер каптаган. Алардын бири Азамат Абдраев.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Муз мухитинен ысык салам


Азамат Абдраев: Дарыгер болуп иштеп, орус элине жардам берип жатам. Акыбетим кайтып орус өкмөтү мен каалаган айлыкты төлөп берип, балдарымды багып жатам.

Абдраевдин кесиби гинеколог, Певекте шаардык ооруканада иштейт. Ал Ыраакы Чыгыштагы бир катар шаарларда иштеп, уул-кыздарын окутту. Чукоткада жаратылыштын катаалдыгына байланыштуу адистерге эки-үч эсе көп айлык төлөнгөндүктөн, турмушун биротоло тикелегенге чейин Чукоткада ишин улантууда. Чет жактардагы башка кыргыздардай эле Азамат киндик каны тамган жерин сагынат жана аны эч бир башка жерге теңебейт.

Азамат Абдраев: Кыргыз жери эң кымбат жер. Дүйнө жүзү боюнча эң кооз жер. Көп жерден окудум. 2005-жылы Санкт-Петербург шаарында окудум. Евразия боюнча мыкты эң таза, ден-соолукка эң жаккан суу кыргыз жеринде. Кыргыз жеринде курорттор көп. Европада мисалы Карловы Варынын суусу дары дешет. Ал эми биздин Жети-Өгүздүн суусу андан 10 эсе дабалуу. Ысык-Көлгө канча өлкөлөрдөн келип, ден-соолугун бекемдеп кетишет. Биздин жигиттер «Биз да бир күнү эс алуучу болобуз» деп күлүшөт. Кызматын мыкты билсе, эмгекчил болсо, Кыргызстанда болобу, же Кубада болобу, албетте, эс алуучудай жашайт. Кыргыз жери абдан бай жер, алтын десе алтыны бар, уран бар.

Азамат жашаган Чукоткада түпкүлүктүү элдин тагдыры социализмдин мезгилин эске салат. Малчылардын балдары бүт интернатта тарбияланып, ата-тегин тааныса да, тилин, маданиятын унутуп баратышат. Жогорку билим алгандары жокко эсе, алтын, жез жана башка кендерди башкалар казып кетишет. Суусу, жери булганган. Малчылар жайы-кышы бугунун артынан кубалап, көчүп жүргөн менен, жарыбаган айлыкка жан сакташат. Жеке менчикке бугу багууга уруксат берилбейт, мал багып, этин сата алышпай, ошону менен социалдык тепкичтин эң төмөнкүсүндө кала беришүүдө. Ал эми айдоочудан тартып, тартип сактоо, коопсуздук, өнөр-жай тармагындагы айлыгы түзүгүрөөк кызматтар бүт келгиндердин колунда. Арасында дагы бир кыргыз Кайрыкан Тургунбаева педиатр болуп иштейт.

Кайрыкан Тургунбаева: Мен Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынан болом. Чукотка жеринде врач педиатр болуп иштейм, айлык маянам жакшы. Мен жаңы келгенде Певекте кыргыздар жок экен. Бул жактан тикучма менен барганда бир сааттык жол Билингс деген айыл бар, ошол жакта кыргыздар бар экен, алар мага алыскы айылдарга барбаңыз, ал жакта тамак-аш кымбат дешти. Ошону менен Певекте иштеп жатам.

Кайрыкан Тургунбаева айткан Билингс айылында Улугбек Касымакунов эки жыл иштеп келген. Азыр ишин Певек шаарында улантууда.

Улугбек Касымакунов: Түндүк Арктиканын боюна келип иштеп жатабыз. Мен Нарындын Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынан болом, уруум азык. Келгениме үч жыл болду. Биздин турмуш татаал, суук. Бирок үй-бүлөбүздү багалы деп ушул жакта жүрөбүз.

Улугбек мурда иштеп кеткен Билингсте СССРдин маалында 400 киши жашачу экен. Муз мухитинин боюндагы бул жерде азыр 100 чактысы гана калган. Термометрдин түркүкчөсү төрт градусту көрсөтүп турса да, кеч күздөгүдөй муздак шамал согуп, мен пилоттун тонун сурап кийдим. Ал эми жергиликтүү тургундар «Бүгүн күн аябай ысыды» деп күлүштү. Билингсте Өзбекстандан Ибрагим, Кыргызстандан Турат деген жердештерди жолуктурдум. "Эмне себептен түпкүлүктүү элдин өкүлдөрүн ишке албай, чет жактардан адистерди чакырасыңар?"- десем, бул айылдын аксакалы, аты орусча Геннадий деген киши -"Биздин балдар айлык алса, акчасы бүткөнчө ичип жатып калышат, ошондуктан, башка жактардан киши алып келебиз" -деди.

Видеодо: чукчалардын элдик бийи

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чукчалардын (кыргыз туусу астындагы) элдик бийи

Чукотканын эң батышындагы Чаун деп аталган бул райондо баш-аягы беш-алты кыргыз бар экен. Алар менен катар бурят, башкир, украин, тува жана башка көптөгөн улуттардын өкүлдөрү жашаган аймакта чет элдиктерди кысмактоо деген жок сыяктанды. Улугбек да муну бышыктады.

Улугбек Касымакунов: Бул жакта беш-алты кыргыз иштешет. Бирөөсү жарым аралда, ар кайсы жерлерде иштейбиз. Ишиңди так аткарсаң, айлыгыңды төлөп берет, эч ким сага эч ашык сөз айтпайт. Биз ак ниетибиз менен иштеп жатабыз, ошондуктан бизди эч жакка кетиргилери келбейт.

Чукоткадагы кыргыздардын көбү өмүрлүк жарларын, уул-кыздарын Кыргызстанда калтырып, бул жакта бой жашашат. Кышы тогуз айга созулса, анын алты айы дээрлик караңгы түн болгон аймактагы катаал турмушка жердештер жалаң акча үчүн гана чыдап жашап жаткандыгын элестетүү кыйын эмес. Тапкан акчасын коротконго деле мүмкүнчүлүк жок. Бир кезде 25 миң киши жашаган, Кошмо Штаттарга караган Аляскага жакын болгондуктан, стратегиялык чек ара аймагы катары Москванын атайын каржылоосунда болгон Певекте бүгүн үч миңге жетпеген киши жашайт. Бүтүндөй райондор аңгырап, бош калган. Автобазасында машиналар турган боюнча катып турса, согушта бомбалган жерлерди элестетет. Алтын, жездин кендери казылган жүздөгөн чакырым аймактарда жерди оңторгон бойдон калтырышкан. Кенден уламбы же башка себеби барбы, крандан аккан суусу сапсары болгондуктан, сууну сатып ичишет.

Жери термофрост же түбөлүк тоң болгондуктан, көп кабат үйлөрдү бетон түркүктөрдүн үстүнө салышат. Шаарда болгону эки кафе болсо, биринде бир кофени жети долларга аласыз. Экинчи кафеси арзаныраак, башка бар, эс алуучу жайлар жок. Канадалык алтын компания курган кинотеатрда Голливуддун блокбастеринен башка кино көрсөтүлбөйт. Ат-Башынын катаал жаратылышына көнгөн Улугбеккке бул жактын жашоосу анча оор эмес, бирок мындан үч жыл мурда кызы төрөлгөнүн телефондон укканын эстегенде көзүнө жаш кылгыра түшкөнүн байкадым.

Сырты көк, кызгылт түскө боелгон көп кабаттуу үйдүн батириндеги жайыл дасторконго Кайрыкан ушул жактын баалуу голец деген балыгын койду. Августтун батпас күнү каралжын тарткан мухиттин ар жагынан кылгыра карап турду.

Дасторкон үстүндө Кыргызстандын эгемендик күнү келатканын эстешип, ак тилектер айтылды. Ал эми темир уста Улугбек гитарасын көтөрө келген экен, ал черткен "Кыргыз көчү" теребелди терметип, көңүлдөрдү көкөкөлөтүп турду.

Улугбек Касымакунов: Мен чоочун жерде колуман келишинче кыргыз улутун көтөргөнгө аракет кылып жүрөм. Менин артыман кыргыз баласын жакшы баалап, кыргыз элин жакшы кабыл алгандай болсун деп ошого аракет кылып жүрөм.Ошондуктан урматтуу кыргыздарым, өз жериңерде калгандар, силерге баа берем. Патриот деген орустун сөзү бар, өзүңөрдүн кыялыңар менен үмүтүңөрдүн акыбети кайтсын. Бактылуу болгула! Бай болгула! Көбөйгүлө!

Кайрыкан Тургунбаева: Биздин өзүбүздүн жердештерибизди, Кыргызстанда жашаган кыргыздарыбызды келе жаткан эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап кетким келет. Кыргыз элим силерге ден-соолук, узун өмүр, бакыт каалайм! Алтындарым, экономиканы өстүргүлө! Биз таранчыларга окшоп ар кайсы жакта тарап жүрбөй, өзүбүздүн жерибизде, өзүбүздүн элибизде иштейт элек.

Өзүм жөнүндө айтып кетсем биздин үй-бүлөдө он балабыз. Быйыл Кыргызстанга туулуп өскөн шаарым Таш-Көмүргө барганда апамдын сексен жылдыгын өткөрдүк. Апама арнаган ырым бар эле ошону окуп берейин.

Апам, атам силерсиңер алтындарым,

Алдейлеген, бөпөлөгөн жараттыңыз.

Аттанып кеткен атам оо дүйнөгө,

Апаке, сиз жүзгө чыгың жашарыңыз.

Кайратыңыз кажыбаган сиз бийиксиз,

Саркамыш тоолорду ашкан сиз кийиксиз.

Билем ата туусундай байлыгыбыз,

Сизге тилейт ден-соолук уул, кызыңыз.

Кыздарыңыз кээ бири элестетет атамды,

Чоң атама окшоп кетет балдарыңыз.

Тынчтык болсун элибизде,

Достук болсун элибизде,

Кудайыбыз колдосун,

Жол жокторго жол болсун,

Жалгыздар тапсын түгөйүн,

Жаштарым тапсын сүйгөнүн.

Улугбек Касымакунов: Кыргызстанда тынчылык болсун! Эң биринчиден, өзүмдүн үй-бүлөмө балдарыма айтаарым, мага окшоп талаа жерде жүргүсү келбесе окусун. Мен деле окуп жүргөм, бирок жашоо тиричиликтин айынан ушул жакка чейин келдим. Бул жакта отуруп алып сарсанаа болот экенсиң, Кыргызстанда көтөрүлүш болбосун. Кыргыз элине мен ишенем, Кудай буйруса оңолуп кетээрибизге, бирок ишенич бул биздин колубузда. Иштеш керек. Бардык жерде жакшы иштесек элибиз оңолот деп ойлойм. Алдыда келе жаткан майрамыңар менен! Сиздер менен чогуу болсун майрамыбыз. Согуштан тышкары бололу. Эч качан көтөрүлүш болбосун. Кыргыздар чачыранды болбойлу. Сиздерге да чоң рахмат! "Кыргыз көчүн" ойноп калам. Он беш миң чакырым алыста жүрөбүз, түндүк муз океандын жээгинде турабыз. "Кыргыз күүсү" түбөлүк жаңыра берсин.