Кой-Ташта кырдаал курчуду

Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери бастырып киргенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 7-августта кечки саат сегизге жакын кабарлаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында жараат алгандарга "Тез жардам" келгиче атайын бөлүктөгү аскерлер өздөрү жардам бере баштады.

Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:20га алынган маалымат боюнча Чүй облустук ооруканасына Кой-Таш айылынан төшүнө желим ок тийген эки адам жаткырылды. 

Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:20га алынган маалымат боюнча Чүй облустук ооруканасына Кой-Таш айылынан төшүнө желим ок тийген эки адам жаткырылды. 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери жүрөт.