Сүйлөшүүлөр коронавирус пандемиясына байланыштуу токтоп калган. Ошол эле кезде коомчулукта талаштуу тилкелер кимдин пайдасына чечилип жатканы тууралуу суроолор көп.
Жаңы макулдашуунун дайыны
Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын Ташкент шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы жөнүндө 28-августта учкай маалымат таратты.
Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан билдирүүдө айтылгандай, эки күн ичинде тараптар эки протоколго кол коюшту.
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев алар кайсылар экенин мындайча маалымдады:
«Тараптар узундугу 94,5 чакырым келген кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү чегин сүрөттөө долбоорун макулдашты жана бекитти. Ошондой эле макулдашылбаган 10 тилкенин бири макулдашылып, бекитилди. Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмелери конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлду. Тараптар коңшу элибизди тынчсыздандырган чек ара маселесин чечүү максатында жумушчу топтордун ишин жандантууну макулдашты. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин жумушчу жолугушуулардын графигинин планы бекитилди. Алар ай сайын өткөрүлмөкчү».
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров баштаган кыргыз делегациясы Өзбекстанда 26-27-август күндөрү болду. Мадумаров бул күндөрү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана премьер-министрдин орун басары деңгээлиндеги кеңешчи Мехриддин Хайриддинов баштаган расмий топтор менен кездешти.
Жыйындарда өкмөттүк делегациялардын мамлекеттик чек аранын долбоордук линияларын сүрөттөө боюнча мындан аркы иши, ошондой эле чек аралардагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Алардын жүрүшүндө вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чек араны тактоо иштери эмнеге солгундап калганын түшүндүрдү.
«Коронавирус инфекциясынын жайылышынан, ошондой эле бир катар объективдүү себептерден улам, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши жайлап калды. Буга карабастан, кылымдар бою коңшулук мамиледе жашап келген бир тууган эл катары, калган тилкелерди делимитациялоо процессин тез арада жыйынтыктоого кам көрүшүбүз керек жана 2017-жылы кол коюлган келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо ишин баштоо зарыл», - деди ал Өзбекстандагы кездешүүлөрдүн биринде.
Белгисиз жагдайлар көп
Деген менен азырынча макулдашылганы айтылган жерлер кайсы тилкелер экени так маалымдалган жок. Былтыр да ошондой болгон.
2019-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосуп, жол сала баштаганы ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон.
Жергиликтүүлөр нааразы болуп чыккандан кийин гана кыргыз өкмөтү Керкидан алмаштырылганын, андагы 413 гектар үчүн расмий Бишкек өзбек тараптан жер алганын кабарлаган. Тагыраагы Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) Өзбекстан Кыргызстанга жер бергени маалымдалган.
Ушундан улам да коомчулукта калган тилкелер кимдин пайдасына чечилгени тууралуу көп суроолор калып жатат. Чек ара боюнча адис Жумали Адилбаев буларга токтолду:
«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев досум менен сүйлөшүп, 85% чек араны чечтик» деп мактанбады беле? Ошондо ал калп айткан. Бул тилкелер мурда эле такталган тилкелер болчу. Ал эми калган 15% тилке чечүүгө өтө татаал, чиеленишкен маселелер. Анын ичинде мына Сох анклавы, Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын айланасындагы жерлер, Ала-Бука районундагы талаш жерлер жана башка тилкелер. Эң жаман жери - мобу аталгандардын үчөө тең сууга байланыштуу. Менимче, Сох азыр чечилбейт, аны Өзбекстандын бийлиги аны сүйлөшүүлөрдө көзүр катары кармайт. Кемпир-Абад боюнча илгери сегиз тилке алган экенбиз, бирок ал жерлерди биз пайдаланбай эле, келишим кагаз жүзүндө калып калган. Азыр Кемпир-Абаддагы жер де-юре биздики, де-факто биздики эмес болуп калып жатат. Ушундай маселелер да, кыскасы. Азыр сүйлөшүүлөрдө мына ушул жерлерби, же башка тилкелерби, кайсы экени белгисиз. Менимче, бийлик бардыгы бүтмөйүнчө айтпай коё туралы деп жатат окшойт. Бирок биздикилер кайсы бир нерселерди убада берип коюп, анан ошону аткарууга аргасыз болуп калып жатышабы деп корком. Элде да ошондой кабатырлануу бар. Анткени Үзөңгү-Кууш, кийин Каркырага байланыштуу, анан кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасындагы мурдагы алмашуу маселелеринде элдин «оозу сүткө күйүп» калган».
Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени да кабарланган. Азыркы сүйлөшүүлөр так ошол 10% жана калган 5% тилке жөнүндө болуп жатат.
8-августта «Биринчи радиодогу» маегинде президент Сооронбай Жээнбеков чек араларды тактоодо Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынып жатканын билдирген.
«Чек ара маселесин чечүүдө, албетте, биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыктары эске алынышы зарыл. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Бул маселенин татаалдыгы да мына ушунда. Азыр коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда. Өкмөт аралык жумушчу топтор тынымсыз байланышта иштеп жатышат. Иш жакшы кетип атты эле, коронавирус илдети муну токтотуп койду. Муну буюрса, улантабыз. Чек ара маселесин бир тараптуу чече албайбыз. Бул өлкөбүз эгемендик алгандан берки чечилбей келаткан оор маселе. Сабырдуулук менен, сүйлөшүү жолу менен улантабыз. Буюрса, бул иштин өтөсүнө чыгабыз», - деген мамлекет башчы.
Так ушул такталбаган тилкелерден улам кыргыз-өзбек чек арасында ар кандай чатактар адатка айланып калган. Кээде тараптардын чек арачылары эки өлкөнүн жарандарына карата ок аткан учурлары кездешсе, көбүнчө жакын жашаган тургундар чатакташа кетишет.
Дагы караңыз Бийликке талап койгон блогер камалды2020-жылы 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган. Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.