Жети дубандын кыз-келиндери волейбол ойношту

«Дилгир» лигасында «Аксы» командасы чемпион болду.

«Береке» командасынын оюнчулары беттеш учурунда. 

Айрым энелер мелдешке кыздарын да ала келген.

Кыргызстанда "Дилгир" лигасынан сырткары "Энелер" лигасы да бар. Ага жашы 45тен өйдө айымдар катыша алат.

Эне жана бала. 

Көрүүчүлөр. 

Узун тырмак менен деле волейбол ойносо болот. Болгону манжаларды атайын бинт менен ороп коюш керек. 

​​«Дилгир» лигасынын өзгөчөлүгү - мелдештерге 30 жаштан өйдө кыз-келиндер гана катыша алышат.

Жалал-Абад облусунан келген "Көк-Арт" командасы тыныгуу учурунда. 

"Көк-Арт" командасынын мыкты оюнчуларынын бири Жамиля. 

Волейбол федерациясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 135 миңден ашык киши волейбол менен машыгат. 

«Аксы» командасы финалда Бишкектик «Береке» командасын 2:0 эсебинде утуп, кубокко ээ болду. Экинчи орунду «Береке», үчүнчү орунду «Сезим» командалары ээледи.

Мелдеште мыкты оюн көрсөтүп, өзгөчөлөнгөн оюнчуларга атайын сыйлыктар ыйгарылды. 

Мелдешке кеткен энесин күтүп жаткан балакай.

«Аксы» жана «Береке» командасынын оюнчулары финалдык беттештен соң.

Бишкекте волейбол боюнча кыз-келиндер арасында «Дилгир» лигасынын мелдеши өттү. Кызыгы, бул мелдешке жашы 30дан ашкан кыз-келиндер жана энелер катыша алат.