Теннистин майын чыгарган жаштар

Бишкекте «Sunrise Open − 1» эл аралык мелдеши 12-августта башталган. 

Теннис боюнча мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Израилдин, Индиянын, Украинанын, АКШнын жана Беларустун спортчулары катышып жатат.

Таймаштар 14 жаштан 18 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында өтүүдө. 

Казакстандык теннисчи Дмитрий Безбородов. 

Орусиялык теннисчи Полина Паунова. 

Таймаштарда теннисчилер жекече жана экиден беттешти. 

Биринчи жуманын жыйынтыгы менен кыздар арасындагы жуптук таймаштарда казак спортчусу Адел Малгонусова менен беларус теннисчиси Дарья Зубцовскаялар жеңишке жетти. 

Казакстандык теннисчилер Дмитрий Безбородов менен Данил Озерной (сүрөттөгү теннисчи)  балдар арасындагы жупташкан таймашта жеңүүчү болушту. Алар өзбекстандык Игорь Котченков менен Бекзод Расаматовду эки партияда 6:4, 6:2 эсеби менен жеңип кетти. 

Кыздар арасындагы жекече беттештерде финалга эки орусиялык теннисчи кыз чыгып, жыйынтыгында Юлия Трифонова атаандашы Полина Паунованы — 6:1, 7:5 эсебинде утуп, жеңүүчү болду. 

Спортчулар арасында таймаштар кызуу жүргөнү менен мелдешти көрүш үчүн келген теннис ышкыбоздору дээрлик жок. 

Тыныгуу. 

Казакстандык теннисчи Данил Озерной. 

Данил Озерной жекече беттеште финалда жеңилип калды. Ал украиналык Алексей Шестаков менен күч сынашты. 

Бишкектеги «Sunrise Open» эл аралык мелдеши 24-августта жыйынтыкталат. 

Кыргызстандын теннисчилери мелдештин чейрек финалына да чыга алышкан жок. 

Мелдешти Кыргызстандын Теннис федерациясы уюштурууда.