"Кыз төрөгөнүм үчүн урчу". Кызыл камчы күйөөдөн качкан Асел

"Экинчи кызым төрөлгөндө эле күйөөм менен ажырашкам. Кыздарымды бала багуучуга каратып, өзүм иштеп жаткам. Пандемия башталып, жумушум токтоп калганда ачка калдык. Айла жок күйөөмө кайтып келдим... Анан үчүнчү кызым төрөлдү...". 
 

"16га жаңы чыкканымда күйөөм мени ала качып кетти. 9-классты жаңы эле бүткөн элем. Университетте окуп, биолог болгум келген. Чет өлкөгө барып окуйм деп кыялданчумун. Кыялдарым бир заматта талкаланды. Жашым жете элек болгондуктан расмий некеге дагы турган жокпуз". 
 

"Күйөөм башында сылык-сыпаа, жакшы мамиле кылчу. Тогуз айдан кийин балалуу болдук.Тун кызым төрөлгөндө өзүнчө бактылуу элек. Анан эле атам каза болуп, апам түрмөгө отуруп калды. Атам апамды көп сабачу. Бир күнү экөө дагы уруша кетип, апам коргоном деп жатып атамды өлтүрүп алыптыр. Баары ошондон кийин башталды". 

"Күйөөм көр жеме экен. "Бара турган жериң жок, сенин эч кимге керегиң жок, сенин апаң киши өлтүргүч" деп күн алыс жемелей баштады. Көп өтпөй сабаганга өттү".

Аселдин кыздарына даярдаган дастаркону. 
Азыр Асел күйөөсүнөн качып үч кызы менен курбусунун үйүндө жашап жатат.

"Зордукчул күйөөдөн кетиш оңой, бирок кайтып барбай коюш кыйын... Анткени аялдарга сырттан колдоо жок. Бала менен кеткенде кимден жардам күтөм деп ойлошот. Ошондуктан баарына чыдап жашай беришет. Мен мисалы күйөөмден беш жолу качып кеттим. Бирок арга жок кайра эле кайтканга туура келет. Анткени бара турган үйүм, жардам берер жакыным жок" дейт Асел.

"Күйөөм сабаган учурда көп эле жолу милиция чакырдым. Ишенесизби мындайда жада калса милиция жардам бербейт экен. Милиция келет, үч күнгө ордер жазып берет, болду. Үч күн урбаганы эле болбосо, көр жемеси токтобойт. Үч күн өткөндөн кийин кайра эле сабайт. Аялды сабаганы үчүн жок дегенде эки-үч күнгө камап койсо эсине келет беле... Анан милиция деле чакырбай калдым".

"Экинчи кызым төрөлгөндө күйөөм "эмнеге кыз эле төрөй бересиң" деп жаңжал чыгарчу болду. Эки кызымды алып үйдөн чыгып кеттим. Кризистик борборго барып жашадым. Жумуш таап, батирге чыгып жакшы эле иштеп жаткам... Пандемия башталып, карантинде жумушум токтоп калды".

"Пандемия болбогондо баары башкача болмок деп ойлой берем. Күйөөмө кайтпайт болчумун. Азыр эми үчүнчү кызым төрөлдү".

"Башкалар күйөөсү зөөкүр болсо "эмнеге кетип калбайт?", "эмнеге кайра-кайра эле төрөй берет?" деп айтышса керек. Бирок боюңа бүткөн баланы өлтүрүү өтө кыйын экен... Зөөкүр күйөөдөн кетип калыш өтө оңой, бирок кайра кайтып келбей коюш кыйын экен... Жок дегенде апам жанымда болгондо жеңил болмок".

"Күйөөмдөн качып кризистик борборлордо көп жашадым. Ал жакта күйөөсүнөн качкан аялдар абдан көп. Төрт-беш балалуу келиндер бар. Кризистик борбордо убактылуу гана жашап турасың. Өзүңдүн көйгөйүңдү өзүң гана чечип үйрөнүшүң керек".

"Мектепти толук окуп бүтпөгөндүктөн, жогорку билимди да алган жокмун. Азыр билимиң жок болсо жумуш табуу кыйын экен. Анын үстүнө балдарыңа каралашкан киши жок. Балалуу аялдарды көптөр жумушка алгысы келбейт. Жада калса батирге дагы чыгуу да оор. Балдары менен төлөй албай калат деп киргизишпейт".

"Кыздарым мага окшоп турмуштан сынбай, татыктуу билим алса экен дейм... Мен көргөн азапты алар көрбөсүн деп кудайдан суранам".
 

"Кичине кызыма төрт ай болду. Азыр жумуш издеп жатам. Жакшы жумуш чыгып калса, кыздарымды бала багуучуга калтырып, өзүм жумушка чыксамбы деп турам... бирок балалуу энеге жумуш табыш өтө кыйын тура".

"Өткөндө күйөөм үйгө келип ызы-чуу салганда, кыздарым менен түн ичинде үйдөн качып чыкканбыз.Эшикте каар жаап жаткан. Кыздарымдын кийимдерин алганга жетишпей калдым. Ошондо төрт айлык кызыма суук тийип калса керек. Ооруп жатат. Азыркы акыркы акчама дары алдым. Бүгүн кризистик борбордо түнөйбүз. Эртең кайда барарыбызды билбейм"

Асел бүгүн жумуш издеп чыгып, бирок таппай үйгө кайтты...

"Мамлекет жалгыз бой энелерге камкор болуп, колдоо көрсөтсө деп ойлойм. Ушундай жашоо башыма түшкөндө мендей балдары менен жалгыз калган энелер өтө көп экенин көрдүм... Эгер мамлекеттен колдоо болгондо, окуп, иштеп кыздарымды өзүм тарбиялап чоңойтот элем. Кыздарым атасы мени кантип сабап жатканын көрбөй чоңоюшса дейм".

"Балким мамлекеттен колдоо болгондо мен күйөөмө кайтпай өз алдынча кыздарым менен оокат кылып кетмек белем... Азыр эми үч бала менен кайда барарымды, кимден жардам сурарымды билбей. Крзистик борбордо эки ай жашайсың дешти. Эки айдан кийин кайра күйөөмө кайтып баргым келбейт".

Адистер абьюзер темасын ачык айтылып, коомчулукта байма-бай көтөрүлүп, аялдар зордук-зомбулукка чыдап жашай бербеши керек экенин айтышат. Тилекка каршы Кыргызстанда зөөкүр күйөөсүнөн качкан жалгыз бой энелерге кам көрүп, колдоо көрсөтө турган атайын мамлекеттик программалар жок".

Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.