Бишкек: өзгөчө абал кирген күн

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал 25-марттан баштап киргизилди. 

Бишкекке кире бериш жолдогу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бекетинин кызматкерлери айдоочулардын ар биринин дене табын текшерүүдө. 

25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарына аймактардан келген автоунааларга кирүүгө чектөө коюлду. 

​Саат 07.00дөн 20.00гө чейин (күндүзгү убакыт) өзгөчө абал режими киргизилген аймакта каттоосу барлардын жана жашоо-тиричиликке, стратегиялык жана башка мамлекеттик объектилердин ишмердүүлүгүнө тартылган автоунаалардын жүрүшү чектелбейт.

Ош базары. Эрежеге ылайык, өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу үчүн жана дарыгерге, дарылоо процедураларына барууга гана үйлөрүнөн чыга алат.

Блокпосттон жөө өткөн жүргүнчүлөр да текшерилип жатат.

Адамдын дене табын өлчөөчү аппарат. 

Бишкекке кире бериш жолдогу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бекети.

Карантинге карабай Ош базарында соода кызыган учур. 

Атайын коргонуучу кийим кийген кызматкерлер. 

Ош базарынын жанында коргонуучу каражаттарды сатып жаткандар.

Ош базарына нан алууга келген жарандар. 

Банкка кезек күткөн жарандар. 

Автобус күткөн жүргүнчүлөр. 
Өзгөчө абал эрежесине ылайык шаардагы бардык коомдук транспорттор токтотулган. 

Милиция кызматкери жөө кишилер жүрчү жолду көзөмөлдөп турат. 

Коргонуучу бет кап кийген айдоочу. 

Шаардын көчөлөрү ээн. Бейчеки баскан киши жок. 

Милиция кызмактери Бишкек шаарынын кире беришине орнотулган блокпостто айдоочуларды текшерип жатат. Бишкек шаарында катталбаган айдоочулар артка кайтарылууда. 

Шаарга кирүүнү каалаган ар бир жүргүнчүнүн дене табы текшерилүүдө. 

Шаарга кирүү үчүн кезек күткөн айдоочулар. Бишкек. 

25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.