Чокморовдун сындан өткөн беш айкели

Айкелчи Азамат Абдрахманов.

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун өзүнө окшобой калды деп коомчулукту нааразы кылган айкелди алмаштыруу маселеси талаш-тартыш менен коштолууда. Элдин купулуна толбогон айкелдин автору нааразы экенин билдирип, өзүнүн эмгек акысы толук төлөнбөй жатканын билдирди.

Чокморов атындагы фонд автордун эмгеги комиссиядан өтпөй калгандан улам жарым акысы берилбей калганын айтууда.

2017-жылы Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги тургузулуп, анын туулган күнүнө карата 9-ноябрда ачылган.

Бишкектеги Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги.

​Тилекке каршы, айкелдин Чокморовдун өзүнө окшошпой калганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, коомчулукта нааразы пикирлер айтылгандыктан аны алмаштыруу чечими чыккан.

Сүймөнкул Чокморовдун агасы Сүйөркул Чокморов жана Болот Шамшиев.

Ал маселе айкелдин автору менен буюртма берген тараптын ортосунда талаш-тартыш жаратты. Бул тууралуу даңазалуу актердун уялашы Сүйөркул Чокморов кеп козгоду.

- Автордун кылган ишинин жарымы төлөнүп, жарымы төлөнө элек болчу. Жарым ишине авторго документтериңди алып кел, айкел коомчулукка жакпай калганын да эске алалы десек ал “менин кылганым ушул” деп болбой жатат. Эми бизди сотко берем дегенсип жүрөт. Эсеп палатасынан комиссия келип документтерди текшерген.

Сынакка коюлган эстеликтер.

​Чокморов учурда жаңы айкелдин эскизи боюнча былтыртан бери кайра-кайра конкурс болуп, аны алмаштыра турган эстелик адистер тарабынан тыкыр каралып жатканын белгиледи.​

Сынакка коюлган эстеликтердин бири.

Коомчулуктун сынына кабылган эмгектин автору Алмаз Кожогулов айкелди алмаштыруу аракети мыйзамсыз жүрүп жатат деп эсептейт.

- Мен ал айкелди ошол боюнча эле калтырат элем. Мыйзам боюнча алар мени менен толук эсептешсе болмок. Кырк пайыз төлөп, калганын беришкен жок. Азыр жүрүп жаткан сынак мыйзамсыз. Биринчиден, айкел тургандан кийин толук түрдө эсептешүү зарыл. Анан өкмөттүн эстеликти жокко чыгаруу боюнча чечими болушу шарт. Ал элдин баарына жакпай калды деп айтканга болбойт. Алдыга умтулган билимдүү интеллигенция арасында менин ишимди жактыргандар да бар.

Сынакка коюлган эстеликтердин бири.

​Кожогулов өзү Сүймөнкул Чокморовду кандай көрсө ошондой жасаганын, заманбап искусство дайыма ушундай талаш-тартыш пикир жаратып келгенин айтууда.

Калыстар тобу сынакка катышкан эстеликтерди талкуулап жатышат.

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахманов бул долбоорго Бишкек мэриясынан 3 миллион сом бөлүнүп берилгенин, Алмаз Кожогуловго ал акчанын жарымы төлөнүп, калганы эмне үчүн берилбей калганын мындайча түшүндүрдү.

Сынакка коюлган эстеликтердин эскиздери.

- 1,5 миллион сом эстеликке сарпталган. Калган акчасы бизде турат. Кожогулов Финансы полициясына, Эсеп палатасына арыз жазып, алар бизди келип текшерип, акты түзүп кеткен. Каражаттын банктагысы банкта, кассадагысы кассада турат. Айкел коюлгандан кийин аны эл жактырбай жатканда биз Кожогуловго "калган акчаны төлөбөйбүз" деп айтканбыз. Чынында бизде ага төлөбөй коелу деген деле ой болгон эмес. Эл жактырбай койгондон кийин эстеликти комиссия да кабыл албай койгон. Автор өзүнүн эмгегин комиссияга тапшырган эмес. Анан биз комиссиянын протоколунун негизинде кабыл алуу актысы жок болгондуктан акчасын төлөгөн эмеспиз, - деди Сагынбек Абдрахманов.

​Абдрахманов жаңы айкелдин эскизине жарыяланган сынакка жалпысынан 18 скульптор катышып, 27 эмгек сунушталганын, былтыртан бери жүрүп жаткан сынакта алардын бешөө тандалып алынганын билдирди. Эми апрель айында акыркы тур өтөт.

Сынакка катышкан айкелдердин бири.

​Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков кыргыз коомчулугунда залкар инсандардын атын түбөлүккө калтыруу негизинен алардын мааракелерин өткөрүү жана эстелик коюу менен гана чектелип келатканы жакшы көрүнүш эместигин айтты:

- Улуу кишилердин мааракесин өткөрүүчү комиссия деген аларды изилдеп, чыкпай калган чыгармаларын, айтылбай калган ойлорун алып чыкса болбойбу? Мемуар жагынан да, илимий жагынан да терең изилдеп, мамлекетке ал калтырган чоң байлыкты таап чыгышы керек да. Бизде болсо эстелик эле тургузуп жатышат. Мындай карап көрсөң килейген Москвада деле Пушкиндин, Есениндин эстелиги анчалык деле көп эмес. Мен залкар инсандардын баарын сыйлайм. Бирок эгер алар тууралуу толук маалымат берилбесе, билбей калса, кийинки муун бул ким эле деп сурайт да.

Сынакка коюлган айкелдердин бири.

​Абдыкалыков кийинки кездерде коюлуп жаткан эстеликтердин дээрлик көбү эстетикалык жактан да талапка жооп бербей жатканын кошумчалады.

Калыстар тобу сынакка катышкан айкелди талкуулап жатышат.

Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.