Жол кырсыктарынын курмандыктары эскерилди

Бишкекте 21-ноябрда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өттү. Бул жолку акция "Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз өткөөлү" деген кампаниянын алдында уюштурулду. 

Тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониядан өкмөт үйүнө чейин жөө басып, жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү тууралуу шаардыктарга маалымат таратышты. 

Уюштуруучулар бул акция жолдогу кырсыктардын масштабын элге жеткирүү аракети экенин билдиришти.

Акциянын катышуучулары.

Жөө жүрүштүн катышуучулары "Мас айдоочу - кылмышкер!", "Жол эрежеси - жашоонун эрежеси", "Баарыбыз жашагыбыз келет!" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча, ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленген.

 

Жөө жүрүшкө Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерди да катышып, жарандарды эреже сактоого чакырышты.

Жөө жүрүштүн катышуучулары.

Акциянын жүрүшүндө жол кырсыктарынан каза тапкан балдардын элесин чагылдырган арт-инсталляция көрсөтүлүп, акциянын катышуучулары ага гүл коюшту.

Иш-чара "Пролекс", "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фонддору жана Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулду. Ага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросу колдоо көрсөттү.

Тынчтык жүрүшүнө Бишкек шаарынын тургундары, жол кырсыгынан жакындарын жоготкондор, жол кырсыгына кабылгандар, Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери, ЮНИСЕФ жана балдар уюмдарынын ыктыярчылары барышты.

Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болот. 

Жол кырсыгына учураган Гүлзана акцияга катышып, айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого чакырды. 

"Мен алты жыл мурун Алматадан келе жатып, жол кырсыгына кабылгам. Омурткам сынып, көкүрөгүмдөн ылдый жагын такыр сезбейм. Ошондо аман калганыма сүйүнөм. Азыр менин ар бир күнүм өзүнчө күрөш. Айдоочуларга айтаарым, жол эрежесин сактаңыздар. Ар бир өмүр - кымбат", - деди ал акциянын аягында сөз сүйлөп жатып.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны сегиз миңден ашык.