Жиу-житсу - билеги күчтүү балбандардын кармашы

Жиу-житсу - жапон спорту. Анда атаандаштар негизинен кол күчү менен күрөшөт. 

Жиу-житсу боюнча жабык имараттардагы Азия оюндарынын чемпиону, 2018-жылы Жакартада өткөн Жайкы Азия оюндарынын коло байгесинин ээси, Кыргызстандын Жиу-житсу федерациясынын президенти Абдурахманхажи Муртазалиев мелдештин катышуучулары менен. 

Мелдешке жети облустан жалпы 320 балбан катышты.

Таймаштар төрт багытта - өспүрүмдөр, жаштар, кыз-келиндер жана чоңдор арасында өттү. 

Жиу-житсу алгач өзүн-өзү коргоого үйрөткөн спорт түрү катары таанылган. 1950-жылдан кийин гана спорт түрү катары мелдештер өткөрүлө баштаган. 

Кыргызстанга жиу-житсу спорту 2013-жылы келген.

Жиу-житсу федерациясынын билдиришинче азыр өлкөдө бул спорттун түрү менен үч миңден ашык киши алектенет. 

Чемпион кыздар. Мелдешке 40 кыз катышты жана алар жети салмактык бөлүктө күч сынашты. 

Жиу-житсу боюнча өлкө чемпионатын 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. 

Үч бурчтук ыкмасын жасап жаткан спортчу. Үч бурчтук - жиу-житсуда негизи деп саналган үч ыкманынын бири. Мында балбан атаандашынын башын буту менен кысып, колун өзүнө карай тартып, багынууга аргасыз кылат.  

Чемпионаттын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катышты. 

Кыргызстандын Жиу-житсу федерациясынын президенти Абдурахманхажи Муртазалиевдин билдиришинче, мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасы түптөлөт.

Мелдештин жеңүүчүлөрү. Чоңдор арасындагы мелдештер жети салмактык бөлүктө өттү. 

Жиу-житсу Жайкы Азия оюндарынын программасына кирген. 2018-жылы Жакартада өткөн Жайкы Азия оюндарында кыргызстандык төрт спортчу - Төрөкан Багынбай уулу алтын, Нурсултан Алымкулов күмүш жана бир тууган ага-инилер Абдурахманхажи жана Муртазали Муртазалиевдер эки коло медаль утуп келген. 

Спорттун жиу-житсу түрү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.