Гольф: аптаптагы мелдеш

Гольф чебери Жантай Малатаев. Ал спорттун бул түрү менен сегиз жашынан тартып машыгат.  Эки жыл мурун  АКШнын Тенниси штатындагы университетке тапшырган жана гольфту таштаган эмес. 

Мелдештин катышуучуларына аптап тоскоол болгон жок.

Таймашта 20 спортчу күч сынады.

Мелдеште жаш курагы жагынан чектөө болгон жок.

Мелдешке Кыргызстанда жашаган чет элдик спортчулар дагы катышты.

Мелдеш Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубда өттү.

Кыргызстандын Гольф федерациясы 2011-жылы түзүлүп, Азия-Тынч океан аймагын камтыган конфедерацияга мүчө болгон. Ошондон бери кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерге катышып келет.

Жантай Малатаев - гольф боюнча "спорт чебери" деген наамга ээ болгон Кыргызстандагы алгачкы спортчу.

Мелдештин катышуучулары.

Катышуучулардын арасында Кыргызстандын Гольф федерациясынын өтмө кубогунун ээси (2019-жыл), 54 жаштагы спортчу Константин Суриков да болду.

Гольф спорттун кымбат түрүнө кирет. Кыргызстанда бир күн гольф ойноого эки жарым миңден беш миң сомго чейин сарпталат.

Эл аралык талап боюнча гольф 18 аянтчада ойнолот. Бирок Кыргызстанда гольф ышкыбоздоруна ылайык болгон тогуз гана аянтча бар. Мындан улам спортчулар оюн талааларын эки ирет айланып, ойноп чыгышат. 

Гольф 2016-жылы Бразилиядагы жайкы Олимп оюндарынын программасына киргизилген.

Жантай Малатаев гольф спорту боюнча Олимп оюндарына катышууну кыялданат.

Эс алуу күндөрү Бишкектин четиндеги аянтчада гольф ышкыбоздорунун мелдеши өттү. Таймашта 20 спортчу күч сынады.