Селсаяктар түнөгөн Айтиевдин үйү

Гапар Айтиевдин борбор калаадагы үйү.

Кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин борбор калаадагы үйү көп жылдан бери кароосуз турат. Шаар тургундары ал жерде учурда селсаяктар түнөп жатканын айтышат.

Тиешелүү адистер бул үй сүрөтчүнүн үй-бүлөсүнүн менчиги экенин, тарыхый эстеликтер тизмесине кирбегенин билдирди.

Серепчилер мындай тарыхый жайлар менчиктин кандай түрүнө кирсе да мамлекет тарабынан коргоого алынышы керек деп эсептешет.

Шаар тургуну Бакыт Болгонбаев "Фейсбуктагы" баракчасына Гапар Айтиевдин үйүн селсаяктар байырлап алганын көрсөткөн видео жарыялады.

- Бул жер кимдин үйү экенин билесиз да...
- Ооба, Гапар Айтиевдики... Ал Кытайдан келген киши...
- Ким келди Кытайдан?
- Гапар Айтиев да...
- Ал кыргыз элинин улуу сүрөтчүсү. Бул үйгө эч ким кирбеш керек эле...

Социалдык тармакка жарыяланган видео коомчулуктун талкуусуна түштү.

Сүрөтчүнүн короо-жайы кароосуз калганына күйүп-бышкан Бакыт Болгонбаев маселеге ушул убакка чейин тийиштүү мекемелер көңүл бурбаганына капа.

- Өткөн күнү эле кайра видеого түшкөн адамды жолуктурдум. Ал короого кирип бараткан экен. Улуу адамдын үйүн көчөдө калган адамдардын байырлап алганы кайгыртты. Балдары тууралуу сураштырып, неберелери бар экенин уктум. Алар үйдү көрүнгөнгө тепсетип кор кылбай оңдотуп, түздөтүп койсо болмок экен. Башка залкар инсандардын жашаган турагы келечек муун үчүн үй-музей болгон. Бул үй да музей болгонго татыктуу.

​СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев жашаган үй шаардын чок ортосунда - Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан.

Бүгүн эки кабат чакан тамдын чалдыбары чыгып, эшик-терезелери талкаланып, жетимсиреп турат. Анан калса туш тарабынан жаңы түшкөн курулуштар курчап, ансайын жүдөтүп, басынтып, мына-мына түп орду менен түртүп таштачудай жапырып келет.

Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын башчысы Арман Момаханова Гапар Айтиевдин үйү сүрөтчүнүн балдарынын менчиги болгондуктан архитектуралык тарыхый мурастар тизмесине кирбегенин айтты:

- Ал Гапар Айтиевдин үй-бүлөсүнө таандык үй. Аны эмнегедир кароосуз калтырышты. Чамасы ал үй үч эркек баласынын баарына таандык го. Чынын айтканда атадан калган мурас да. Аны эч кимиси ремонттогон жок. Селсаяктар кирип-чыгып жүргөнүн мен деле көрүп калдым. Биздин мунципалдык менчикке карабайт. Мэрияга да карабайт. Тарыхый эстеликтердин тизмесинде жок, - деди Момаханова.

Үйдүн тосмо дубалына чегилген Айтиевдин эстелиги.

​Айтиевдин үч уулу болгон. Алардын биринин көзү өтүп кеткен, экөө аман. Ата жолун жолдогон уулу Сатар Айтиев атасынын үйү ага мураскер болууга укуктуу туугандардын ортосунда байланыш жоктугунан улам 19 жылдан бери кароосуз турганын ырастады.

- Ал үйдү реализациялоо планы бар. Мүмкүн бирөө өзүнө тиешелүү бөлүгүн сатат, бирөө дагы башка нерсе каалайт мен аны билбейм. Себеби, баарыбыз бирге турбайбыз, катташпайбыз. Анын тиешелүү бөлүгүн алуу боюнча соттошконбуз. Ал эки жыл мурун бүткөн. Үлүшүбүз бир болгон. Эми сатылабы же сатылбайбы билбейм. Сүйлөшүүгө өтөбүз го... Мамлекетте аны сатып алганга акча жок.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун пикиринде, Гапар Айтиевдин үйүнүн кароосуз калганы өлкө боюнча тарыхый-маданий мурастарды сактоо, коргоо, барктоо, күтүү колго алынбаганынан кабар берет.

- Дүйнөлүк тажрыйба боюнча мындай тарыхый жайлар менчигинин түрүнө карабай ошол мамлекеттин карамагындагы имарат болуп эсептелет. Албетте, менчикке шылтап, мураскорлордун ыркы келишпей жатканын айтып кутулган жеңил. Бирок ал биздин мамлекеттин борбор калаасынын чок ортосунда турса, кебетеси тиги болсо кийинки муунга, элге, журтка, чет элден келгендерге эмне деп жооп беребиз?

Кулматов кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиев жашаган жай анын үй-музейине айланууга тийиш дейт.

Мектеп окуучулары Гапар Айтиевдин үйүн кызыгып карап жатышат.

Гапар Айтиев 1912-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган. 1984-жылы 72 жашында каза болгон. СССРдин Эл сүрөтчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин орденинин кавалери.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.