Атактуу айымдар футбол ойноду

Футболчу кыздарга каршы жашыл майсаңга Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Ализа Солтонбекова, Кыргызстандын аялдар футболу боюнча Ассоциациясынын президенти Бермет Төлөгөнова, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова, ырчы Гүлнара Тойгонбаева жана бир катар ишкер айымдар чыкты.

Аялдардын эл аралык майрамын утурлай Кыргызстандын Футбол федерациясы БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ) менен биргеликте "Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей" аттуу фестиваль уюштурду. 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова футбол боюнча айымдардын курама командасынын машыктыруучусу Гүлбара Үметалиевадан топ талашып жатат. 

Футболдук мелдеш Эл аралык аялдар күнүнө жана айымдардын футбол майрамына карата уюштурулган.

Бишкек шаарынын мэринин маалымат катчысы Гуля Алманбетова футболдук мелдеште дарбазачынын ролун аткарды.

Мелдеш Бишкек шаарындагы "Футбол борборунун" оюн талаасында өттү.

Мелдешке жалпы 8 команда катышты.