Өрт өчүрүүчүлөрдүн өжөрлүгү жана өксүгү
Өрт өчүрүүчү Тилек Жакшыбаев №3 бөлүктө 11 жылдан бери иштейт. Анын чет өлкөлүк кесиптештери Совет доорунда чыккан машиналар ушул кезге чейин иштеп жатканын көрүп катуу таң калышат.
Бөлүк акыркы үлгүдөгү өрт өчүрүүчү эки машинаны мындан 10 жыл мурун алган. Калганы Совет доорунан бери иштейт. Өрт өчүрүүчү унааларга төрт тонна суу батат, бирок ал өрт маалында 5-7 мүнөткө эле жетет. Өрт өчүрүүгө зарыл суу өрт чыккан имаратка жакын жайгашкан жер астындагы гидранттардан же арыктардан алынат.
Бул өрт өчүргүч 1987-жылдан бери иштейт. Чет өлкөлөрдө бул машиналар музейлерде турат. Бөлүктүн кызматкерлери болсо аны ар дайым оңдоп турушат.
Эскилиги жеткен унаалар кезектеги өрт өчүрүүдөн кийин эле бузулат. Өрт өчүрүүчү атайын шаймандарды оңдоочу адистер жок. Атайын билими бар техниктер маянасы жарытпаган өрт өчүрүү кызматына келишпейт. Ошондуктан унаалардын айдоочулары өздөрү ондоого мажбур.
Бөлүктө ар бир мүнөт эсепте. Эртең мененки иш техникалык шаймандарды текшерүүдөн башталат.
Өрт учурунда колдонулуучу жол астындагы суу түтүктөрү дайыма текшерүүдөн өткөрүлөт. Аны канча секундада ачууга болоорун эсептөө үчүн атайын машыгуулар өтөт.
Ар бир унаадагы өрт учурунда суу берүүчү түтүктөр текшерилет.
Суу түтүктөрү тендер аркылуу тандалып алынат, кээде гуманитардык жардам катары берилет. Акыркы кезде жаңы эле алынган жеңдер тез тешилип, сапаты убайымга салууда.
Кескилеп жамалган жеңдердин узундугу кыскарып, колдонууга да жарабайт калат.
Тогуз жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп эмгектенген Нурлан Өмүрзаков 12 миң сом алат. Аялы, эки баласы менен турган батиринин акысы 5 миң сом. Андан тышкары насыясы үчүн ай сайын 10 миң сом төлөйт.
Бөлүктөгүлөр бир сутка иштеп, үч күн эс алышат. Устав боюнча өрт өчүрүүчүлөр башка жерде кошумча иштөөгө укугу жок. Маяна аз болгондуктан алар башка жерде жашыруун иштегенге мажбур.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн башкы милдети - адам өмүрүн сактап калуу. Ошондуктан алар куткаруу жана медициналык алгачкы жардам көрсөтүү боюнча билим, тажрыйбасын ар дайым бекемдеп турушат. Андан тышкары курулуш материалдары тууралуу кеңири маалыматты атайын сабактан алышат.
Өрт өчүрүүчүлөр иш убагында чарба иштери менен алектенип, тазалыкты кармоо, техникалардын ар дайым ирээти менен турушуна аракет кылышат.
Кызматкерлер ушул жерде кезек-кезеги менен тамак даярдашат. Сыртка чыгып тамактанууга тартип жол бербейт.
Түнкү саат онго жакын эс алууга болот. Бирок өрт өчүрүүчү кийимин чечпей укташы керек.
Чакырык түшкөн жерге 18 секундада даяр болуу зарыл.
Бишкек шаары боюнча өрт өчүрүүчү жети бөлүктө 600дөн ашуун адам эмгектенет. Маяна 30% көтөрүлүп, 10 миң сомду түзөт. Алар өрттү 4-6-8 тонна суу баткан унаалар менен өчүрүшөт.
Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 162 кызматкерине үй берилген. Алардын арасында бул бөлүктүн кызматкерлери да бар. Үй алуу үчүн кеминде 10 жыл иштеши зарыл.
Жылына Бишкекте кеминде 200 өрт чыгат.
Өрт өчүрүү - тандалган эрдик.