Шахматка кызыккан кыздар көбөйүүдө

10 жаштагы кыздар арасындагы мелдеште алтын медал тагынган Айжан Сабырбекова. Айжан акыл таймашында жети атаандашын утуп, биринчи орунду ээледи. 

Турнирде жалпысынан алдыңкы үч орун үчүн 30 медал ойнотулду

Сегиз жаштагы балдар арасында мелдешке катышып жаткан шахматчы.

Эрежеге ылайык президенттин кубогуна Кыргызстандын чемпионатында алдыңкы 10 орунду алгандар, окуучулар арасындагы өлкө чемпионатынан да 10-орунга чейин ээ болгондор, өз облусунан тандалып чыккан шахматчылар катыша алат. 

Мелдеш Бишкектеги "Газпром Кыргызстан" мектебинде өттү. 

Жыл санап шахматка кызыккан кыздардын саны көбөйүүдө. Быйыл мелдешке жүзгө жакын кыз катышты.

Оюндар жети тур менен өтүп, ар бир катышуучу жети жолу ойноду. Жыйынтыгында бардык жети атаандашын тең жеңген шахматчы жеңүүчү деп табылды. 

 

Балдарын күтүп турган ата-энелер.

Мелдеште ар бир катышуучу уюлдук телефонун залдын ичиндеги столдун үстүнө коюшу керек.

Мелдештин жүрүшүнө калыстар тыкыр көз салып турушту.

Мелдешти Кыргызстандын Шахмат федерациясы уюштуруп, өлкө президентинин колдоосу менен өттү.

 

Мелдешке жеткинчектерди ата-энелери алып келишти. Шахмат оюну кээде 4-5 саатка созулуп, ата-энелер балдарын оюн бүткөнчө күтүп отурушту.

Шахмат боюнча президенттин кубогу жеткинчектер арасындагы өлкөдөгү беделдүү мелдештердин бири болуп саналат. 

10 жашка чейинки балдар арасында алтын байгени Баэл Мурадылов утуп алды. 

Байге алган балдар-кыздар. Алдыңкы орунду ээлеген шахматчыларга планшет, уюлдук телефон өңдүү баалуу белектер ыйгарылды.

Жекшембиде шахмат боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды. Бир жумага созулган мелдеште 6 жаштан 14 жашка чейинки жаш шахматчылар күч сынашты.