Кыргыз боксчулары күч сынашты

Бокс боюнча өлкө чемпионаты 28-октябрда башталган. 

Мелдеште 66 мушкер 8 салмак категориясында күч сынашты. 

Эркин Адылбек уулу 81 килограммга чейинки салмак категориясында өлкө чемпиону аталды. Ал финалдык беттеште Таалайбек Айтбек уулун жеңип алды. 

Бокс ышкыбоздору. 

Өлкө чемпионатынын финалдык беттештери болгонуна карабай мелдешти көрүш үчүн саналуу эле көрүүчүлөр келди. 

91 килограммдан жогорку салмакта күч сынашкан мушкер Данияр Акунов тыныгуу учурунда.

Нурсултан Маматалы уулу 69 килограммга чейинки салмакта өлкө чемпиону болду. 

Эсенбек уулу Акылбек (52 кг) мелдештин мыкты мушкери деп табылса, Адылкан Бекболотов мыкты машыктыруучу наамын алды. 

63 килограммга чейинки салмакта Арген Кадырбек уулу алтын медаль тагынды. Ал финалда Рысбек Бектеновду утту. 

Мелдешти Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы Бокс федерациясы менен чогуу өткөрдү. Дирекциянын бюджетинен 117 миң сом каралган.

Шерхамамад Хакимов 91 килограммдан жогорку салмакта чемпион болду. Ал финалдык беттеште Данияр Акуновду утуп алды. 

Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.