Түйшүккө байланган балалык

Жайкы эс алуу учурунда базарда банан сатып иштеген бала. 2019-жылы жай айларында Кыргызстанда абанын тепература +38, +40 градуска чейин жетти. 
 

"Дордой" базарын шыпырып жаткан бала. 

Адыл (аты өзгөртүлдү) 15 жашта. Ал Бишкектин четинде жайгашкан жаңы конуштарда кыш коюп иштеп жатат. 

Секелек кыздар көбүнчө бала багышат. 

Тестиер кезинен түйшүк тартып, чоңдор менен аралашып иштеген балдардын оюнга убактысы да жок, алардын дээрлик көбү билим да албай калат.

Таштанды талаасында желим бөтөлкө чогултуп иштеген балдар. 

Жол боюнда дарбыз сатып жаткан эже-сиңди. 

​Азыркы учурда Кыргызстанда 1-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулардын 30 пайызы окуп, ошол эле учурда иштеп келет. 

Помидор терген кыз. 

Балдарды эмгекке тартууга көпчүлүк өлкөлөрдө тыюу салынган. Ошол эле маалда дүйнөнүн 50дөй өлкөсүндө 18ге толо элек балдарды оор жумуштан коргой турган мыйзамдар жок.

"Дордой" базарында суусундук саткан бала. 

​Кыргызстанда балдарды жумушка тартууга тыюу салынганы менен базарларда, соодада, талаада жана тейлөө тармагында иштеген балдардын саны миңдеп саналат.

Өрүк жайып жаткан жеткинчектер. 

Көл жээгинде балык саткан жеткинчектер. 

Таласта төө бурчак өстүрүүгө 10-11 жаштагы өспүрүмдөр тартылып, айрыкча май айынан тартып октябрь айына чейин эмгектенишет. Бул учур окуу мезгилине туш келгенине карабай көпчүлүк балдар мектепке барбай иштешери аныкталган.

Кыргызстанда 701 кесипте балдардын эмгектенишине тыюу салынышы мүмкүн. Мындай демилгени Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги көтөрүп чыкты. Ага ылайык жашы 18ге жете элек балдар кен казууда, шахтыларда, жабык имараттарда, ысык мештердин жанында, уу жана газдар чыккан аймакта, химиялык калдыктарды иштеткен жайларда иштөөгө, ылаңдаган мал жандыктарын кароого тыюу салынат. 

Эл аралык эмгек уюмунун эсебинде дүйнө жүзүндө 85 миллиондой бала кооптуу жумуштарды аткарат. Бул көрсөткүч 2000-жылы 171 миллионго жеткен.

Кыргызстандын калкынын 36 пайызын жашы 18ге жете элек өспүрүмдөр түзөт. 2015-жылдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй өлкөдөгү балдардын 40 пайызы жакырчылыкта жашайт. Ошол себептен алар жаш кезинен жумушка тартылат.