Дем алышта кызыган "Барахолка"

"Барахолкадагы" соодагерлер товарларын ыңгайына жараша жайып сатат. Кээ бири жол боюндагы дубалга эле илип коюшат. 

Базар Москва жана Кулуев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски заводдун имаратынын айланасында өтөт. 

Базардан сейрек кездешчү, аз санда гана басылган китептерди да табууга болот. Мисалы Чыңгыз Айтматовдун балдар үчүн жазылган бул чыгармасы англис тилинде 2013-жылы Лондондо басып чыгарылган экен. Бул китеп азыр жайма базарда 50 сомго сатылып жатат. 

Терезе пардасын саткан аял. 
 

Microsoft компаниясынын эски компьютерин жайма базарда 1500 сомго табасыз. 

Кийим тигүүчү машина. Баасы 9000 сом. 

Советтик доорду эске салган идиштер. 

Мындагы соодагерлердин көпчүлүгү пенсия жашындагы аялдар экенин байкоого болот. Базарда алар соода кылып эле тим болбостон, курбулары менен маектешип, чер жазуу үчүн келишет.

"Барахолка" базары таңкы саат алтындан тарта 14:00гө чейин иштейт. 

Биз бир соодагерди кепке тарттык. 70 жаштагы Гүлипа Иманалиева 40 жылдан бери жайма базарда кийим-кече сатат. Ал пандемиядан бери соодасы жакшы болбой калганын айтты. 

"Мурда Европадан келген эски кийимдерди сатып иштечүмүн. Пандемиядан кийин алардын баасы кымбаттап кетти. Акча жок алып, кайра сата албай калдым. Азыр эми үйдөгү балдарымдын, кыздарымдын, неберелеримдин чак келбей калган кийимдерин сатып жатам. Бир күндө миң сомго чейин соода кылабыз. Мурда аябай жакшы болчу. 3000 сомдон 5000 сомго чейин соода кылчубуз. Кээде башка адамдардан буюм-тайымдарды сатып алып, үстүнө кошуп сатабыз".

Базардагы буюмдардын баасы 10 сомдон башталат. Айрым буюмдардын баасы 50 миң сомго чейин жетет. 

Орден жана медалдар. Биз базарды аралап жүргөн кезде орус улутундагы жигит Совет доорундагы ордендердин бирин мындагы соодагерге сунуштап жатыптыр. Биз да ордендин баасына кызыгып калдык.

"Биз орден менен медалдардын документтери болсо гана сатып алабыз. Анткени медалдын үстүнө акча кошуп, кайра сатабыз да. Ал эми медаль чогулткан коллекционерлер дайыма документин талап кылышат", - деди атын атагысы келбеген сатуучу. 

Базарда орден-медалдар жылына жана даражасына жараша 14 доллардан 300-400 долларга чейин сатылат. 

Абдыкадыр Сайпидиновдун кесиби сүрөтчү. Азыр ал эски буюм, техникаларды сатып иштейт. Интернет дүкөнү да бар. Базардагы буюмдарын сүрөткө тартып, онлайн соода кылат. Эс алуу күндөрү товарларын мында алып келип сатат. 

"Мен жөн эле сатып койбостон, фотоаппарат ала турган кишиге кеңеш берем. Көбүнчө интернеттен же "Лалафодон" эски фотоаппараттарды, техникаларды сатып алып кайра сатам. Бузулуп калгандарын оңдоп, такыр жарабай калганын тетик катары сатам. Азыр эми интернет жакшы болуп калбадыбы. Айрым буюмдарды өзүм жасайм". 

Жайма базар Москва көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсү менен кесилишкен бөлүгүнөн башталып, Фучик эс алуу багына чейин жетет. 

Аккордеондун баасы 15 миң сомдон башталат. 

Бул телефондор жыл өткөн сайын раритетке айланууда.

Күмүш кашыктар. Совет доорунда жасалган 916 жана 875 үлгүсүндөгү күмүш кашыктардын баасы 2000 сомдон башталат. 

Дүйнөгө таанымал ырчы Мадоннанын ыр жыйнагы жазылган магниттик кассета. 

Эски магнитофондун баасы 500 сом. 

Колго токулган килемчелер.

Китеп издеп келген кардарлар. 

Ишемби, жекшемби күндөрү Бишкектеги Москва жана Кулуев көчөлөрүнүн кесилишинде эски буюм-тайым саткан базардын соодасы кызыйт. Бул "Бишкек барахолкасы" деп аталат.