Аялдын түйшүгү ат көтөргүс
Үй шартында төрөткөн аялдарды "киндик эне" деп коюшат. Камышановка айылында киндик энелердин бейформал институту пайда болгон. Алар аргасыздан төрөт кабыл алып, колдонгон "гинекологиялык" аспаптары: арак, лезвие, шейшеп жана көлөч.
Бул сүрөт "Оор суу" деп аталат. Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын кээ бир тургундары үчүн таза суу алып келүү жолу 200 метрдей болот. Суу ташуу түйшүгү аялдар менен балдарга жүктөлгөн. Алар ар күнү 50 литрден 100 литрге чейин суу ташыйт. Көргөзмөдөгү жип ушул айылдагы жашоочунун суу түтүгүнөн үйүнө чейинки жолунун аралыгын көрсөтөт. Бул эки чаканы алып, Тоголок Молдо айылынын тургуну Эркингүл Итибаеванын жолу менен басыңыз.
Коомдук транспорттун жоктугу, жолдун начардыгы аялдар менен балдарга түйшүк жаратат, анткени көбүнчө эркектер ат минип жүрөт же автоунаасын айдап алышат. Аялдар чоң аралыктарды күн сайын басып өтөт. Алардын каражаты арзан, сапаты начар, тез жыртылчу бут кийимге гана жетет. Бир аял жылына төрт жолу бут кийим алат, ал эми балдарына беш жолу бут кийим алып берет. Жалпы эсеп менен бир үй-бүлөнүн бут кийимге сарптаган бир жылдык акчасы 30-32 миң сомду түзөт. Бут кийим сатып алуу көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн чоң көйгөй.
"Мен жаранмын" аттуу жабык перформанс.
Бул айылдын негизги көйгөйү - аялдардын эс алуу жайынын жоктугу. Активисттердин арасынан эки аял чакан имаратта нандын түрүн бышырышат. Бул имаратты аларга жергиликтүү өкмөт бөлүп берген. Ичиндеги бир бөлмө келген адамдар таттуу нан менен чай ичин отуруусуна бөлүнгөн. Активисттер Пит Модриандын, Малевичтин жумуштарынан эргүү алып, алты саат ичинде имараттын сыртын жана ичин ремонттошкон. Эми бул мейкиндик аялдар кезигип, эс алган жайга айланды.
1964-жылы туулган Райхан Жунусова. Ал 2006-жылы бир аялды төрөткөнгө мажбур болгон. Ошол төрөттөн кийин өзүн жаман сезип, көз жарган аялды коштоп бара албай калган. Үйүнө келе жаткан учурда каза тапкан.
Азыр Камышановка айылында төрт "киндик эне" бар.