Беш-Аралдын берекесин кетирген жол

Беш-Арал коругу.

Чаткалдагы Беш-Арал мамлекеттик коругунда Найза алтын кенине жол салган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Келтирилген зыян боюнча жол салган "Мурас-Синтез" компаниясына 5 миллион сомдон ашуун айып салынды.

Жарандык активисттер буга чейин алардын арызы каралбай келгенин айтып, жакында болгон текшерүүдө корукка киргизилген оор техника жер кыртышын бузуп, сексенден ашуун карагайды жана эки жүзгө жакын бадалды түп-орду менен талкалаган факты аныкталганын мисал келтиришти.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен Чаткал райондук администрациясы коруктагы мыйзамсыз аракеттер үчүн бири-бирине доомат артып жатышат.

"Муз ордунан козголгондо..."

Буга чейин Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы менен райондук прокуратура Беш-Арал мамлекеттик коругунда жаңы жол салынбаганын, эски жолдун тоому эле тазаланганын айтып, "мыйзам бузуу табылган жок" деп келишкен.

Жарандык активист Абдыжапар Нурдиновдун президентке жазган арызынан кийин атайын текшерүү жүрүп, коруктун аймагындагы Найза алтын кенинен кеткен жолдун салынганы аныкталды. Абдыжапар Нурдинов Мамлекеттик экологиялык инспекция менен Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча салган айыппулдардын өлчөмү 5 миллион сомго чыкканын билдирди:

Абдыжапар Нурдинов.

- Буга чейин мага "Беш-Арал мамлекеттик коругунда мыйзамсыз жол салуу фактысы катталган эмес" деп жооп берип келишкен болчу. Текшерүүдөн кийин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жол салып жаткан "Мурас-Синтез" ЖЧКсына 83 карагай, 186 бадалды кыйганы үчүн 2 миллион 600 миң сомдон ашуун айыппул салды. Мамлекеттик экотехинспекция болсо жер кыртышына келтирилген зыян үчүн 2 миллион 200 миң сом, ал эми өсүмдүктөргө келтирилген зыян үчүн 300 миң сомдон ашуун айыппул салды.

Мындан сырткары Чаткал райондук ички иштер бөлүмү өзгөчө кайтаруудагы Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагында экологиялык жана техникалык ченемдер бузулган учурлар боюнча кылмыш ишин козгоду. Анда коруктун аймагындагы алтын кенине барыш үчүн 7 чакырымдан ашуун жол салууга ким уруксат бергени иликтенип жатканы белгиленди. Буга чейин Чаткал райондук прокуратурасы "коруктун ичинде мыйзам бузуу болгон эмес" деген жыйынтык чыгарган. Президенттин тапшырмасы менен жүргөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуу учурлары аныкталып, райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду.

Чаткалдын прокурору Насыр Бообеков башында корук жетекчисинин берген маалыматына таянып, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып калганын айтты:

Беш-Арал мамлекеттик коругунун жетекчилиги бизге "ал жакта жол салынган эмес, эски жол эле ондолгон" деп түшүндүрмө кат жазып берген.

- Беш-Арал мамлекеттик коругунун жетекчилиги бизге "ал жакта жол салынган эмес, эски жол эле ондолгон" деп түшүндүрмө кат жазып берген. Ошонун негизинде биз ошондой жооп бергенбиз. Эми кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Бул жерде кылмыш иши ушуга тиешеси бар мамлекеттик кызмат адамдарына жана "Мурас-Синтез" фирмасынын жетекчилигине багытталган.

Буга чейин Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев да мамлекеттик коруктун аймагындагы жерди өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш тилкелеринен чыгарып, трансформациялоо боюнча өкмөткө сунуш киргизген. Анда ал "корук аркылуу өтчү жаңы жол чек арачылар менен корукчуларга зарыл" деп түшүндүргөн. Найза кенине чейин бара турган жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт. Анын 7 чакырымы жаңыдан салына баштаган.

Жарандык активист Абдыжапар Нурдинов район прокурорунун жоопкерчилигин кароо боюнча жогору жакка кайрыла турганын билдирди:

Башында бул жолду салууну "Мамлекеттик чек ара кызматы суранып жатат" дешкен болчу. Бирок Мамлекеттик чек ара кызматы расмий түрдө "биз эч кимге кайрылган эмеспиз" деп жооп кайтарды.

- Башында коруктун ичиндеги бул жолду салууну "Мамлекеттик чек ара кызматы суранып жатат" дешкен болчу. Бирок Мамлекеттик чек ара кызматы расмий түрдө "андагы жер тилкелерин жол салууга уруксат бериш үчүн трансформация кылууну талап кылып биз эч кимге кайрылган эмеспиз" деп жооп кайтарды. Бул жерде маселенин өзөгү эле коруктун аймагындагы Найза алтын кенине жетүү болчу. Ошондуктан былтыр кайсы бир уюшкан топтор борбордук бийликтен баштап жергиликтүү бийликке чейин ошол чечимди ишке киргизиш үчүн тиешелүү чара көрүп, мыйзамды көзгө илбей, коруктун аймагына кирип барууга чейин мүмкүнчүлүк түзүп беришкен.

Жоопкерчиликти оодаруунун амалы

Текшерүүдөн соң Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовдун өкмөткө жазган катында "корукка оор техника киргизүү жана андагы келтирилген зыян үчүн Чаткалдын акими Канжарбек Эшалиев, Чаткал айыл аймагынын башчысы Исабеков жана Беш-Арал мамлекеттик коругунун айрым кызматкерлери жооптуу" деп көрсөтүлгөн.

Бирок Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев: "Корук Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин карамагында болсо, райондук администрация ага эмнеге жооптуу болушу керек?" деген суроо койду:

Канжарбек Эшалиев.

- Ошол мамлекеттик корук Рустамовдун жоопкерчилигиндеги аймак болуп жатпайбы. Анан ага эмне үчүн биз жооп беришибиз керек? Ал жерде пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөр болуп турат. Анан ал киши агенттиктин жетекчиси болгондон кийин анын карамагындагы мамлекеттик коруктагы абал үчүн өзү гана жооп берет. Ал ошол жакты карап, көзөмөлдөп турсун деп директор болуп дайындалган.

Анткен менен Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов коруктун ичине кирип, ага зыян келтирүүгө андагы 200 гектардан ашуун жер аянтын өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагынан, өнөр-жай жана транспорт үчүн пайдаланылчу жер аянттарынын категориясына өткөзүү боюнча акимдин буйругу негиз болгонун өз катында көрсөткөн. Ошондой эле коруктагы Найза тилкесинен алтын казууга уруксат берүү боюнча Чаткал айыл аймагынын токтому чыккан. Чаткалдагы Беш-Арал коругу 112 миң гектардан ашуун жер аянтын түзүп, анда эки алтын кени бар экени аныкталган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.