Адистер жергиликтүү кеңештерге жана бийликке кесипкөй адистер тартылбай жатканы үчүн ушундай кырдаал жаралганын белгилешет.
Өткөн жумада Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошев соттук териштирүү бүткөнгө чейин убактылуу жумуштан алынды. Анын ордуна Икрамжан Чолпонов үчүнчү ирет айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Мындай буйрукка район акими Айбек Бегимкулов кол койгон. Райондук администрациянын бөлүм башчысы Мурат Өcкөнбаев буларды айтты:
«Теңирберди Жолдошев өткөн жумада Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруудан убактылуу бошотулган. Кийин соттон Жолдошевди орун басарлык кызматтан да бошотуу тууралуу чечим келди. Анын негизинде ордуна Икрамжан Чолпонов башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мыйзамга ылайык соттук териштирүү иштери бүтмөйүнчө айыл өкмөт башчысын бошотуп, кайра шайлоо дайындоого болбойт экен. Экинчи жолу ал өз каалоосу менен арыз жазып бериши керек болот».
Дагы караңыз Кыргыз бийлиги кадрлардан кыйналдыМаалыматка караганда, аймакка эки жылдан бери туруктуу башчы шайлана элек.
2017-жылы Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы болуп шайланган Чыңгыз Сариевге «бак-дарактарды мыйзамсыз кыйган» деген негизде кылмыш иши козголуп, сот иштери жүрүп жатканы үчүн убактылуу жумуштан четтетилген.
Андан бери Гүлипа Сагынбаева төрт айдан эки жолу, Эмилбек Тарыхчиев бир жыл, Икрам Чолпонов жарым жылдан үч жолу жана Теңирберди Жолдошев жарым жылдан эки жолу айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Район акими Айбек Бегимкулов соттук териштирүүгө байланыштуу убактылуу башкаруучу дайындоого аргасыз экенин билдирди.
«2017-жылдын 8-февралында Чыңгыз Сариев көпчүлүк депутаттардын добушу менен айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Көп өтпөй анын укук коргоо органдарына "анын эмгек китепчеси жасалма" деген даттануулар түшкөн. Бак-дарактарды мыйзамсыз кыйдырган деген негиз менен да кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү кеңештин депутаттары Сариевге эки жолу ишенбестик көрсөтүштү, райондук сот депутаттардын чечимин колдоду. Эми кайрадан шайлоо өткөрөлү деп жатканда облустук сот айылдык кеңештин чечимин жокко чыгарып койду. Анын иши кайрадан сотто каралууда. Үч жылдан бери соттошуп жүргөн башчынын ишинен улам туруктуу башчыны шайлоого мүмкүн болбой келет. Ал эми жыл башында орун басарлык кызматка сынак аркылуу келип, башчынын милдетин аткарып жүргөн Теңирберди Жолдошевдин үстүнөн райондук прокуратура иш козгоп, учурда сотто каралууда. Анын негизинде ал да иштен убактылуу четтетилген. Биз милдетин аткаруучулардын санын көбөйткүбүз келбей үчүнчү жолу Икрамжан Чолпоновду кайрадан башчылыкка алып келдик».
31 депутаттан турган Базар-Коргон айылдык кеңеши буга чейин эки ирет сотто иши каралып жаткан Чыңгыз Сариевге ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алышкан. Район бийлиги анын негизинде Сариевди кызматынан бошотуп, жаңы айыл өкмөт башчысын шайлана турган болгондон облустук сот баарын жокко чыгарган.
Айылдык кеңештин төрагасы Тынар Нуркамилов мындан улам жергиликтүү депутаттар да сот иштеринин жыйынтыгын күтүүгө аргасыз болуп жатканын айтты.
«Биз депутаттар үч жылга жакын убакыттан бери күрөшүп келе жатабыз. Эки жарым жыл мурда жумушунан убактылуу четтетилген айыл өкмөт башчысы Чыңгыз Сариевге ишенбестик көрсөтсөк, сот аны жокко чыгарып койду. Анткени териштирүү жана сот иштери жүрүп жаткан учурда болбойт экен. Ал өзү арыз жазып жумуштан кетиши керек, же соттун жыйынтыгын күтүшүбүз зарыл экен. Ушул жылдын 15-сентябрына чейин Сариев «соттук иштерди бүтүрүп жумушка чыгам, же болбосо жумуштан кетүү боюнча арызымды жазам» деп убада берген. Бирок ушул убакка чейин дайыны жок. Ошентип эки жылдан бери айыл өкмөттүн иши алга жылбай турат. Андан кийин келген эки убактылуу өкмөт башчылардын бири камакта, бири сотто жүрөт. Акыркы жетекчисин район акими биз менен макулдашпай туруп дайындап салды, ал да мыйзамсыз токтомдорду чыгарып жатат. Кийинки жумада депутаттар чогулуп, ага да ишенбестик көрсөтөбүз».
2017-2018-жылдар аралыгында Базар-Коргон айыл өкмөтүнө убактылуу башчы болгон, Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Эмилбек Тарыхчиев «кол алдындагы кызматкерин аткан» деген негизде ушул жылдын июль айында райондук соттун чечими менен тогуз жылга эркинен ажыратылган.
Ошентип бир топ убакыттан бери Базар-Коргон районунун борборундагы айыл өкмөткө туруктуу башчы шайлана элек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев бардык маселелерди чечүү жергиликтүү кеңештердин колунда экендигин айтты.
«Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жана ага талапкерлерди көрсөтүү айылдык кеңештин депутаттарынын колунда. Ошол себептүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы иштеп жатпайбы. Башчы жок учурда анын милдеттери орун басарына жүктөлүп, толугу менен ошол аткарат. Орун басар сынак аркылуу тандалат. Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн айланасындагы акыркы жагдай жергиликтүү кеңештин депутаттарына да байланыштуу. Алар мыйзамдарды так билсе, бул маселени созбой эле бүтүрүп коюшса болмок. Учурда кесипкөй эмес, билими жок адамдардын депутат болуп шайланып келиши, ушул сыяктуу жагдайлардын орун алышына себепкер болууда».
Ушул жылдын башынан бери Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткарып келген Теңирберди Жолдошев өткөн айда кызматынан четтетилген.
Анын үстүнөн айылдык кеңештин депутаты Элдияр Жуманазаров "ден соолугума зыян келтирип, иш бөлмөсүндө кол көтөрдү жана ири суммадагы акча талап кылды" деп прокуратурага кайрылган.
10-сентябрда өткөн райондук соттун чечими менен Жолдошев «Адамдын ден соолугуна жеңил жараат келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 25 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылган.
Ал эми «Кызматтык укуктарынан аша чабуу» фактысы аныкталган эмес.
Дагы караңыз Базар-Коргондо депутат менен жетекчи мушташтыАты-жөнүн атагысы келбеген айыл өкмөттүн кызматкерлери буларды айтты:
«Мурдагы жана азыркы айыл өкмөт башчыларынын ортосундагы кызмат талашуу ушул акыбалга алып келди. Мындайча айтканда, партиялар ортосундагы "так талаш" жүрүп жатат. Сынак аркылуу буга чейин орун басарлык кызматка келген Эмилбек Тарыхчиев менен Теңирберди Жолдошевдин абалы эмне болду? Кызматка тандап жатканда райондук бийлик, мамлекеттик кадр кызматы дыкат териштирип, анан дайындаса жакшы болмок. Артында бир топ кыңыр иштери бар адамдарды дайындап жатышат. Айыл аймакты жетектөө кызматы аларга «даярдыктан өтүүчү полигон» эмес да. Тирешүүнүн, соттошуунун айынан аймакта жумуштар дээрлик токтоп калды. Буларды тыйып, токтото турган бирөө жарым барбы, деги бизде мыйзам иштейби?»
Базар-Коргон айыл өкмөтүндө 40 миңдей киши жашайт. Бир жылдык бюджети 60 миллион сомго жетет.