Буга чейин Кыргызстанга таандык жайлоого чыгууга аракет кылган өзбек жарандары артка кайтарылган. Апкан айылынын тургуну Жамалидин «Азаттыкка» айылда абал туруктуу экенин, окуя үч күн мурда болгонун айтып берди:
«Өзбекстандын Лембург айылынын тургундары биздин жайлоого мал жайып чыгыптыр. Чек арачылар аларга «кеткиле» деп айтса, макул болушкан эмес. Анан чек арачылар асманга ок атыптыр деп уктум. Бирок азыр бизде топтолгондор жок. Эл тынч».
Сох анклавынын ылдый жагында жайгашкан Баткен районунун Апкан айылына суу Өзбекстандын айылдарын аралап агат. Суу келген арыкты ашар жолу менен тазалоодо, пайдаланууда майда-чүйдө пикир келишпестиктер чыгып турат.
Ал эми коңшу мамлекетке караштуу анклавдун тургуну Фарход Сафаров окуяга жайыт пайдаланууда чек арага жакын айдалган мал себеп болгонун белгиледи. Анын айтымында, Өзбекстандын Сох районунун тургундары чек арага жакын жайытка чыккан учурда Кыргызстандын чек арачылары ок чыгарган.
«Жергиликтүү эл бул жерде мурдатан эле мал багып келет. Эгемендиктен кийин алардын кой-эчки бага турган жайы чек арадагы нейтралдуу аймакка айланды. Андай деле чоң атышуу болгон жок. Кыргыз аскери асманга ок атты. Кийин чогулган эл тарап кетти».
Дагы караңыз Сохтон чыккан жолдун тагдыры бүдөмүк
Чек ара кызматы бул окуяны ырастады. Мекеменин Баткен чөлкөмдүк башкармалыгынын жетекчиси Замир Мийзаев буларды айтты:
«1-май күнү болжол менен кечки саат 20:00 чамасында Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын жайлоосуна мал жаюу максатында чек ара талаптарын бузуп өтүүгө аракет кылышкан. Чек арачылар аларга мыйзамды сактоону эскертип, малы менен кошо артка кайтарган. Кыргызстандын чек арачыларына нааразы болуп 50-60 киши топтолуп, таш ыргытышкан. Чек арачылар өздөрүн коргоо максатында бир нече жолу асманга ок атканда алар артка качып кетишкен. Окуядан кийин эки тараптын чек арачылары, Кадамжай жана Сох райондорунун акимдерин кошуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Жолугушууда Кыргызстандын чек арачыларынын аракети мыйзамдуу жана туура деп табылды. Өзбек тарап мындай учурлар кайталанбашы үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө сөз берди».
Бул окуядан кийин Апкан айылына Өзбекстандан келген суунун көлөмү да азайып, элге жетпей калган. Маселе чыгары менен Суу-Башы айыл аймак башчысы Кудайберди Козуев өзбекстандык кесиптештери менен жолугушууга барган.
«Чек арадагы талаш боюнча биздин маалыматыбыз жок. Ал жерде чек арачылар гана болгон. Биздин жарандар топтолгон жок. Азыр абал тынч. Болгону Өзбекстандан келген суу азайып калды дешкенинен барып, Сохтун өкүлдөрү менен жолугуп маселени чечтик. Эмне себеп болгонун билбейм, бирок сууну мурдагы көлөмдө бере башташты. «Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Өзбекстандын аймагына кирбей тургула, суу караган мурабыңарды да азырынча киргизбей тургула» дешти.
Дагы караңыз Апта: Чек арадагы жер алмашуу, саясатчылардын соту
Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш Чарбак айылында да ушул күндөрү жолду жана суу куурун орнотуу иштеринде пикир келишпестик болгону кабарланды. Анда Өзбекстандын Хушер айылына суу жеткирүү үчүн куурлар орнотулган.
2013-жылы Сох анклавынын тургундары Кыргызстан тарап чек арага электр зымын тартып жеткирүүгө каршы чыгып, Баткендин Чарбак айылына кирип үйлөрдү жана автоунааларды талкалап, отуздан ашык кыргызстандыкты бир күн барымтада кармап, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана бошоткон.
Ошол жаңжалдан бери Сох анклавын Өзбекстандын негизиги бөлүгү менен түз байланыштырган Сох-Риштон жолу жабык турат. Өткөн жылы аталган каттамды ачуу боюнча атайын салтанат уюштурулуп, бир-эки саатка чек аралар ачылып, дароо кайра жабылган.
Кыргызстан менен Өзбекстан 1379 чакырымдай чектешип, анын ичинен 5 пайызга жакын жер такталбай турат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.