Баткен: күрүчтүн баасы төмөн
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Айтылуу "Ак-Турпак" күрүчүн оруп түшүм жыйноо иши башталды. Кырман көтөрүп, алгачкы түшүмдү базарга алып чыккандар баа жылдагыдан арзан болуп, мээнет акталбай жатканын айтышат. Баанын түшүп кетүүсүнүн себеби тажикстандык жана өзбекстандык соодагерлерге ортомчулар аркылуу сатылып жаткандыгында дешет.