Баткенде ири аскердик машыгуу өттү

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын биргелешкен тактикалык машыгуусу  Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан чек арасынын бириккен аймагында өттү. 

Машыгууга Кыргызстандын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын жоокерлери, ошондой эле ИИМдин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери катышты.

Иш-чарада чек арачылардын куралдуу топторго каршы туруудагы кызматташтыгы сыналды.

Өзбекстандын чек ара кызматынын кол башчысы Руслан Мирзаев сыйлык тапшыруу аземи учурунда. 
 

Иш-чаранын негизги максаты – эки мамлекеттин чек ара бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара тыгыз кызматташтыкты бекемдөө жана мамлекеттик чек арада террористтик коркунуч жарала турган болсо, биргелешип каршы аракет көрүү.

Машыгуунун жүрүшүнө эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү көз салды. 

Аскердик машыгуу мындан 20 жыл мурда так ушул Баткен районунун аймагына эл аралык террордук топтун куралдуу кол салуусунун мисалында өттү 

Аскердик машыгууда эки өлкөнүнүн чек арачылары кошумча күчтөрдү тартуу менен абадан жана жерден сокку уруу, эки өлкөнүнүн куралдуу күчтөрүнүн чогуу аракеттенүү жолдорун иштеп чыгышкан.

Алдыда Тажикстандын чек арачыларын да кызматташууга тартуу болжолдонуп жатканы айтылды.

Атчан аскерлер. 

Өзбекстандын чек ара кызматынын кол башчысы Руслан Мирзаев.
 

Баткендин Чоң-Талаа аймагында Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен үч өлкөнүн мамлекеттик чек арасы тогошкон жерде Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арачыларынын биргелешкен машыгуусу өттү.