«Айгүл тоого» быйыл киши кирбейт

Кызыл китепке кирген Айгүл апрель айынын башынан ортосуна чейин гүл ачат. 

Жыл сайын аны көрүү үчүн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругуна өлкө аймагынан жана чет өлкөлөрдөн 10 миңден ашуун адам келип, Баткенде ар кандай иш-чаралар, фестивалдар өтүп турчу.

Айгүл гүлүнүн бир эки сөңгөгүндө 5-6, айрымдарында 7-8 кадимки коңгуроону элестеткен таажылуу, узун жалбырактуу кочкул кызыл, сары түстөгү гүлдөр орун алып, өзгөчө кооз.

 Айгүл гүлү Баткен шаарынан 20 чакырымдай алыс тоодо өсөт. 

"Айгүл тоо" коругу быйыл ээн. Табият адамдардан эс алып жаткандай. 

Айгүл гүлү уругунан өсүп чыккандан соң 7-8 жылдан кийин гана гүлүн ачат. Эгерде үзүп алса, гүл өспөй калат.

Ай гүлү тууралуу түрдүү уламыштар бар. Эртең менен гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Жергиликтүү эл муну сүйүшүп, бирок тилектерине жетпей калган эки жаштын көз жашы дешет.

 

2008-жылы жалпы аянты 250 гектарды түзгөн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругу уюштурулган. 

Айгүл гүлүнүн илимий аталышы — Эдуард чаар гүлү.

 

Ай чыкканда коңгуроо сымал гүлү өйдө көтөрүлүп айды карап жайылат, ай батканда жерге ийилип гүлүн жабат. Ошол себептен "Айгүл" деп аталып калган.

 

Бул гүл 1978-жылы кызыл китепке киргизилген. 

Ажайып гүл Кыргызстандын Баткен облусунда, Ооганстандын түндүгүндө жана Индиянын Кашмир аймагында гана өсөт.

Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого,
Ай тийиптир эми эле аркы зоого.
Ай алдында шамалга ыргалышат,
Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло
- деп акын Турдали Иматов ырдаган айгүл азыр чанагын ачып, тоонун бети кочкул сары, кызыл түскө боюлуп турган кези. 

Баткен районунун акими Каланбек Маркаев өткөн жумада коронавируска байланыштуу «Айгүл тоо» коругуна туристтер киргизбөө тууралуу буйрукка койду. Бул чечим элдин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн кабыл алынганы кабарланды.