Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго жасалган кол салуу боюнча камтамачылыгын билдирди.
«Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго өткөн ишембиде Ош шаарында төрт белгисиз адам тарабынан жасалган кол салууга тынчсыздануу билдирем. Маалымат каражатынын кызматкерине карата мындай мамиле кабыл алынгыс. Мен бийликти бул окуяны тыкыр иликтөөгө чакырам», деп жазды «Твиттер» баракчасына уюмдун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир.
Ал арада Ошто «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактагандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.
Ал арада «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчуманов медициналык текшерүүдөн өтүүнү улантууда. Бул тууралуу анын мыйзамдуу өкүлү Анара Мамиева дарыгерлерге таянып билдирди. Анын айтымында, Айбек дагы эле нес болуп жүрөт жана тулку боюнун оң жагы ооругансып турат.
Анара Мамиева өзүн милициянын ыкчам иликтөө тобунун кызматкери катары тааныштырган кишилер «Азаттыктын» карактоого кабылган оператору Айбек Кулчумановдун кайсы ооруканада дарыланып жатканына кызыгышканын да маалымдады. Анын сөзүнө караганда, алар 30-сентябрда эртең менен телефон чалышкан.
- Мен «Айбектин коопсуздугу үчүн анын кайсы ооруканада экенин айта албайм», дедим. «Силердин кызыкчылыгыңар кандай? Сурак болобу? Беттештирүү болобу?» деп сурап, Айбек менен чогуу барарымды же өзүм барышым мүмкүн экенин айттым. Алар «тергөөчүдөн сурайлы» деген бойдон кайра байланышкан жок, - деди ал.
Мамиева телефон чалгандар милициянын өкүлү экенинен да күмөн санап жатканын, алар Кулчумановдун каерде экенин билүү максатында гана чалышкан болушу мүмкүн экенин да кошумчалады.
Ал арада «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактаган тараптын адвокаты Амантур Медербек уулуна окшош адам Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза борборуна келип, өзүн милициянын ыкчам кызматкери катары тааныштырды. Аны «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков видеого тартып, чоо-жайын сураганга аракет кылган кезде качып кетти. Окуя 30-сентябрда кечки саат 16:10до болду. Соттук-медициналык экспертизада Кулчумановдун саламаттыгынын чоо-жайына байланыштуу текшерүү жүрүп жаткан.
Бүгүн, 30-сентябрда «Азаттык Медиа» өзүнүн операторунун кол салууга кабылышы боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө «Азаттык Медиа» мекемеси Ош шаарында өзүнүн оператору Айбек Кулчумановду уруп, колундагы техникасын карактап кеткен окуяны кескин сынга алды жана укук коргоо органдарынан бул окуянын терең иликтенишин талап кылды.
«Азаттык Медиа» мекемеси соңку окуяны Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн чоң коркунуч, чабуул катары баалады жана ушундан улам бул иштин укук коргоо органдары тарабынан ачык, так иликтенишине кылдат көз салып турарын белгиледи. Ошондой эле курч темаларды, орчундуу маселелерди көтөрүп, коррупцияга каршы иликтөөлөрүн уланта берерин билдирди.
Дагы караңыз Оштогу окуя - сөз эркиндигине коюлган чабуулПарламент өкүлдөрүнүн реакциясы
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Азаттык» радиосуна маек куруп, Айбек Кулчумановдун айланасындагы акыркы окуялар басма сөз эркиндигине доо кетирерин, муну кылдат талдап чыгуу зарыл экенин билдирди. Адегенде ал журналисттердин маалымат алууга болгон укугун эске салды:
- Негизи биз бул окуяны караганда мыйзам чегинде гана иш-аракет кылышыбыз керек. «Журналист маалымат алууга укуктуу, иштеп жатканда анын коопсуздугун мамлекет толук камсыз кылып бериши керек» деп мыйзамда жазылган. Себеби, журналист ал жакта өзүнүн жеке иши менен жүргөн жок. Ал коомдун өнүгүшүнө салым кошо турган кызыкчылыкты аркалап, кайсы бир теманы иликтөөгө чыгат. Ал иштеп жатканда ишине тоскоол болуу, коркутуу туура эмес. Албетте, бул сөз эркиндигине доо кетириши мүмкүн. Бул өтө жаман окуя болду. Анда мыйзамдык жактан түшүнүксүз жагдайлар абдан көп. Окуянын кандай болгонун биз деле так биле албай жатабыз. Ушул жерден мен укук коргоо органдарын чакырат элем - бул маселени абдан кылдат жана калыс иликтеш керек. Бул нерсени биз коом катары талап кылышыбыз керек. Жалаң эле Айбек Кулчумановдун же дагы бир журналисттин кызыкчылыгы эмес, бул жерде жалпы коомчулуктун кызыкчылыгы турат.
Аида Касымалиеванын пикиринде, журналисттердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Ал ошондой эле бул иште талаш туудуруп жаткан дрондорду пайдалануу боюнча өлкөдө эреже же мыйзам жок экенин белгиледи:
- Дрон боюнча дагы бир талаш-тартыштуу маселе жаралып жатат. Буга чейин да дронду учуруу боюнча Британиянын, Американын тажрыйбаларын окуп чыктым. Негизи дронду колдонууда биздин өлкөдө кандайдыр бир эреже же мыйзам азырынча жок экен. Мыйзам же эрежелер так болгондо мындай окуяга кириптер болмок эмеспиз.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бул окуяга байланыштуу комментарий берип, маселени иликтөөдө милицияны эч кайсы тарапка жан тартпоого чакырды:
- Биз түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашашыбыз керек. Кыргызстанда ким гана болбосун, ал Матраимов болобу, Абылгазиевби же журналист болобу, мыйзамдан жогору болбошу керек. Мен Ош милициясынын жетекчилерине телефон чалып, бул иште тааныш-билиштикке же таасирге эмес, мыйзамга гана таянып иш алып барышы керек экенин айттым. «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинде так жазылып турат - коомчулукту кызыктырган маселени чагылдырууда журналистке эч ким тоскоолдук кылбашы керек. Ушул эле мыйзамдын 8-беренесинде «журналисттин маалымат алуу жана таратуу ишинде мамлекет гарант болот, аны эч ким чектей албайт» деп жазылып турат. Ал эми Жазык кодексинде болсо адамдын жеке жашоосун анын уруксатын албай туруп ачыкка чыгаруу жана маалымат чогултуу да мыйзамсыз экени жазылган. Ошондуктан бул маселеде чагымчылардын куралы болбой, эмоциялардан, кайым айтышуудан да милициянын терең жана калыс иликтөөсү абдан маанилүү. Өзгөчө Ошто жоон билектер үстөмдүк кылган окуялар улам болуп жатат, муну тартипке салып коюш кыйын эмес, бирок тиешелүү жетекчилердин ошого эрки жетпей жатканы өкүнүчтүү.
Жарандык коом уюмдарынын пикири
«Журналисттер» коомдук бирикмеси «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салууну айыптап, тынчсыздануусун билдирди. Бирикменин төрагасы Марс Төлөгөнов бул көрүнүштү басма сөз эркиндигине кол салуу катары сыпаттап, журналисттик иликтөөлөргө бут тосуу болуп жатканын айтты:
- Бул окуяны «Журналисттер» коомдук бирикмеси «Медиа полиси» уюму менен бирге жүргүзүп келген Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге карата укук бузуу боюнча мониторингге каттоого алдык. Оштогу өкүлүбүз Гүлзат Газиева маалыматтарды чогултууда. Топтоп бүткөндө, аны сайтыбызга жарыялайбыз.
«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду Ош шаарында «Азаттыктын» кызматкери кол салууга кабылып, жабдууларынын каракталышын жалпыга маалымдоо каражаттарына көрсөтүлгөн кысым катары баалады. Уюм ушул өңүттө билдирүү таратып, бул жагдай «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамга каршы келерин эскертти.
Аталган мыйзамга ылайык, журналисттин коомдун кызыкчылыгын туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына тиешелүү маалыматка жетишине чек коюуга жол берилбейт. Журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголо турганы белгиленген жана сын материалдарды даярдаганы үчүн журналист куугунтукка алынбашы керек.
Дагы караңыз Кулчумановго кол салуу: соцтармактагы резонанс«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду «Азаттыктын» кызматкери кабылган окуя укук коргоо органдары тарабынан кылдат текшерилип, тиешелүү баа берилерине үмүт артарын кошумчалаган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү Динара Ошурахунова бул окуя күч түзүмдөрүнө карата болгон ишеним маселесин козгогонун кеп кылды:
- Башкы прокуратура жана башка тийиштүү мекемелер муну терең иликтеп, аягына чыгарбаса, күч органдарына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, милицияга ишеним көрсөтпөөгө укуктуубуз.
8-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан.
Дагы караңыз Ошто «Азаттыктын» кабарчысын уруп, карактап кетишти«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгогон.
Ошол күнү кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тарткан.
Милиция журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазганын билдирген. «Азаттык» Райымбек Матраимовдун бул окуяга тиешеси бар же жогун өзүнөн азырынча тактай алган жок.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын айрым туугандары жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсү буга чейин 29-майда жарыяланган. Коомчулукта резонанс жараткан бул иликтөө дагы улантыларын буга чейин «Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукка жарыялаган.