Күлүктөрдү таптаган спорт мектеби

Ат спорту боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты "Күлүк" спорт мектебинин аянтчасында өттү.

Катышуучулар жаш-курагына жараша үч категорияда мелдешти. 30-50, 90-100 жана 120-130 см. бийиктикке секирип күч сынашты.

Мелдеште чабандестердин шамдагайлыгына баа берилди. Жыйынтыгында 50 сантиметрге чейинки бийиктикке секирүүдө София Костина Мырза-Тору аты менен айырмаланып, баш байгени утуп алды.

100 сантиметрге чейин секирүүдө Рамиль Турсунов Флай-Эвей аты менен жеңүүчү аталды.

130 сантиметрге чейинки бийиктикке секирүү боюнча Андрей Тряпицин Флоризель аты менен жеңишти камсыздаса, Ринат Галимов Турон аттуу аты менен 2-орунга ээ болду. Спорт чебери Ринат Галимов (сүрөттө солдон биринчи) бул жеңишке күчтүүлөр катышканын айтат:
"Бул турнир жогорку деңгээлде өттү. Болгариядан, Орусиядан, Абхазиядан катышкандар болду. Ошондой эле, Казакстандын курама командасы да катышты. Бирок оюнда күчтүүлөр жеңди. Жыйынтыкка ыраазымын. Менин Долон жана Коланда аттуу эки жаш тулпарым мелдешке чыкты. Алардын биринчи, экинчи орунга жетишкенине да кубанып турам", - деди ал.

"Күлүк" спорттук мектеби 1958-жылы уюштурулган.

Кыргызстандагы ат спорту боюнча мелдештер дал ушул мектептин аянтчасында өтөт.

Спорттук мектепте машыктыруучу спортчуну ат үстүндөгү чеберчиликке, аны башкарууга үйрөтөт. 

Спорт мектепте 49 ат багылат.

Күлүктөр кармалган сарайдын ичи.

Мектепте күлүктөр үчүн атайын машыгуучу шаймандар бар. "Басма жай" деп аталган бул шайман атайын бөлүкчөлөрдөн туруп, тынбай айланып турат. Мында ар бир ат күн сайын жарым сааттан машыгат.

Чабандестер арасында эркек балдар басымдуулук кылат. Акыркы жылдары ат спортуна кызыккан кыздардын да катары калыңдап барат.

Спорт мектебинде учурда жалпысынан 311 бала тарбияланат. Алар классикалык ат оюндарынан башка, жеңил атлетика, фехтование жана ок атуу боюнча машыгышат.

Жекшембиде Бишкектеги "Күлүк" олимпиадалык резервинин адистештирилген мектебинде ат спорту боюнча баш калаанын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдешке жеткинчектер да катышты.