Футболду көркүнө чыгарган күйөрмандар
Кыргызстан курама командасынын күйөрмандары.
Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу менен Түштүк Корея курама командасынын оюнчусу Ханг Хи Чан.
Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай, Абу-Даби, Ал-Айн шаарларында жашаган жаштар чогулуп, Кыргызстан - Түштүк Корея курама командаларын көрүү үчүн келишкен.
Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышууда. "Ак шумкарлар" буга чейин бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген.
Түштүк Корея курама командасын колдоп келген сулуу.
Оюн алдында башкы машыктыруучу Александр Крестинин дарбазачыны алмаштырып, Павел Матяш жана Валерий Кашуба күйөрмандардын катарын толуктады.
Бириккен Араб Эмираттарына кыргыз футболчуларын колдоп Кыргызстандан 200дөй футбол күйөрмандары келген. Алардын арасында СССРдин спорт чебери, 1960-70- жылдардагы “Алга” командасынын легендарлуу чабуулчусу Юсуп Мусаев да бар.
Ал-Айн шаарындагы "Хазза бин Зайид" стадиону 25 миң адамга ылайыкталган.
"Ак шумкарлар" кийинки оюнду 16-январда Филиппин командасына каршы ойнойт.
Учурда "С" тайпасында Кытай менен Түштүк Корея командаларынын алтыдан упайлары бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде упай жок.
Маанайы чөккөн күйөрман.