ТИМ элчинин ишине нота менен жооп берди

Женгиз Камил Фырат.

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын акыркы аракеттерине байланыштуу Түркияга нота тапшырды.

Министрлик элчини Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө жана өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого чакырды. Түрк элчиси бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Женгиз Камил Фырат 5-июнда Төмөнкү Орок айылында жергиликтүү тургундар арасында топтошкон мушташ чыккан жерге барган. Ал чыр чыккан айылда элчиликтин кызматкери болгонун, айылга анын чакыруусу менен барганын айткан.

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине 6-июнда чакыртылды. Анда министрлик элчини Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө, Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлоого чакырып, Түркияга нота тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев айтып берди:

Уланбек Дыйканбаев.

«2019-жылдын 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчинин, Женгиз Камил Фырат мырзанын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарапка министрликтин нотасы тапшырылды».

5-июнда Төмөнкү Орокто айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кетип, анын айынан топтошкон мушташ чыккан. Бул боюнча 30дан ашык киши кармалып кайра коё берилди. Мушташка катышкандардын арасында түрк улутундагы адамдар да болгон.

Ушул эле күнү кечинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Төмөнкү Орок айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Журналисттер менен болгон маегинде элчи аталган кыштакка элчиликтин кызматкеринин чакыруусу менен барганын жана ал мушташ учурунда талкаланган үйдүн ичинде болгонун, анын үстүнө кош бойлуу да экенин айткан.

Биздин кызматкерибиз чыр чыккан жерде болчу.

«Биздин кызматкерибиз чыр чыккан жерде болчу. Биз бул боюнча Ички иштер министрлигине (ИИМ) кабар берип, элчиликтин кызматкери ушул айылда экенин айттык. Милициядан ага жардам берүүнү сурап, өзүбүз да келдик. Албетте, биз кызматкерибиз үчүн келдик. Андан тышкары жергиликтүү тургундардын оорукана жана башка муктаждыктары жокпу, билели дегенбиз. Силер биз жакында эле айылдын жашоочулары менен бул тууралуу сүйлөшкөнүбүздү билсеңер керек. Эгер кандайдыр бир муктаждыктары болсо мүмкүн биздин жардамыбыз тийип калабы дегенбиз».

Женгиз Камил Фыраттын маалыматына караганда, ал айтып жаткан элчиликтин кызматкери Кыргызстандын жараны жана Орокко туугандарыныкына айттап барган.

Бирок чыр чыккан айылга элчинин барышы кыргыз коомчулугунун сынына кабылды. Социалдык тармактарда Женгиз Камил Фыраттын мушташ чыккан кыштакка барышы жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу айрым колдонуучулар тарабынан Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары бааланып жатат.

Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов элчинин бул аракетин «дипломатиялык этиканы одоно бузуу» катары сыпаттады:

Мамбетжунус Абылов.

«Ороктогу чырга аралашкандар - бир эле айылдын тургундары. Ал эми айылда жашаган түрк улутундагы жарандар - Кыргызстандын жарандары. Элчи түрктөр Кыргызстандын жараны экенине карабастан уруш чыккан жерге барып дипломатиялык этиканы одоно бузду. Эгер ал жерде Түркиянын ишкерлери же Түркиянын жарандары кыргыздардан запкы тартып жатса - элчи эмес, консул барышы керек. Анткени дипломатиялык кызматта консул жарандардын укугун, экономикалык иштерде алардын кызыкчылыгын коргойт. Бул элчинин эмес, түздөн-түз консулдун жумушу».

Мурдагы дипломат Мамбетжунус Абылов «калайман мушташ учурунда кызуу кандуу адамдар кокусунан элчиге кол салса чоң чыр чыкмак» деп, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги элчиге катуу чара көрүшү керек экенин билдирди.

Бул Кыргызстанда Женгиз Камил Фыраттын аты аралашкан биринчи чуулуу окуя эмес. 12-майда эле элчинин Кыргызстандын муфтийи баштаган дин кызматкерлерине кескин таарынычы чагылдырылган тасма тараган. Видеодо ал ооз ачыруучу тарапка - Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевге «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар» деп кескин билдирүү жасап имараттан чыгып кеткени тартылган.

Көп өтпөй түрк бийлиги бул боюнча билдирүү таратып, окуя 8-майда муфтият уюштурган ооз ачарда болгонун, ага ФЕТӨ/FETO (Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт – ред.) башчыларынын чакырылганы алгылыксыз экенин белгилеген. «Бул абалды байкаган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ошого жараша мамиле кылган жана ал туура болгон» деп жазылган билдирүүдө.

Мурдагы атайын элчи Тилектеш Ишемкулов кандай болгон күндө да элчи эки өлкөнүн ортосундагы көпүрө экенин, түрк элчисинин иштери эч бир дипломатиялык эрежелерге сыйбай турганын эске салды:

Тилектеш Ишемкулов.

«Элчинин бул иши дипломатиялык талаптарга, дипломатиялык катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына туура келбейт. Бул конвенцияда элчилер кандай шартта кандай аракет кылышы керек, эмне маселени чечиш керек - бардыгы жазылган».

Ошол эле учурда Женгиз Камил Фыраттын иш-аракетинде Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү жок деп эсептегендер да бар. Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талантбек Кушчубеков бул тууралуу өз пикирин ортого салды:

«Элчи окуя болуп жаткан жерге ал жактагы абалды билиш үчүн кызыгып барган чыгар. Ал уруш чыккан жердеги абалды курчутуш үчүн барган жок да? «Талаш эмнеден улам келип чыккан, эмне талаш болуп жатат деген суроолор менен барды деп ойлойм. Муну ал биздин саясатка түздөн-түз кийлигишип жатат деп айтууга болбойт. Анткени элчи бул иш боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, кандайдыр бир маалымат берсе бир жөн».

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине ушуну менен экинчи ирет чакыртылды. 2018-жылы министрлик аны коомчулукка объективдүү маалымат жеткирүүгө чакырган.

Ал түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын былтыр Кыргызстанда өткөн расмий сапарынан кийин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү каралып жатканын кабарлаган. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги андай сүйлөшүү болбогонун билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.