Аксы: чатырда жашаган сегиз үй-бүлө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аксыда жаз айында селден жабыркаган сегиз үй-бүлө чатырларда жашап жатат. Азырынча аларга жер тилкеси жана ссуда маселеси да чечиле элек. Жашоочулар өкмөт башчы келип кеткенден кийин деле абал өзгөрүүсүз калып жатканына кейип турушат. Район боюнча 215 турак жай кооптуу деп табылган.