Аксыдагы окуучулардын мушташы

Иллюстрациялык сүрөт.

Аксы районундагы мектеп окуучуларынын мушташын милиция териштирип жатат. Ал арада социалдык тармактарда топ балдар биригип окуучуну тепкилеп жатканы тартылган видео коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Интернетке тараган видеодо топтошкон окуучулар бир баланы ортого алып тепкилеп жатышканын көрүүгө болот. Ыйлап, ары-бери качкан баланы чогулгандар аяшкан эмес.

Бул окуя өткөн айда болгонун милиция ырастады. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев териштирүү иштери башталганын айтты:

Нурдин Жээнтаев.

«7-февралда болжол менен кечки саат тогуз чамасында милицияга Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери 15 жаштагы бала жаракат алып ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Бул маалымат боюнча жүргүзүлгөн баштапкы териштирүүдө окуя 6-февралда болгону аныкталган. 9-класста окуган алты бала классташын «чоң балдарга кошулбай, биз менен чогуу жүр» деп урганы такталган. Бул окуя боюнча топтолгон материал Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Ошондой эле окуяга тиешеси бар шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн».

Аксы районунда өспүрүмдөр жалгыз баланы аёосуз сабап жаткан видео Интернетке 11-мартта тараган. Тасма «ишке таасирдүү адамдар аралашып, жаап коюшту» деген текст менен коштолгон. Бирок ички иштер бөлүмү бул сөздөрдү четке какты. Нурдин Жээнтаев жабырлануучунун апасы милицияга тосмо арыз бергенине карабай иш акырына чейин тергеле турганын айтты:

«Бул иш боюнча жабырлануучунун апасы мыйзамдуу өкүл деп табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок тосмо арыз канааттандырылган эмес. Учурда соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгып, сотко жиберилгени жатат. Социалдык тармактарга тараган видеодогу «таасирдүү адамдар ортого түшүп, ишти жаап салышкан» деген пикир чындыкка дал келбейт жана милиция бул ишти толук, калыс жана ар тараптуу териштирип чыгат. Бул факт боюнча аймактык ички иштер органы кызматтык иликтөө жүргүздү. Натыйжада милициянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы жана алдын-алуу иштерин начар жүргүзгөнү үчүн сөгүш жарыяланган».

Авлетим айылындагы №5 Асанбек Кабаев атындагы мектеби.

Окуучулары чырга аралашкан Авлетим айылындагы №5 Асанбек Кабаев атындагы мектепте миңге жакын окуучу билим алат. Ал аймактагы алдыңкы мектептердин бири катары белгилүү.

Окуучулардын мушташынан кийин билим уясында түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрым мугалимдер жумуштан четтетилген. Мектеп директору Кененбай Шабданов буларды айтты:

«Мушташка 9-класстын алты окуучусу катышкан. Чыр балдар арасында лидерликти талашуудан чыгып, чагымчылыктын айынан бир баланы уруп коюшкан. Окуя айыл өкмөттүн жанындагы курулушу бүтө элек спорт залдын ичинде болгон. Аны дагы бир окуучу телефонуна тартып алган экен. Бул окуя ошол эле күнү териштирилип, ата-энелердин чогулушу өткөн. Азыр балдар элдештирилип, окуусун мурунку калыбында улантып жатышат. Окуядан кийин райондук деңгээлде жыйын өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн».

Дагы караңыз Мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты

Жабыркаган окуучу - Авлетим айылындагы мигранттын баласы. Атасы көптөн бери Орусияда иштеп жүрөт. Сөз болуп жаткан окуучу - үй-бүлөдө беш бир туугандын ортончусу. Жабырлануучунун апасы тосмо арыз жазып берүү туугандарынын чечими экенин айтып, айылдаштарына дооматы болбогонун билдирди.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Эмилбек уулу мектептен кийин окуучулардын жоопкерчилиги ата-энелерге тийиштүү экендигин билдирди:

Талантбек Эмилбек уулу.

«Бул сабактан кийин саат 4төр чамасында болгон. Мектепте ата-эне, окуучу, мугалимдин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлгөн. Ага ылайык окуучуларга эртең менен саат 8:30дан түшкү 13:30га чейин окуу убагында мугалим, андан кийин ата-эне жоопкерчилик алат. Буга чейин да Аксыдагы топтошкон кыздардын мушташынан соң жалпы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштер жүргүзүлгөн. Учурда бул багытта тергөө жүрүп жатат. Буга жоопкерчиликти ата-эне алышы керек, анткени окуя мектептин тышында болуп жатат».

Кийинчерээк Билим берүү министрлиги мектеп директору Кененбай Шабданов «иш милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылып, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жетиштүү жүргүзбөгөнү үчүн ээлеген кызматынын бошотулганын» кабарлады.

Дагы караңыз Урушкан кыздар үчүн мугалимдер иштен кетти

Өткөн жылдын ноябрь айында Аксы районундагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектепте кыздардын ортосунда да мушташ чыккан. Буга байланыштуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору жана бир топ мугалимдер кызматтан алынган болчу.

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Айтмамат Оморов мындай окуяда мугалимди гана жоопко тартуу туура эмес деп эсептейт.

«Биздеги билим берүү системасы СССРден бери өзгөрбөй келатат, - деди ал. - Анткени мектептен сырткары окуучулардын терс жүрүм-туруму үчүн мугалимдерди жазалоо таптакыр туура эмес. Мугалим окуусуна даярданып, балдарга билим береби же ар бир окуучунун артынан чуркап жүрөбү? Мында ата-эненин да жоопкерчилигин караш керек. Бул окуяларга коомчулук күнөөлүү деп ойлойм. Балдар улуулардан укканын жана көргөнүн кылат. Өлкөдөгү экономикалык-саясий абал да ага таасирин берүүдө. Депутаттар өздөрү мушташып жатпайбы. Аны көргөн муун кандай тарбия алышы керек? Ошондуктан жогорудагы окуяларда жоопкерчиликти коомчулук жана ата-эне алышы керек. Азыр балдар мектептен кийин бош болуп, ар кандай иштерди кылып жатышат. Айрым мектептерде балдардын сабакка болгон кызыгуусу жок. Бул маселе жалпыбызды ойлондурушу керек».

Ал эми балдар менен иштеген атайын адистер ата-энелерди балдарын дайыма көзөмөлдөп турууга чакырып жатышат. Ошондой эле мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тоголок кат салган кутуларды уюштуруу да мындай көрүнүштөрдүн алдын аларын белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​