Жети дубандагы айт намаз

Айт намазын окуу үчүн Бишкектеги Эски аянтка 30 миңден ашуун адам келди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт намазын Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып окуду. 
 

Бишкекте айт намаз таңкы саат 07:30да башталды. 

Бишкектеги Эски аянт. 

Бишкектеги айт намаз. 

Быйыл муфтияттын чечими менен аймактарда айт намазы мечиттерде гана окулду.

Ош шаары.

Баткенде Айт намазына жыгылгандар шаардагы төрт мечитке барышты. Буга чейин алар борбордук аянтта жана стадиондо окушчу. 

Баткенде мечиттерге батпай сыртта калгандар болду. 

Баткенде айт намазына чогулгандарга үй-бүлө баалуулуктарын кармануу, жетим-жесирди колдоо жана балдарды зордук-зомбулуктан сактоо жаатында насааттар айтылды. 

Талас шаарында айт намазды борбордук "Ааль Альбайт" мечитинде окушту. 

Талас шаары.

Талас облустук мусулмандар казыятынын өкүлү Касым Сыдыков билдиргендей, айт намазга алты миңге чукул адам катышты.  

Орозо Айт майрамына карата Жалал-Абад шаарындагы борбордук мечиттерде айт намазы окулду.

Калаа башчысы Мураталы Тагаев шаардагы Имамалбухари мечитинде болуп, жалпы мусулмандарды Айт майрамы менен куттуктады.

Жалал-Абаддагы айт намазга 600дөн ашык киши келген. 

Кыргызстанда 5-июнда Орозо айт майрамы белгиленди.